Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Электрондук башкарууну киргизүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 12-январы № 2-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435Жарлыгыменен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүнулуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин2020-жылдын 17-декабрындагы № 64"Кыргыз Республикасыныи мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө",2021-жылдын 8-февралындагы № 27"Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө",2021-жылдын 8-февралындагы № 23"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндо",2021-жылдын 8-февралындагы № 25"Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жонүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын13,17-беренелерине ылайык:

1. 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чараларпланы(мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча);

- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;

- квартал сайын отчеттук мезгилдин үчүнчү айынын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-ббуйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 245-ббуйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 69-ббуйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-октябрындагы № 347-ббуйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 405-ббуйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 50-б буйругу.

5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Тиркеме.docx


Төрага

А.У. Жапаров