Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

КР Экономика жана коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 буйругу

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мониторинг жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 жана 51- беренелерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмегинин 10-пунктунун 9-пунктчасына ылайык буйрук кылам:

1. “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартиби” тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгы:

1) ушул буйрук катталгандан кийин үч жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чаралар көрсүн;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн басылманын булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада кагаз жана электрондук түрдөгү буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күн ичинде көчүрмөсүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Министр Д.Дж. Амангельдиев