Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Экономика

жума 27 Сентябрь 2024

Путин өзөктүк куралды колдонуу тартибин өзгөртөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Кремл Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүдө. Президент Владимир Путиндин сунушуна ылайык, эми Орусияга каршы кадимки курал-жарак колдонулса да өзөктүк сокку менен жооп кайтарылышы мүмкүн. Киев муну “опузалоо” деп атады.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитети айрым микрофинансылык компанияларды текшерип, аларда насыя берүүнүн жана отчеттуулуктун эрежелери бузулуп жатканын жар салды. Мындан улам Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдардын ишмердиги кандай жүрөт жана алардын калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири канчалык деген суроого жооп издедик.

Атайын кызмат микрофинансылык уюмдардагы текшерүү жөнүндө түшүндүрмө берип, аларда үч багыт мыйзам бузуу фактылары такталганын кабарлады.

“Карыз алуучулардан түшкөн даттанууларга байланыштуу ири микрокредиттик уюмдардын иши төмөнкү жагдайларга байланыштуу текшерүүгө алынууда. Анын ичинде жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбаганы (жылдык 33% көп эмес), жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жол-жоболору бузулганы (кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү үчүн кредит берүүнүн бытырандылык фактылары бар) жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү органдарга жалган маалыматтарды (отчётторду) берүү фактылары бар”, – деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

УКМК сөз кайсы микрокредиттик ишканалар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес.

18-сентябрда “МБулак” микрокредиттик компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланган. Күбөлөр компаниянын кеңсесине тинтүүдөн кийин мөөр басылганын “Азаттыктын” кабарчысына айтып беришкен.

Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын төрагасы Алишер Акбаралиев атайын кызматтын текшерүүлөрү жана көйгөй жаралып жатканы тууралуу компаниялардан кайрылуу түшпөгөнүн, бирикме күнүмдүк иштери менен эле алектенип жатканын билдирди.

"Бүгүнкү күндө дээрлик бардык микрофинансылык уюмдар өз ишмердигин адаттагы калыпта улантып жатат. 2024-жылдын 1-сентябрына карата микрофинансы тармагынын активдүү кардарларынын саны 680 миңге жетет жана өлкөдөгү бардык насыялардын 32%ын түзөт. Микро жана чакан ишкердикке көмөктөшкөн активдүү портфелдин суммасы 50 млрд сом болот. Микрофинансы тармагы - туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө экономиканын жана коомдун ишенимдүү инструменти болуп саналат", - деген кат келди Ассоциациядан.

Микронасыялык компаниялардын вазыйпасы эмнеде?

Кыргызстанда микрофинансылык уюмдардын түптөлүү тарыхы өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосуна – “Финка” микрофинансы компаниясынын жаралуу мезгилинен башталат. Микронасыялоонун Бангладеште жакырчылыкты жоюуга олуттуу таасир кылган тажрыйбасынан улам, Кыргызстанда да ошондой жолду калыптандырууга киришишкен.

1999 жана 2002-жылдары Борбор Азияда алгачкы жолу “Кредиттик союздар жөнүндө” жана “Микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Микрофинансылык уюмдардын ишмердиги Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнөт.

Кыргызстанда насыялоо рыногу үч деңгээлден турат. Эң жогоркусу Улуттук банк – ал акча-насыя саясатын жүргүзөт. Экинчиси коммерциялык банктар болсо, үчүнчү деңгээлде микрофинансылык уюмдар турат. Микрофинансылык уюмдар жалпы жонунан банктык эмес финансы-насыялык мекемелер деп аталат. Алар өз кезегинде “микронасыя компаниясы”, “микронасыя агенттиги” жана “микрофинансылык компания” деген үч топко бөлүнөт.

Акча-насыя тармагындагы эксперт Бактыбек Шамкеев микрофинансылык уюмдардын иштөө системасын мындайча түшүндүрүп берди.

“Алардын негизги төрт-беш булактары бар. Биринчи булак – бул уставдык капитал. Негиздөөчүлөр ортого өзүнүн акчасын чыгарып, ошол акча менен иштей баштайт. Экинчиси, коммерциялык банктардан займ алат. Алар [коммерциялык банктар] микронасыялык компанияларга дүң насыя беришет. Ошол займда алып, анан озүнүн пайдасын кошуп, калкка чекене насыяларды берип баштайт. Үчүнчү булак – инвесторлор. Инвестор өзүбүздүкү болобу же чет өлкөдөн келеби, өзүнүн акчасын займ катары берсе, анда ошол акчаны да колдонуп насыялоо ишин уланта берет. Андан тышкары, эгерде микрофинансылык уюмдун макамына өтсө, анда депозит алганга да мүмкүнчүлүгү бар. Ошонун негизинде, алар ушул төрт булактан өзүнүн иш аракетин жасайт”.

Элге тамыр жайган компаниялар жана табити өзгөргөн кардарлар

Мындан жыйырма жыл мурда микрофинансылык уюмдардан насыя алгандардын саны аз эле болчу. Алар көбүнчө соода жана айыл-чарба тармагына каражат алышчу. Бирок, 2010-жылдан кийин керектөө насыясынын көлөмү акырындан өсүп отуруп, 2020-жылдан тарта кескин секириктер менен жогорулоодо.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын алты айында чакан насыя алган кардарлардын саны 560 миңден ашкан. 2023-жылдын соңунда бул көрсөткүч 740 миңге чукул болчу. Ал эми Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы билдиргендей, 1-сентябрга карата соңку маалыматта кардарлардын саны 680 миңге жетет. Кардарлардын 4/5 бөлүгүн (78%) керектөө насыясын алгандар түзөт. Ал эми берилген насыялардын көлөмү 49 млрд сомдон ашуун болсо, анын жарымына жакыны керектөө насыялары болуп эсептелет.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев ишкерликтин социалдык жоопкерчилиги жана бизнес-этика бекем калыптана элек кыргыз коомунда киреше табуунун азгырыгы күч болорун белгилейт.

“Ишкерликте этика болушу керек. Ишкерлик жасаганда ишкерлер келечекти ойлонуп жасашы керек. Мисалы, көп жылдан бери дүйнө жүзүндө өкүм сүргөн капиталисттик өлкөлөрдө бул жолду өтүшкөн. Бизнесмендер өзүнүн жоопкерчилигин, коомго кызмат кылып атканын сезбей, кошумча монополияларды, олигополияларды уюштуруп, баасын абдан чоңойтуп, элди кыйнап – ушундай замандан өткөн. Бирок, тарых ушундай бизнес узак жашабасын көрсөткөн. Кардарларды ушунчалык кыйнап койгон бизнести кардарлар бир күнү жок кылганга барышат. Ошон үчүн ал капиталисттик өлкөлөрдө акырындап бизнес-этика пайда болду. Биз болсо, Советтер Союзу кезинде 1985-жылга чейин алтымыш жыл бизнеске тыюу салынган болчу. 1985-жылы гана кайра куруу болуп, бизнеске уруксат беришкен. Ошондо, 1991-жылы көз карандысыздыгыбызга келгенде бизнести толук түшүнбөй, эмне кыларды билбей, коомубуз капитализм менен бетме-бет калып калган. Капитализмди эч кандай жакшы үйрөтпөй, мисалдарды бербей, мектептерде, университетте окутпай, бир эле күндө капитализм жарыялап коюшту. Ошондуктан, сүткорлор да пайда болду. Анан, албетте, “Рентон Группту”, андан кийин микронасыялык компаниялар башталганда бизде жаңы ачылган компаниялардын жылдык пайыздары 90-140% болгонун эстесеңер – бүт баары ошол капитализмдин даяр эмес, этикасы иштелип чыкпаган коомго келишинин кесепети болду”.

2000-жылдары микрофинансылык уюмдар тынымсыз көбөйүп отуруп, өлкө боюнча 450дөн ашкан. Бирок, 2011-жылдан кийин азая баштаган жана 2015-жылы 172 болуп калган. Микрофинансылык институттардын ассоциациясынын 2015-жылдагы отчетундагы маалыматка ылайык, алардын азаюусуна мамлекет тарабынан талаптардын улам өсүп отурушу себеп болгон. Ассоциация мындай жагдайга 2013-жылы кабыл алынган “Сүткордук ишмердикти чектөө жөнүндө” мыйзам өзгөчө терс таасир кылган деп эсептейт.

Микрофинансылык уюмдардын саны андан бери да азайуунун гана үстүндө келет. Улуттук банктын эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 113 микрофинансы уюмдары иштейт. 2018-жылы алардын саны 142 болчу. Жалпы жонунан банктык эмес финансы-насыялык мекемелер деп аталат.

Ал эми Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка таянсак, өлкөдө 533 микрофинансылык уюмдар жана алардын жүздөй филиалдары катталган. Анын ичинен, активдүү иштеп, төлөмдөрүн төгүп тургандары 111 компания. Калган 80%га жакыны иш-аракетсиз эле тургандай. Эң ири 20 салык төлөөчү микронасыялык уюмдардын башында “МБулак”, “Акча Булак” жана “Салым Финанс” компаниялары турат. Жыйырма компаниянын ушул жылдын тогуз айындагы мамлекеттик казынага төккөн салыктары менен төгүмдөрү 1 млрд 300 млн сомдон ашат.

“Финка”, “Бай Түшүм”, “Компаньон” өңдүү микронасыялык уюмдар кийин банкка айланып кеткен болсо, башында банк катары ачылган “Чанг Ан” компаниясы көп өтпөй микрофинансы уюму болуп алганы бар.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев Кыргызстанда кардарлардын финансылык сабаттуулугу насыялоонун эрежелерин бузуп, компаниялардын тобокелдиктерин күчөтөрүн айтат.

“Көп учурда калкта финансылык түшүнүк жок. Акчаны бериш керек экендигин, аны бергенге милдеттеме алып жатышкандыгын түшүнүшпөйт. Анан, ошондуктан “карыз алдым, жедим-ичтим, ишиме колдондум, бирок бергим келбейт” деген кандайдыр-бир пикирге туруп алышат дагы, кээ бир учурда ошону кайтарганга эч кандай жолун таба албай, банктарга каршы чыгып, митингдерге катышып социалдык чыңалууга барганга аракет кылышат. Албетте, ар бир кырдаал өзүнчө уникалдуу. Эмне үчүн ушундай болуп атат? Кээ бир учурда аябай катуу маселелер жаралып, чын эле артка жол жок болгондуктан ушундай болуп кетип атат. Мисалы, кээ бир учурда болсо, атайын кылмыш сыяктуу эле, бербеймин деген ой-пикирде алгандар да бар да. Эгерде микрофинансылык компанияларга төлөбөсө, анда алардын капиталы толукталбайт. Толукталбаса, бүттү, алар жабылып калат”.

Микронасыялоо сүткордук менен ээрчишип жүрөт

Коомчулукта буга чейин эле микрофинансылык мекемелерге “насыянын үстөк пайыздарын көбөйтөт” деген сыяктуу даттануулар болуп келген. Бир нече жыл мурда ал тургай насыя алып төлөй албай калгандар Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда буга байланыштуу ири нааразылыктарды өткөргөнү да белгилүү.

Мындан улам, 2013-жылы парламент Өмүрбек Текебаевдин демилгесиндеги “Сүткөрдук ишти чектөө жөнүндө” мыйзам кабыл алган. Анда насыянын үстөк пайызы Улуттук банк бекиткен чендин үстүнө 15%дан көп коюлбашы керектиги жазылган.

Улуттук банктын Банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына тышкы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспекору Мээрим Саткеева микрофинансылык уюмдар ушуну эске алуу менен элге берген насыясынын үстөк пайызын 33,09%дан ашырбашы керектигин билдирди.

“2019-жылдан баштап, өтүп жаткан жылга чейин чектүү жол берилүүчү пайыздык өлчөм 31,61%дан 33,09%дык диапазонунда болгон. Ал эми “Кыргыз Республикасындагы сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” мыйзамына ылайык, орточо салмактанып алынган номиналдуу пайыздык коюмга 15% кошула турган чен чектүү жол берилүүчү пайыздык өлчөм болуп эсептелинет. Өтүп жаткан жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин орточ салмактанып алынган пайыздык чен 18,09%ды түзөт. Бул пайызга 15%ды кошсок чектүү жол берилүүчү пайыздык өлчөмү 33,09% болот”.

Микрокредиттик компаниялар банктарга салыштырмалуу азыраак суммадагы насыяларды бергендиктен, талап кылган документтери да аз, берүү шарттары да жеңилирээк болот. А бирок, иш жүзүндө пайыздык чендери банктардыкына караганда 1,5 эседен 3,7 эсеге чейин көптүк кылган учурлар бар.

Бирок, бул Улуттук банк тарабынан жалпылаштырып, орточо алынган пайыздык чендер болгондуктан, кардар тушуккан реалдуу көрүнүштөн бир аз алысыраак десек болот. Иш жүзүндө бир катар микронасыялоо компанияларында насыялык чендер 50-60%га чейин жетет. Ири компаниялардын бир тобунун сайттарындагы маалыматка көз жүгүртүүдө, жылдык үстөгү 38-49%дык, айрым учурда айына 4-5%дык насыялар бар экени көрүнүп турат.

Буга чейин финансы-насыялык уюмдардан алган насыясын төлөй албай келгендер бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан. 2020-жылы күзүндө бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаровдун өкмөтү мындай жарандарды колдоо үчүн мамлекеттик казынадан 1 млрд 253 млн сом бөлүүү чечимин да чыгарган. Бул каражат 100 миң сомго чейин насыя алган 600 миңдей үй-бүлөнүн үч айлык үстөгүн же негизги карызынын бир бөлүгүн төлөөгө жетери маалымдалган.

Финансы боюнча эксперт Кубан Чороев чакан насыяларды алган кардарлар байкабастыктан караниет уюмдардын кылтагына түшүп калган учурлар да болуп келерин айтат.

“Көптөгөн нюанстар, кемчиликтер дагы кездешет. Мисалы, насыялар канчалык деңгээлде ачык-айкындыктын негизинде берилип атат? Кээ бир убактарда кыргыз тилдүү кардарларга келишимдер орус тилинде түзүлөт. Билинбеген майда тамгалар менен комиссиялар жазылып калат. Компанияларда көп учурларда төлөй албай калган жарандар үйлөрүн күрөөгө койгон, ошол жерде караниет (недобросовестный) кызматкерлердин иш-аракетинен улам үйлөрүнөн ажырап калган жагдайлар көп. Бизде мыйзам болсо көбүнчөсү банктар же микрофинансы уюмдары тарапка жазылып калган”.

Эксперттик чөйрөдө ишкердикке берилген насыялардын азайып, керектөө насыяларынын көбөйүшү экономикада кризистик жагдайды жаратышы мүмкүн деген пикир үстөмдүк кылат. Алар керектөө насыялары “көбүккө” же чоң бир кризистик рецессияга алып келиши мүмкүн деп кооптонушат. Ал эми насыялардын үстөк пайызынын чоң болушу чакан жана орто ишкердиктин ийгилигин тизгиндеген башкы тоскоолдуктардын бири катары сыпатталат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG