Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook
Мазмунга өтүү

Президент

Википедия дан

Президент (лат. алдыда олтуруучу)

1. шайлануучу мамлекет башчысы;

2. мекемени, коомду жетектөө үчүн шайланган төрага;

3. корпорациянын, компаниянын жогорку кызматтагы башкаруучусу.

Аскар Акаев & Джо́рдж У. Бу́ш (2002)

1990-жылы 22–30-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин кезексиз сессиясында биринчи жолу президент маселеси каралган. 1990-жылы 24-октябрда «Кыргыз ССРинде Президенттик кызматты түзүү жөнүндө» Мыйзам кабыл алынып, 27-октябрда парламент Кыргызстандын туңгуч Президенти Аскар Акаевди шайлоо менен коллегиялдуу мамлекет башчысынын ордуна жеке кызмат оруну – президент киргизилген. Парламент шайлаган президенттин ыйгарым укуктарын, президенттик бийликтин мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында 1991-жылы 12-октябрда көз карандысыз, эгемендүү мамл. башчысы мамл. түзүлүш жөнүндөгү маселени чечкен. 1993-ж. 5-майда эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алуу менен совет системасы толугу менен жоюлуп, президенттик бийлик орногон. 1995-жылы 24-декабрда элдик шайлоо жолу менен Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев шайланган. Бул Конституцияга ылайык президенттин биринчи мөөнөтү деп эсептелген. 1996-жылы 10-февралда өткөрүлгөн референдумдун негизинде президент статусунун өзгөрүлүшү менен президенттик «күчтүү» бийлик орноп, Кыргыз Республикасы парламенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөн. 2000-жылы 29-октябрда президентикке Аскар Акаев экинчи мөөнөткө кайра шайланган. 2003-жылы 2-февралдагы жалпы элдик референдумда Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевге дагы бир жолу ишеним көрсөтүлдү.

2004- жылдын 24-мартында элдик революция болуп, президенттикке Курманбек Бакиев дайындалган.
2008- жылдын 28- июлунда президенттик шайлоо өтүп, анда да К. Бакиев жеңип чыккан.

2010-жылдын 7- апрелинде кайра элдик революция болуп, бийликке убактылуу өкмөт келип, президенттикке Роза Отунбаева келет.

2011–жылы декабрь айында Р. Отунбаева бийликти шайлоонун негизинде утуп чыккан Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди.

Президенттер хронологиясы
Жыл Аты-жөнү
1991 - 2005 Аскар Акаев
2005 - 2010 Курманбек Бакиев
2010 - 2011 Роза Отунбаева
2011 - 2017 Алмазбек Атамбаев
2017 - 2020 Сооронбай Жээнбеков
2021 - азыркы учурда Садыр Жапаров
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.