Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook
Мазмунга өтүү

Амирбек Усманов

Википедия дан

Амирбек Азам уулу Усманов - Кыргызстандын таанымал журналисти жана публицисти. Ал котормочулук менен да алектенет.

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1956-жылы 25-мартта Ош облусунун Фрунзе районундагы (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы) Чаувай айлында туулган.

1973-жылы Бишкектеги спорттук жатак мектепти бүткөн соң бир жыл Айдаркендин жанындагы Ормуш айлындагы орто мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеген.

1974-1976-жылдары Баку жана Тбилиси шаарларында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1978-1983-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербургдагы) Вознесенский атындагы каржы (финансы) жана экономика институтунда окуган.

1983-1989-жылдары Кыргызстан Мамлекеттик статистика комитетинде иштеди.

1989-жылдан 1994-жылдын ортосуна чейин Кыргыз Телерадио компаниясында (КТР, азыркы Кыргыз улуттук телерадио корпорациясы - УТРК) иштеди, аталган компанияда 1993-1994-жылдары вице-президент кызматын аркалады.

1994-жылы көз каранды эмес “Дасмия” мааалымат каражаттар тармагын уюштурууга катышып, “Дасмия” үналгысынын деректири да болуп иштеди.

1995-жылдын 1-майынан тартып Германиянын Мүнхен шаарындагы “Азаттык үналгысынын” башкеңсесинде кызматкер болуп иштей баштады.

1995-жылы 30-майда бул компания Мүнхенден Чехиянын ордосу Прагага көчүрүлүп, ошондон тартып ал азыркыга чейин Прага шаарында жашап жана ушул радиодо кызматкер болуп иштеп келет.

Бир катар жылдар “Азаттык үналгысынын” деректиринин орун басары милдетин да аркалады.

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Зинагүл Усманова.

Уулдары - Сейитбек Усманов, Муктар Усманов.

Кызы - Саадат Жаанбаева (кыз кезиндеги фамилиясы - Усманова).

Неберелери бар.

Учурда (2013-жылы) тун уулу Сейитбек Усманов АКШда магистрлик билим алууда.

Чыгармачылыгы. Котормочулугу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто кылымдардагы фарсы тилдүү калктардын маданий бермети болгон айтылуу “Кабуснаме” чыгармасын орус тилинен кыргызчага которуп, бул котормо китеп 2009-жылы Бишкекте жарыкка чыкты.

Чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте жазган "Кыргызстан тарыхы күбөлөрдүн көзү менен" аттуу даректүү китеп 2013-жылы Прагада чех тилинде, Бишкекте орус тилинде жана 2014-жылы кыргыз тилинде жарык көрдү.

2013-жылы "Чаувайдан Чехияга канат кагып..." аттуу публицистикалык жыйнагы жарыяланган.

"Түндүк Америка: индей туугандарыбыздын керемет жомоктору"(Адабиятташтырып жазган Жозеф Бручек) деген котормосу "Улуу Тоолор" басмасынан 1921-жылы чыкты. Жыйнак америкалык индей жазуучусунун уруксаты менен англис тилинен которулган.

Теги испан орусиялык жазуучу, 2014-жылдан бери Израилде жашаган Рубен Давид Гонсалес Гальегонун "Турмуштун куурал-жыргалы" (орусча аталышы "Белое на чёрном") деген автобиографиялык чыгармасын которуп, повесть 1921-жылы "Китеп.kg" басмасынан жарык көрдү. Бул китеп мурда дүйнөнүн 24 тилине которулган.

Экономикалык жана социалдык көйгөйлөргө, диний турмушка жана башка темаларга арналган жүздөгөн публицистикалык макалалардын автору.

Наамдары. Сыйлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору (2018).

Эмгектеринин кыскача тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]