Үч округда парламент депутатын шайлоого байланыштуу оозеки жана жазуу түрүндө жалпысынан 50гө жакын кайрылуу түшкөнү расмий маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу боюнча чара көрүү суранычы камтылган кайрылуулар да бар.
Украинанын Куралдуу күчтөрү фронтто кырдаал курчуганын, украин аскерлери айрым конуштардан артка чегингенин билдирди. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров өзүн айыптуу деп тапкан райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна даттанарын айтты.
28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатыгына шайлоо өтүп, добуш бергендердин активдүүлүгү төмөн болду. Бул жолку кайра шайлоо парламенттеги эл өкүлдөрү мандаттан баш тарткандан кийин өттү. Бийликтин башкы сынчысы саналган Адахан Мадумаров мандатынан ажырады.
Орус армиясы Донецк облусунда Новобахмутовка деген айылды өз көзөмөлүнө алганы кабарланды. Биринчи күнгө караган түнү Донецк, Харьков, Сумы жана Запорожье облустарына жасалган минометтук чабуулдардан кеминде жети киши жараат алганы кабарланды.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүков болду.
Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо башталды. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстан аркылуу сыртка, чет өлкөлөргө маңзат ташуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ аныкталганын, эки мүчөсү колго түшкөнүн билдирди. "Манас" бажысы менен чогуу жүргүзгөн операциянын негизинде ири өлчөмдөгү маңзат алынганын маалымдады.
Кыргызстандагы маңзатка каршы күрөш тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлү Марсел Дөөталиев "Азаттыкка" маек курду.
Борбордук шайлоо комиссиясы Ош округунан ат салышып жаткан Бекмурза Эргешов менен Максат Маматкуловду жарыштан четтетти. Бул чечиминен кийин Маматкулов Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылып, четке кагылды. Ал эми Бекмурза Эргешовдун арызын Бишкектин административдик соту канааттандырды.
26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эрулан Көкүлов Финансылык чалгын кызматынын өкүлү, милиция кызматкерлери менен биргеликте Бишкектеги “Кофе и точка” жайларын текшерүүгө барып, аларды жабууну талап кылышты.
2021-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Балыкчы-Барскоон жолу башталып, үч жылдан кийин ишке берилмек. Долбоор "Кумтөрдөн” каржыланмак. Жолду алгачкы жолу атамекендик компаниялар салмак. 140 чакырымга созулган жол белгиленген мөөнөтүнөн кеминде эки жыл кеч бүтө турганы маалым болду.
Дагы жүктөңүз