Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:59

7-апрелдин сабагы: Ар доордун өзүнүн эрктүү жаштары чыга бермекчи


Кара күчтөргө каршы чыккан ыңкылапчы жаштардын айкели. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 07.04.2017.
Кара күчтөргө каршы чыккан ыңкылапчы жаштардын айкели. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 07.04.2017.

Кыргызстандыктар быйыл да 7-апрелдеги элдик ыңкылап окуяларын эскеришти. Анын олуттуу сабактарынын бири – өз жарандык жоопкерчилигин сезген улан-кыздардын катмарынын калыңдай беришине байланыштуу. Тарыхчынын блогу.

Кыргызстандагы 2010-жылдын 7-апрелиндеги тарыхый окуяларды жалпысынан “элдик ыңкылап” деп атап келишет. Мен бул окуяларды жана андан кийинки – 2020-жылдын октябрынын башындагы окуяларды – “жаштардын ыңкылабы” деп да атаар элем.

Кыргыз тарыхында күрдөөлдүү бурулуш учурларда жаштардын орду ар дайым чоң болгон.

Кыргыздын баатырдык дастанынын башкы кейипкери Манас он эки жашынан тартып тышкы жоолорго каршы күрөштө эрдик көрсөтө баштагандыгы баяндалат. Бул – улуу жомокту жөн жерден кооздоп-көркөмдөө үчүн киргизилген нерсе эмес, инсанды өспүрүм кезинен атуулдук милдетти аткарууга беленденүүгө жана белсенүүгө чакырган олуттуу ой.

Залкар аскер башчы (“амир-и лашкер”), Кокон хандыгынын кыргыз тегиндеги мамлекеттик ишмери Алымкул Асан бий уулу (1831–1865) 1865-жылы бугу (май) айында Ташкен шаарын орусиялык падышалык оторчулардан коргоо маалында баскынчыларга каршы салгылашуулар учурунда алынган жарааттан улам 33–34 гана жашында набыт кеткен.

Айтылуу Полот хан (молдо Искак Асан уулу; 1844–1876) деген бабабыз 1873-жылы өзүн “хан” көтөртүп, орусиялык оторчуларга жана алардын тактекеси болгон Кудаяр-ханга каршы көтөрүлүштү жетектеп калган кезде, болгону 29 гана жашта болчу.

Молдо Исак Асан уулу (Полот-хан, 1844--1876)
Кокон хандыгынын эгемендиги үчүн күрөшкөн кыргыз лидери, молдо Исак Асан уулунун (Полот-хан, 1844--1876) элестетилген сүрөтү.

Мөкүш Шабдан уулу (1875–1917) кыргыз жана казак төбөлдөрү менен айдыңдарынын Узун-Агачтагы 1910-жылдын 21-октябрындагы падышалык оторчул режимди сынга алган жашыруун курултайына катышкан чакта, 35 гана жашта эле, андан алты жыл өткөн соң, 1916-жылы августта, ал улуттук боштондук көтөрүлүштө хан жарыяланган. Ал 1917-жылы февралда Верный (Алматы) шаарында падышалык оторчулардын абагында өлгөн.

Атактуу кыргыз жадитчиси жана эгеменчиси Эшенаалы Арабай уулу (Ишеналы Арабаев; 1882–1933) болсо 1911-жылы башкырлардын Өфө (Уфа) шаарында өзүнүн казак шериги Хафиз Сарсеке уулу (1882/83 – 1926/27) менен биргелешип “Алип бе жаки төте оку” (“Алип бээ, башкача айтканда, ыкчам окуу”) деген окуу куралын арап арибинде кыргыз жана казак тилдерине орток кылып жарыялаган.

Молдо Кылыч Төрөкелдин. Кысса-йи зилзала. Казан, 1911.
Молдо Кылыч Төрөкелдин. Кысса-йи зилзала. Казан, 1911. (Басмага даярдаган Э.Арабай уулу).

Ушул эле жылы Эшенаалы Арабай уулу Казан шаарында Молдо Кылычтын айтылуу “Кысса-йи зилзала” ыр жыйнагын арап арибинде кыргыз тилинде жарыялаган. Ошол 1911-жылы Эшенаалы атабыз болгону 29 жашта болчу.

Жусуп Абдыракманов (1901–1938) атабыз 1922-жылы март айында Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков (1889–1938) сыяктуу өзүнөн улуу саясатчылар менен кошо “Тоолуу Облус” деп аталган кыргыз совет автономиялык түзүлүшүн негиздөө үчүн белсенип күрөшкөн чакта 21 гана жашта болгон, ал эми 1927-жылы Кыргыз АССРинин өкмөт башчысы (Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы) кызматын аркалап калган кезинде Ж.Абдыракманов болгону 26 жашта эле. Сталинчилер жазыксыз жерден жайран кылганда, ал 37 гана жашта болчу.

Чыгаан кыргыз балет бийчиси, СССР эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева (1926–1973) Маскөө шаарындагы Чоң (“Большой”) театрда 1939-жылы “Кыргыз көркөм өнөрүнүн жана маданиятынын он күндүгү” маалында көрсөткөн алгачкы бий өнөрү үчүн “Даңк белгиси” орденине татыган. Ал кезде Б.Бейшеналиева 13 жаштагы өспүрүм болчу.

Кыргыз прозасынын жаңы сересин айгинелеген “Жамийла” повести 1958-жылы жарык көргөн кезде, анын автору Чыңгыз Айтматов (1928–2008) болгону 30 жашка чыккан эле.

Укукчу илимпоз, профессор Кубанычбек Нурбеков (1928–1985) өзүнүн “Кыргыз советтик улуттук мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы” (Нурбеков К. Возникновение Киргизской Советской национальной государственности. – Фрунзе, 1964) деген китебин жарыялаган кезде 36 жашта болгон.

К.Нурбеков 1968-жылы июлда Казакстандын борбору Алматы шаарында “Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү жана өнүгүшү” («Становление и развитие кыргызской национальной государственности») деген темада укук илимдери боюнча докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, 40 жашында укук илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болгон. Ал Кыргызстандын Советтер Биримдигинен чыгып кетүүгө акылуу экендигин укукчу катары 1970-жж. башында эле тастыктап жазган.

1989-жылы “Ашар” козголушун жана 1990-жылы КДК уюмун негиздегендердин басымдуу көпчүлүгү 20–35 жаштардагы жаш муундардын өкүлдөрү болушкан.

2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы элдик ыңкылаптардын кыймылдаткыч күчтөрү деле жаштар болушкан.

Демек, “жаш келсе – ишке” деген накыл сөз кыргыздын коомдук турмушунун бардык чөйрөлөрүндөгү тарыхый тажрыйбаны чагылдырып турат.

2010-жылы 7-апрелде авторитардык режимге каршы айбат кылып набыт кеткендердин жаа жаракат алгандардын көпчүлүгү да жаштар болгондугун баса белгилеп, алар кыргыз жарандык коомунун демилгелүү бөлүгүн түзүшкөндүгү үчүн ыраазы болушубуз кажет.

2010-жылдагы апрел ыңкылабында курман болгондор эскерилди. 07.4.2023.
2010-жылдагы апрел ыңкылабында курман болгондор эскерилди. 07.4.2023.

Айрым учурларда “биз, жаштар, мындайча иш аткарып жатсак, жаныбызда багыт берген аксакалдар көрүнбөй койду” деген наалыган сөздөр да айтылып келет.

Жогорудагы мисалдардан айгинеленгендей, жалпы атажурт жана эл кызыкчылыгы үчүн иш-аракетте атуулдар жаш-карысына карабастан саамалык, демилге жана кайрат көрсөткөн чакта гана ийгиликтер жаралаары бышык.

Тасма. "Кандуу казат же Манастын руху ойгонгондо". Апрел ыңкылабында курман болгон баатырларга таазим. КТРК. Назира Аалы кызы.

2010-жылдагы 7-апрелдин окуяларынан бери 14 жыл өттү. Апрел ыңкылабынын нагыз баатырлары болгон ошол кездеги жаштар эми орто муун менен улуу муундун катарын толуктай башташты.

Алардын артында улам торолуп келе жаткан жаш муун – ар тараптуу билимдүү, таалимдүү, жаратман, чечкиндүү жана кыргыз коомунун демократиячыл өнүгүүсүнүн көйгөйлөрүнө эч качан кайдыгер карабаган жана кылчактабастан чечкиндүү күрөш билген атуулдардын мууну болууга жетишсе, анда кийинки муундар 7-апрелдин сабактарын туура өздөштүрүшкөн экен, деп канааттанууга болот.

Демилгелүү болуу үчүн улуу муундан уруксат сураштын өзү мажүрөөлүккө тете.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG