Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook
Мазмунга өтүү

Аяз кучагы

Википедия дан
Аяз кучагы
англ. Frozen
Жанры

comedy drama, музыкалык тасма, Кинокомедия, coming-of-age fiction, film based on literature, фэнтези тасма и Үй-бүлөлүк фильм

Сиквели

Аяз кучагы 2 (2019)

Режиссёру

Chris Buck,
Jennifer Lee

Продюсери

Peter Del Vecho,
John Lasseter

Сценарийдин
автору

Jennifer Lee

Негизинде

The Snow Queen

Композитору

Kristen Anderson-Lopez, Robert Lopez, Кристоф Бек, Kristen Anderson-Lopez, Robert Lopez и Кристоф Бек

Оператору

Scott Beattie и Mohit Kallianpur

Студиясы

Уолт Дисней студиясы

Өлкө

АКШ

Дистрибьютору

Walt Disney Studios Motion Pictures

Тили

Аңглисче

Узактыгы

102 мүнөт

Жылы

2013

Бет ачаары

19 ноябрь 2013

Бюджети

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Кирешеси

Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

IMDb

ID 2294629

Rotten Tomatoes

m/frozen_2013

https://frozen.disney.com/
Frozen (2013 film)

«Аяз кучагы» (англ. Frozen) — 2013-жылы Walt Disney Animation Studios өндүргөн жана Walt Disney Pictures аркылуу жарыкка чыккан компүтерде анимацияланган Американын музыкалык кызыктуу окуясы. Ал Disney компаниянын 53чү анимацияланган тасмасы болуп саналат. Ганс Христиан Андерсендин «Кардуу сарайдын королевасы» (англ. The Snow Queen) жомогунан таасирленген анимацияланган тасмада алыс жерлерге качып кеткен эжесин издеп жаш жигит, ишенимдүү бугу жана аңкоо акылдуу кардан адам менен бирге сапарга чыккан тоо жүрөктүү канбийкенин окуясы баяндалат.

«Аяз кучагы» чыгуудан мурун (2011) бир канча жолу өзгөртүлүп түздөлгөн, анын сценарийин Женнифер Ли жана Крис Бак жазган. Кристен Белл, Идина Мензел, Жонатан Грофф, Жош Гад жана Сантино Фонтана анимацияланган тасманын каармандарынын үндөрүн коштогон. Disney компаниянын сыйлыкка ээ болгон «Кагаздан адам» (англ. Paperman, 2012) кыска метраждуу анимацияланган тасма боюнча иштеген Кристоф Бек «Аяз кучагы» үчүн оркестрдик композицияларды жазган, ошол эле учурда Роберт Лопез менен жубайы Кристен Андерсон-Лопез тасмага ыр жазуу менен алек болушкан.

«Аяз кучагы» анимацияланган тасма көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде: Оскар сыйлыгынын эки номинациясы — «Эң мыкты анимацияланган тасма» жана «Эң мыкты түп нуска ыр» («Кое бер»; англ. Let It Go), «Алтын глобус» сыйлыгынын «Эң мыкты анимацияланган тасма», BAFTA сыйлыгынын «Эң мыкты анимацияланган тасма» номинациясы, беш «Энни» сыйлыгы (анын ицинде «ң мыкты анимацияланган тасма» номинациясы), "Грэмми" сыйлыгынын эки номинациясы — «Мультфильмге жаздырылган эң мыкты саундтрек жыйнагы» жана «Мультфильмге жаздырылган эң мыкты ыр» («Кое бер»; англ. Let It Go), Critics' Choice Award сыйлыгынын эки номинациясы — «Эң мыкты ыр» («Кое бер») жана «Эң мыкты анимацияланган тасма».

«Аяз кучагы» тасманын экинчи кыска уландысынын бетачары «Муздуу калгыратма» (англ. Frozen Fever) 2015-жылдын 13-мартында өткөн. «Олафтын кызыктуу окуясы» (англ. Olaf's Frozen Adventure) аталышындагы кыска майрамдык тасманын бетачары Pixar компаниянын «Коко» (англ. Coco) мультфильмы менен кошо 2017-жылдын 22-ноябрында өтөт. 2015-жылдын 12-мартында тасманын толук метраждуу уландысынын чыгышы жарыяланган, анын директорлору ишке кайра кайткан Бак менен Ли болгон, продюсери катары Питер Дель Вечо дайындалган. Анимацияланган тасманын чыгышы 2019-жылдын 27-ноябрга белгиленген.