Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Баткенде 16 жаштагы кыз бычак жеп каза болду


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен районунда 16 жаштагы кыз бычак жеп каза болгонун облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, эки жерине бычак сайылган кыз 15-апрелде саат 21:05 чамасында Баткен облустук борбордук ооруканасына түшкөн. Ооруканада эсине келбей каза болгон.

Факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.

"Учурда кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирди милиция.

Каза тапкан кыздын жакындары маалымат бере элек. (ZKo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG