Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов жана анын үч бир тууганы Бакудан жеткирилип, камакка алынды. Кыргыз бийлиги “мафия” деп атаган күрөштүн жыйынтыгы кандай болот?
Жогорку Кеңеш "Чет элдик өкүл” деп таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алынды. Мыйзам күчүнө кирсе бейөкмөт уюмдарга бир топ талаптар катаалданып, жарандык коомго сокку болот деген чочулоо бар. Жарандык коом, эл аралык коомчулук тынчыздануусун билдирүүдө.
Кызыл-Омпол кенин бийлик толугу менен мамлекет иштетерин, ага жакын жайгашкан аймактарда өнүгүү болоруна убада берди. Жергиликтүү тургундар болсо экология маселесинен чочулашат. Мындан беш жыл мурун нааразылык чыккан Кызыл-Омполду иштетүү маселелеси бул жолу кандай өнүгүүдө?
Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенине үч жыл болду. Бийлик бул аралыктагы жетишкендиктер катары экономикадагы өсүштү, социалдык мекемелердин курулушун, армиянын күчтөнгөнүн, чек аралардын такталып атканын белгилейт.