Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Барактын тургундары Кыргызстанга толук көчүп келди


Барактын тургундарынын көчү
Барактын тургундарынын көчү

Өзбекстан аймагындагы Барак эксклавынын тургундары толук көчүп келди. Кыргыз бийлиги Баракты Өзбекстанга алмашып, ал үчүн 208 гектар жер алганын билдирген. 2013-жылы Өзбекстан эксклавга кеткен жолду бир тараптуу жапкан соң барактыктар 300 чакырымдай аймакты айланып өтүүгө аргасыз болушкан.

Кыргызстандын Кара-Суу району менен Өзбекстандын Коргон-Төбө районун бириктирген жолдо акыркы айларда барактыктардын жүгүн ташыган автоунаа көбөйдү. Барак эксклавынын тургундары учурда турак-жайларынын курулуш материалдарын ташып чыгууда. 14-апрелге чейин айылдан толук көчүп кетүүгө мөөнөт берилген. Гүлнара Алайева Барактан соңкулардан болуп көчүп чыккан тургундардын бири.

Гүлнара Алайева Барк айылынын тургуну

“Көчүп чыгуу маселесинде убакытты аз берип койду. Жалгыз бой үй бүлөлөр бар. Мисалы менин күйөөм жалгыз бой, балам кичинекей. Ал жакта башканы айтпаганда да отунубуз, айрым буюм-тайымдарыбыз калды. 15-апрелден тарта жол таптакыр жабылат экен. ӨКМи автоунаа бергени менен алар деле жетишпей жатат”, - деди Барак айылынын тургуну Гүлнара Алайева.

Барактан көчүрүп чыгуу боюнча мөөнөт эки тараптуу келишим менен кабыл алынганын жергиликтүү бийлик ырастады. Жалпысынан 97 турак жай, 8 социалдык имарат көчүрүп чыгарылган. Ал үчүн Өзгөчө кырдаал министрлигинен 58 кызматкер кошумча тартылган.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев билдиргендей, жаңы айыл Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Көчүп келген тургундар турак жай менен камсыз болот.

Elchibek Zhantaev
Elchibek Zhantaev

«Өзбекстан тарап менен алмашылган 208 гектар жердин башкы долбоору толук кандуу иштелип чыкты. Ал эми делимитация жана демаркация маселесин караган чечим бир ай мурун чыкты. Ошол бир ай ичинде биз бардык шарттарды уюштуруп бердик", - деди Жантаев.

Барактыктарга үй-жай салып, социалдык имараттарды курууга мамлекеттен 270 млн сом бөлүндү. "Биз азыр турак жайдын баарын ушул жылдын 31-августуна толук кандуу бүткөрүп беребиз деп алдыга максат коюп жатабыз » - деди президенттин Ош облусундагы өкүлү.

Барактыктар кайда турат?

Жергиликтүү бийлик көчүп келгендерге тиешелүү камкордук көрүлөрүн билдиргени менен тургундар убактылуу баш калкалап турганга шарттын жоктугун айтышты. Алардын айрымдары жакын тууган-туушканынын үйүнө барса, кээ бирлери батир таап турганга мажбур. Барактык тургундардын бири Нажимидин Камалов буларды айтты.

Нажимидин Камалов
Нажимидин Камалов

“Өзбекстан тарап берген жерге айыл түшүп, ушул жерге жайгашат”- деп жатышат. Азыркы учурда ар ким ар жерде убактылуу жашап жатат. Мен баламдыкына баратам. Уулума адырдан жер алганбыз. Бул жактагы жерлер чийилгенге чейин ошол жакта жашап турабыз да".

Короосуна бузулган үйдүн жыгачтарын жыйып жаткан Ахматжан Дадабаев досунун барар жери жоктугунан аныкына келди.

"Бул жүктүн ээси - Абдыкадыр досум. Ал ар жерде бала- чакасы менен жүрөт. Ушул жерден жер берип калса келем дейт. Мен жардам бербесем ким жардам берет. Эне-атасы да өтүп кеткен. Жүктөрүн менин үйүмө түшүрүп жатат", - деди көчүп келгендердин биринин жакыны.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналчу. Ал чек арадан анчейин алыс эмес, Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан.

Барактын тургундарынын жүгүн салган машине
Барактын тургундарынын жүгүн салган машине

2013-жылдан тарта өзбек тарап эсквлавка барчу жолду бир тараптуу жаап, Баткендин Кызыл Кыя аймагындагы өткөрмө бекеттен өтүүгө уруксат берген. Ошондон кийин карым-катнаш кескин кыйындап, маселе чечилбегенден кийин кыргыз жарандары өкмөттөн көчүрүп кетүүнү суранышкан.

Ошондо көчүп чыккандар Кара-Суунун Сары-Колот айылына жайгашып калган. Бирок үлүш жердин жоктугу аларды түйшүккө салганын Барактын тургуну Дамир Калбаев айтып берди.

“Сары-Колот айылында Жаңы Барак деп, ошол жерге жайгашып калышкан көпчүлүгү. Ал жакка дагы мамлекет жардам берген. Бирок дыйканчылык жок. Негизгиси жер да. Элдин негизги бөлүгү жер менен тиричилик кылат. Бул жактан жер берсе дээрлик баары келсе керек. Жер берсе мен да келем. Эми мамлекет үй салып берсе көчүп келем”, - деди Барак айылынын тургуну Дамир Калбаев.

2022-жылы Улуттук коопсуздук комитетин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстанга алмашканын, кыргыз тарап Кара-Суу районуна чектеш аймактан 208 гектар жер алганын айткан.

Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендик алгандан кийин узак жылдар талашып-тартышып чече албай келген ара маселесине өткөн жылы чекит коюлуп, делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганы кабарланган.

Барак эксклавынын тургундары Кара-Сууга көчүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG