Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

24

Май

2024

КМШ өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды. 

Алар:

1. 2035-жылга чейинки мезгилде КМШга мүчө-мамлекеттердин энергетика тармагында кызматташуу Концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын Планы жөнүндө;

2. 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Планы жөнүндө;

3. 2010-жылдын 19-ноябрындагы шайкеш улуттук телемедициналык системаларды түзүү жана аларды андан ары өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө;

4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы химиялык өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү Концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планы жөнүндө;

5. Кооптуу калдыктар менен иштөө жана айлана-чөйрөгө топтолгон зыяндын объекттерин жоюу жаатында КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча 2024-2029-жылдарга биринчи кезектеги иш-чаралар планы жөнүндө;

6. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 2030-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун этаптарын колдоо боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө 2024–2030-жылдарга иш-чаралардын Тизмеси жөнүндө;

7. 2023-жылы жүргүзүлгөн КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу Шериктештиктин органдарынын финансылык-чарбалык ишмердигине документалдык аудиттин жыйынтыгы жөнүндө;

8. КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу КМШ органдарынын бюджеттен тышкаркы каражаттарын пландаштыруу, пайдалануу жана эсепке алуу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;

 9. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Башкы катчысынын орун басары жөнүндө;

  10. Ашхабад шаарын Шериктештиктин жаңы спорт мүмкүнчүлүктөрүнүн шаары деп жарыялоо жөнүндө;

11. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө.