Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook
Мазмунга өтүү

Медералиев Жумабек

Википедия дан

Медералиев Жумабек - кыргыздын заманбап жазуучусу, котормочу жана редактор.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Доскулу айылында 1957-жылы 24-январда туулган. 1974-жылы Жумгал орто мектебин, 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1978-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде корректор болуп иштөө менен баштаган.

1979–1985-жж. «Ленинчил жашта» кабарчы, бөлүм башчы, 1985–1987-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинде улук редактор, 1987–1988-жж. «Мектеп» басмасында Өспүрүмдөр жана жаштар көркөм адабияты редакциясынын улук редактору, бөлүм башчысы болгон.

1988–1992-жж. «Адабият» басмасында Балдар жана жаштар көркөм адабияты редакциясынын бөлүм башчысы болуп иштеген.
1992–1998-жж. «Акыл» Мамконцернинде башкы редактор, Басмалар жана китеп соода башкармалыгынын начальниги, тармактын «Нуска» гезитинин башкы редактору кызматтарын аркалаган.

1998–2000-жж. «Акыл» АКнын «Ала-Тоо» басмасынын башкы редактору болгон.

2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын Басма сөз кызматынын улук консультанты болгон.
2001–2002-жж. «Асаба» гезитинин башкы редактору болгон.

2002–2005-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр жыйынынын Редакциялык-басма иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган бөлүмүнүн эксперти болуп эмгектенип келет.

1970-жылдан ырлары, аңгемелери республикалык гезит-журналдарда жарыяланып келет.

Ал орус, белорус, кытай, жапан, фин жазуучуларынын аңгемелерин, орус эл жомокторун которуп жарыкка чыгарган.
Түстүү сүрөттүү «Кыргыз оймолору» («Акыл», 2000-ж.), «Эл өкүлү» («Учкун», 2004-ж.), «Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү» (USAID – «Учкун», 2006-ж) китептеринин авторлорунун бири.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, «Манас – 1000» эстелик медалы менен сыйланган.

1990-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Боор толгоо. Аңгемелер: – Ф.: Адабият, 1989. – 120 б.
  • Бышмана. Повесттер, аңгемелер жана новеллалар: – Б.: Акыл, 1998. – 284 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алексеев С. Маршал Жуков жөнүндө аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 36 б.
  • Лехтонен Й. Табышмактуу сепил. – Ф.: Адабият, 1990. – 120 б.
  • Силердин укугуңар: Аңгемелер. – Б.: «Сорос – Кыргызстан» фонду, 1995. – 64 б.
  • Блаватская. Е.П. Чыгыш берметтери. – Б.: Кыргызстан, 2004. – 400 б.
  • Милитонян Э. Арег балакай менен Чипонун укмуштуу жоруктары: Аңгемелер. – Б.: Учкун, 2007. – 66 б.

Редакторлук кылган китептер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чороев К.К. Жылдыздар кайтып келишет / Жооптуу редактор Жумабек Медералиев. - Бишкек: Турар, 2014. ISBN 978-9967-15-367-7. - 278 бет, сүрөттөр.
  • Чороев К.К. Дөөлөт таңы: Повесть, аңгеме, новеллалар, эскерүүлөр / Редактор Жумабек Медералиев. - Бишкек: Турар, 2015. - ISBN 978-9967-15-497-1. - 304 бет, сүрөттөр.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • *Кыргыз Республикасынын жазуучулары /Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]