Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook
Мазмунга өтүү

Камерун

Википедия дан

Камерун Республикасы
фр. République du Cameroun
англ. Republic of Cameroon

Герб
Туу Герб
Урааны: «фр. Paix, Travail, Patrie, англ. Peace - Work - Fatherland (Тынчтык, Эмгек, Мекен)»
Гимн: «Биримдик ыры»
Эгемендүүлүк күнү 1-август 1960-жыл

Франциядан жана Британиядан)

Расмий тили француз тили жана англис тили
Борбор шаары Яунде
Ири шаарлар Яунде, Дуале
Башкаруу формасы Президенттик башкаруу системасы
Президент
Премьер-министр
Поль Бийя
Жозеф Нгют
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
53-орун - дүйнөдө
475,442 км²
0,57
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

30,966,105 адам (51-орун)
39,7 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2024)
  • Ар бир жанга

141,930 млрд $ (94-орун)
4,840 $ (155-орун)
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

53,210 млрд $ (91-орун)
1,810 $
АДӨИ  0,587 (жогору) (151-орун)
Акча бирдиги Борбордук Африка КФА франкы
Домени .cm
ISO коду CM
ЭОК коду CMR
Телефон коду +237
Убакыт аралыгы UTC +01:00

Камерун (фр. Cameroun, англ. Cameroon), расмий аталышы — Камерун Республикасы (фр. République du Cameroun, англ. Republic of Cameroon ) — Борбордук Африканын батышында жайгашкан мамлекет.

Түштүк-батышында Атлантика океанынын Гвинея булуңунун бир бөлүгү болгон Бонни булуңунун суулары менен чулганат.

Борбору — Яунде шаары.

1960-жылдан тартып БУУ[1], 1963-жылдан тартып Африка бирлигинин[2], 1963-жылдан тартып ЭВФ[3], 1963-жылдан тартып ЭРӨБ[4], 1995-жылдан тартып БСУ[5], 1995-жылдан тартып Улуттар Шериктештигинин мүчөсү.

Камерундун байыркы калкы пигмийлер болгон. Кийин түштүк аймактарына бенуэ-конголук уруулары жана банту эли келип отурукташкан. XV кылымда чад элдерине таандык масла уруулары азыркы Камерундун аймагына келип жайгашышкан. Жергиликтүү калктын европалыктар менен биринчи жолушусу 1472-жылы болгон.

XVII кылымдын башында азыркы Камерундун түндүгүндө Мандара деп аталган алгачкы феодалдык мамлекет түзүлгөн. 1715-жылы Мандаранын башкаруучусу мусулман даватчыларды өз өлкөсүнө киргизип, Мандара султандыкка айланган.

XVII кылымда атлантика элдерине таандык фулани эли Камерундун түндүгүнө отурукташа баштаган. XIX кылымда фулани элинин жыхадынын аркасында дээрлик бардык түндүк Камерун мусулман мамлекетинин бир бөлүгү болуп калган, бул мамлекеттин борбору түндүк Нигериянын аймагында жайгашкан.

1884-жылга чейин Камерундун бүт аймагы көз карандысыз уруу башчыларынын бийлиги астында болгон, алардын ичинен дуала элинин уруу башчылары эң жогорку бийликти ээлешкен. Кийин үч немис фирмасы Дуала шаарынын аймагында жогорку бийликке ээ болуп, бийликти немис өкмөтүнө өткөрүп беришкен. 1884-жылдан 1916-жылга чейин Камерун Германиянын колониясы болгон. 1916-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда бул аймакты англис жана француз аскерлери басып алган. 1922-жылы июлда Улуттар Лигасы Британияга, Францияга башкаруу мандатын берген жана Камерун Британия менен Франциянын ортосунда экиге бөлүнгөн.

Жергиликтүү калк колонизаторлорго каршы көтөрүлүштөрдү 1922-жылы, 1928-1929 жж., 1931-жылы уюштурушкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин улуттук-боштондук кыймылы күчөгөн.

Өлкөнүн аймагы экватордун түндүгүндө жайгашкан. Жээк тилкесинин узундугу болжол менен 320 км. Түндүк-батышынан Нигерия, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Чад, чыгышынан Борбордук Африка Республикасы, түштүгүнөн Габон, Конго Республикасы жана Экватордук Гвинея менен чектешет. Өлкөнүн эң бийик 4040 метрге жеткен чекити Фако тоосунда жайгашкан.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социалдык тармагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]