ВЛКСМ борбордук комитети
ВЛКСМ борбордук комитети - комсомолдун съезддер аралыгындагы жогорку жетекчи органы.
Ал ВЛКСМ дин бүткүл союздук съездннде шайланат. ВЛКСМ БК өз ишин КПСС БК-нын жетекчилиги менен жүргүзүп, комсомолдун жанa жерг. комсомол уюмдарынын бүткүл жумушуна жетекчилик кылат, мамл. жанa коомдук мекемелер менен уюмдарга ВЛКСМднн атынан өкүлдүк кылат; өзүнүн борб. басма сөз органдарын жанa алардын редакцияларын бекитет; комсомолдун бюджеттик каражаттарын бөлүштүрүп, чыгымдалышын көзөмөлдөйт. ВЛКСМ БК өз иши жеринде комсомол уюмдарын кабардар кылып турат жана ВЛКСМдин бүткүл союздук съездине отчёт берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.