Гавайи
Гавайи — АКШнын Тынч океандын Гавайи аралдарындагы штаты (1959- жылдан). Админ, борбору — Гонолулу (Оаху аралында).
Аянты 16,7 миң км2. Табияты жөнүндө - Гавайи аралдары. Гавайи.— Тынч океандын түндүгүндөгү маанилүү транспорт тоому; ал аркылуу АКШны жанa Канаданы Чыгыш Азия, Филиппин, Австралия жанa Жаңы Зеландия менен байланыштырган жол өтөт. Негизинен ананас, шалы, бал камыш, кофе, сизаль, банан жана гүл өстүрүлөт. Иштетилүүчү 1 млн га жердин 96,5% амер. компаниялар менен ири жер ээлериники. Туризм өнүккөн.
Дагы окуңуз
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977.
- Jones, Daniel. (1997) English Pronouncing Dictionary, 15th ed. Cambridge University Press. ISBN 0-521-45272-4
Булактар
түзөтүү
Тышкы шилтемелер
түзөтүү- Штаттын расмий сайты. Archived 2024-02-09 at the Wayback Machine