Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook
Мазмунга өтүү

Камчадалдар

Википедия дан
Камчадалдар.

КамчадалдарКамчатканын жергиликтүү калкы. Саны 2,3 миң киши, анын ичинен 1,9 миңи Камчаткада, 314ү Магадан облусунда, 132си Коряк автономия округунда жашашат (2002). Орус тилинде сүйлөшөт. Камчадалдар 18—19-кылымда Камчатка жарым аралына көчүп келген орустар менен аралашып кеткен Камчатка жана Магадан областынын жергиликтүү калкынын (ительмендер) тукумдары. Камчадалдар балык уулоочулук жана аңчылык менен кесиптенишип, багыш өстүрүшөт. Тамак-ашы — негизинен балык азыктары. Камчадалдардын салттуу маданияты ительмендердикине жакын. Улуттук майрамы — Алхалалай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]