Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

15

Март

2022

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.  

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Белгилесек, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш көрсөтүлүүчү тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.  

Кеңештин негизги милдети – өнүктүрүү максатындагы тышкы жардам көрсөтүүнү пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин Төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы бекитилген.