Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook
Мазмунга өтүү

Медөө

Википедия дан
Топтуу хоккей 2011
2017 Кышкы Универсиада.

Медөө (каз. Медеу, орус. Медео) — Иле Ала-Тоонун түндүк этегиндеги спорт комплекси, СССР коньки тебүүчүлөрүнүн базасы болгон.

Медөө Алматадан 18 км. түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1691.2 метр бийиктикте. 1972-ж. салынган. Мурда бул жерде (1951-1965, 1968-1970) муз талаасы болгон. Медөөнүн аба ырайы атмосфера басымынын төмөндүгү, шамалдуу күндөрдүн аз болушу ж. б. табигый шарттар муз тебүүгө ылайык болгондуктан, бул жерде бар 8 ай бою спорттун түрлөрү (мотоцикл жарышы, хоккей ж.б.) боюнча мелдеш өткөрүүгө болот. Көрүүчүлөр трибунасына 10 миң ки­ши батат.

Жасалма муздун аянты 10 миң м2. Тоңдургуч агрегатынын кубаты 5 млн ккал/с. 1975-ж. Медөө курулушунун долбоорун түзгөндөр, мөөмөрлөр (архитекторлор), курулушчулар (10 киши) СССР мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.