Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

24

Май

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров алдыда пенсиянын көтөрүлүшү тууралуу айтып берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине алдыда пенсиянын көтөрүлүшү тууралуу маек берди. 

МинКаб Төрагасы маалымат агенттигинин директору менен болгон баарлашууда 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Социалдык фонд тарабынан дайындалган пенсиялар 172%га чейин көбөйтүлүп, 6800 сомдон кем эмес болорун белгиледи.

Ал кошумчалагандай, бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемин (44-берене, 2-бөлүк) ишке ашырат, анда “пенсия, социалдык жөлөкпулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат”.  

Маек тууралуу төмөндөгү шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот.