Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Администрациянын аткарган иштери

КР Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 11-16-октябрында аткарган иши жөнүндө маалымат

1. 2021-жылдын 11-октябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору бөлүм тарабынан даярдалып, ага Кыргыз Республикасынын Президенти кол койду.

2. 2021-жылдын 14-октябрында КР Судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотуна сунушталган, жалпысынан 10 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин маектешүүсү өткөрүлүп, 2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна сунушталган 7 талапкер Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын жарлыктары менен дайындалды, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна сунушталган 3 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү сунуш киргизилди.

3. 2021-жылдын 15-октябрында бөлүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин уюштуруусунда “Шайлоо талаштары жана аларды чечүү. Жаңы мыйзамдар боюнча жарандардын шайлоо укуктарын коргоонун соттук кепилдиктери” деген темада семинар өткөрүлдү, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик коллегиясынын судьялары, жалпы Кыргыз Республикасынын Административдик сотторунун судьялары жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

4. Жума ичинде бөлүмгө жалпысынан 48 кат келип түштү, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынган, мындан тышкары 9 жаран бөлүмдө жеке кабыл алууда болушду.