Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Кабинетинин Төрагасы милдеттери

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин (мындан ары - Министрлер Кабинети) жалпы жетектейт, анын ишин уюштурат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин ишин координациялайт жана контролдойт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы):

1) Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан аныкталуучу мамлекеттин тышкы жана ички саясатынын негизги багыттарынын алкагында Министрлер Кабинетинин ишинин багыттарын аныктайт, алардын ишке ашырылышын координациялайт;

2) Конституцияны, мыйзамдарды жана Президенттин актыларын жана тапшырмаларын аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан ишке ашырылышын камсыз кылат;

3) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта Министрлер Кабинетинин атынан чыгат, мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт;

4) Президентке Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясатынын негизги багыттары, Министрлер Кабинетинин түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;

5) төмөнкү маселелерди координациялайт:

- мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу;

- Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген сот-укуктук реформа;

- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

6) мамлекеттик бюджетти иштеп чыгуу жана аткаруу, бюджеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин жалпы координациялайт;

7) жыйналыштарда Президент төрагалык кылган учурлардан тышкары, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат;

8) Министрлер Кабинетинин токтомдоруна, тескемелерине, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча тескемелерди чыгарат;

9) мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) кароосуна киргизет, Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга тийиш болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин аныктайт;

10) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, белгиленген тартипте Президенттин кароосуна коргоо, коомдук тартип жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди киргизет;

11) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына ыйгарым укуктарды берет;

12) Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жана Министрлер Кабинетинин башка сыйлыктары менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;

13) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын Жетекчисинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат, буга төмөнкү маселелер кирбейт:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын ишин финансы-чарбалык камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын бюджетин түзүү жана белгиленген тартипте сунуштарды киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациянын чыгашалар сметасынын чегинде финансы каражаттарын тескөө;

14) мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет;

15) Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

16) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.