Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жолу Азия чемпиону болду


Жоламан Шаршенбеков машыктыруучусу Хаким Махмудов менен. 16-апрель, 2024-жыл.
Жоламан Шаршенбеков машыктыруучусу Хаким Махмудов менен. 16-апрель, 2024-жыл.

16-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалда жапониялык Каито Инабаны 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, Азиянын үч жолку чемпиону болду.

Ал грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмак ченинде 1/8 финалда индонезиялык балбан Супарманто Супармантону 11:0 менен мөөнөтүнөн мурда жеңди. Чейрек финалда Өзбекстандан келген Илхом Бахромовду 8:0 менен, жарым финалда ирандык атаандашы Амирреза Дехбозоргини 11:0 менен утуп финалга чыккан. Ошентип, ал жалпы 41 балл алып, атаандаштарына бир да балл уттурган жок.

Жоламан Шаршенбеков 24 жашта. Ал Дүйнөнү эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.). Ал ошондой эле Дүйнө чемпионатынын эки жолу күмүш байгесине ээ болгон (2018-ж., 2021-ж.). Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж., 2024-ж.). Уландар жана жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси.

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. 15-апрелде Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта күмүш, Улан Муратбек уулу грек-рим күрөшүнөн 55 кг салмакта коло медал жеңген.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медал алышкан. Күмүш медалга эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев ээ болсо, кыз-келиндер күрөшүнөн Арууке Кадырбек кызы (57 кг) менен Гүлнура Таштанбекова (68 кг), эркин күрөштөн Улукбек Жолдошбеков (65 кг) жана Алибек Осмонов (70 кг) коло байгеге ээ болушкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG