Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Өмүр баяны

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Жапаров Акылбек Усенбекович

1964-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн.

Үч жогорку билим алган. 1986-жылы Фрунзе атындагы политехникалык институтунун «Автомобилдүү жолдор» факультетин, 2002-жылы Бишкек каржылык-экономикалык академиясынын «Уюмдар менеджменти» факультетин бүтүргөн. 2011-жылы Юридикалык академияны бүтүрүп, юрист адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу: 

1986-1987 – Фрунзе атындагы политехникалык институтунун «Автомобилдүү жолдор» кафедрасынын кенже илимий кызматчысы;

1987-1991 – Фрунзе атындагы политехникалык институтунун «Инженерия-курулуш» факультетинин комсомолдор комитетинин катчысы;

1991-1992 – «Толкун» ЖЧКнын башкы директорунун орун басары;

1992-1993 – Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жаштар саясатындагы маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы;

1993-1995 –– Кыргызстандын социалдык-демократиялык партиясынын аппаратынын башчысы, жооптуу катчы;

1995-1996 – КРнын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;

1996-1997 – КРнын Президентине караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү;

1997-2000 –КРнын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы мамлекеттик салык инспектору, башкармалыктын башчысы;

2000-2005 – КРнын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, салык, бажы ж.б. жыйымдары боюнча комитетинин төрагасы;

2005-2007 – КРнын Экономика жана финансы министри, КРнын Финансы министри; 

2007-2009 – КРнын Экономикалык өнүгүү жана соода министри;

2009-2010 – Биринчи вице-премьер-министр;

2010-2011 – КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы;

2010-жылдан тартып Т. Рыскулов атындагы кыргыз экономикалык университетинин ардактуу профессору.

2011-2012 – КРнын Каржы министри;

2011-2015 – Т. Рыскулов атындагы Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана кредит факультетинин башчысы;

2015-2021 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

2021-ж. 1-июнунан тартып 12-октябрына чейин – КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри;

2021-ж.  13-октябрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси.


Кошумча маалымат 

Экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти. Мамлекеттик кызматтын 2-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.