Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook
Мазмунга өтүү

Чакан бизнес

Википедия дан

Чакан бизнес ― чарбалык иш-аракеттерине өз алдынча ээлик кылуучу, бирөөнүн көзүн карабастан өндүрүшүн уюштура билген бизнестн бир түрү.

Бул чакан жана орто ишканалардын алкагында уюштурулуп, өндүрүштүн коммерциялык, соода иш-аракеттери менен алек болот. Чакан бизнеске биринчи кезекте: көз карандысыз өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгү, менчик капиталы, иш-аракеттеринин белгилүү бир жерде жүргүзүлүшү, тармакты бүт алганда өлчөмү салыштырмалуу чоң эмес экендиги (мисалы, АКШда Чака бизнеске 100 дөн кем эмес, ал эми иштеп чыгаруучу тармактарда 500дөн төмөн адам иштеген ишканалар таандык) — мына ушул көрсөткүчтөрдүн жок дегенде экөенө жооп берген ишканалар кирет. Чакан бизнести уюштурууда төмөндөгүлөрдү эске алуу өтө керектүү: артыкчылыгына иш-аракеттеринин өз бетинчелиги, жергиликтүү ж.б. шарттарга ылдам ыкташуу жөндөмдүүлүгү, күндөлүк чыгымдарынын салыштырмалуу төмөндүгү, капитал жүгүртүүнүн бир кыйла жогору болушу, кошумча жумушчу орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү, тез натыйжалуу (пайда табуу) ж.б. кошууга болот; кемчиликтерине болсо финансылык жактан кездешүүчү кыйынчылыктарды, жекече жоопкерчиликке жана тобокелге барышы, контракт түзүүдө өнөктөрүнүн ишенимсиздиги, ресурстарды камсыз кылууда башка жактарга, фирмаларга жана мамлекеттик башкарууга көз карандылыгы сыяктуулар кирет.

Эл аралык калыптанган бай тажрыйба боюнча бизнес чөйрөсүндө массалык суроо-талапка ылайык бир түрдүү продукцияларды чыгарган ири бирикмелерге, компанияларга багыт алуудан, тескерисинче, жаңы жана келечеги кең, анчалык чоң эмес көлөмдөрдөгү продукцияларды чыгарууга адистешкен чакан фирмаларга багыт алуу туура болуп эсептелет. Ири ишканаларга салыштырмалуу Чакан бизнес тин артыкчылыгы анын атаандаштыкка кыйла жөндөмдүү болушу, эң башкысы өзүлөрүнүн көлөмдөрү чектелген базарлардын (мисалы, тез жеткирүүнү жана билгичтикте, ыкчам сатууну талап кылуучу гүл базарларындагы иштер) калыптанышы же ал мекеме, ишканага керектөөчүлөрдүн өзүлөрүнүн баруу зарылчылыгынын болушу (чач-тарач, кафе, ресторан ж.б.), товарлардын жаңы түрлөрүн (мисалы, кийим-кече, бут кийимдер ж.б.) ыкчам чыгарууга өндүрүш процессии кайрадан жаңыча нукка салуу мүмкүнчүлүгү менен тыгыз байланыштуу болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8