Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Иран Израилге дрон жана ракеталар менен сокку урду


Израил. Ашкелон. Ирандын соккусунан кийин ракетага каршы система иштеген учур. 14-апрель, 2024-жыл
Израил. Ашкелон. Ирандын соккусунан кийин ракетага каршы система иштеген учур. 14-апрель, 2024-жыл

Жекшембиге караган түнү Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку урду. Бул көптөн бери касташып келген эки өлкө ортосундагы түздөн-түз жаңжалдын жаңы деңгээли болуп калды. Буга чейин Израилге Иран эмес, Тегеран колдогон Сирия, Ливан, Йемендеги аскердик топтор сокку уруп келген. Бул жолу Иран Израилдин аймагына жүздөгөн "жанкечти" дрондорду кое берди. Бул тууралуу Израилдин коргонуу армиясы - ЦАХАЛ билдирди. Түндө Израилдин аймагында абадан сокку коркунучтарын эскерткен сиреналар жаңырып, абадан коргонуу күчтөрү бир нече ракетаны атып түшүргөнү кабарланды.

Азыркы маалга чейин бул өлкө аймагында кайсы бир обьектинин жабыр тартканы жөнүндө билдирүү боло элек. Бедуин конуштарынын биринде 10 жаштагы бала жараат алганы айтылды.

Иран соккулар тууралуу маалыматты ырастады. Өлкөнүн Ислам революциясынын Сакчылар корпусу ишемби кечинде соңку сокку Ирандын Дамаскидеги консулдугуна жасалган соккуга жооп экенин билдирди. Анда “ондогон дрон жана ракеталар” Израилдин аймагындагы позицияларга кое берилгени айтылат. Ушундай эле маалыматты Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү таратып, "бул Дамасктагы кол салууга жооп экенин, эгер Израил АКШнын колдоосу менен жооп берсе, мындан да кубаттуу соккулар болорун" эскертти.

АКШ бийлиги Ирандын Израилге соккулары тууралуу маалыматты ырастап, Израилге колдоосун билдирди. Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгышта жайгашкан күчтөрү Израилге багытталган ракеталарды атып түшүрүүгө жардамдашканы кабарланды.

Соңку соккуну Британиянын бийлиги да айыптаган билдирүү таратты.

Ирандын Израилге ыктымал соккулары тууралуу буга чейин айтылып келаткан.

Израилдин армиясы Ирандын ыктымал соккуларынан коргонууга жана жооп кайтарууга даяр экенин кабарлаган.

Апрель айынын башында Сириянын Дамаск шаарындагы консулдугуна жасалган соккуну Тегеран Израилден көрүп келет. Анда 16 кишинин өмүрү кыйылган, анын ичинде Иран революциясынын сакчылар корпусунун эки генералы жана беш мүчөсү болгон. Израил эч кандай комментарий берген эмес.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи 10-апрелде консулдукка жасалган чабуул үчүн Израилден өч алышарын эскерткен. Буга чейин ушундай маанидеги эскертүүлөрдү Ирандын президенти Ибрахим Раиси да жасаган.

Чыңалуунун күч алышы эл аралык коомчулуктун тынчсыздантып, Газа тилкесиндеги ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму менен Израилдин ортосундагы уруш Жакынкы Чыгышка толук жайылып кетет деген кооптонуу жаратып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG