Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Кымбатчылык: калктын керектөөсү, өкмөттүн реформасы


Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү жыйынында базардагы кымбатчылык маселеси көтөрүлдү. Депутаттар өкмөттүн иш-аракеттери натыйжасыз болуп, инфляция карапайым калкты каржалтып жатканын айтышты. Министрлер кабинети башталып жаткан реформалык иштер жакшы натыйжа берет деп ишендирүүдө.

Азык-түлүктүн баасы жана калктын жашоо-турмушунун деңгээли тууралуу Бишкектин тургундарына "Азаттыктын" микрофонун сундук:

“Кымбат, кандай болмок эле. Кымбатчылык оор эле сезилип жатат. Пенсиядамын, 5000 сом алам”.

“Шаар жеринде кандай болуп жатканын билбейм, айыл жеринде эл кыйналып эле жатат. Эл деген өз арбайын өзү согуп жатат да айылда”.

“Баарынан да азык-түлүк кымбаттап кетти. Маянабыз анча деле көп эмес. Бүт баары кымбаттап жаткандыктан, жакшы эле сезилип жатат”.

“Эми, азыркы заманда өнүгөбүз десек, бардык эле нерсе кымбаттайт го. Инфляция бизде эле эмес, дүйнө жүзү боюнча болуп жатат”.

4-апрелде Жогорку Кеңеште өткөн өкмөттүк саатта азык-түлүктүн кымбаттап жатышы жана өкмөттүн иш-аракеттеринин жетишсиздиги боюнча маселе орчундуу болду.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков базардагы азык-түлүк баасы тынымсыз өсүп, карапайым калктын жашоо-турмушун оорлотуп жатканын айтты. Ал маяна менен пенсия, жөлөк пул көбөйгөнү менен, базарда баа көтөрүлүп кеткенин белгиледи:

“Акыркы жылдары бир канча тармактарда айлык, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүп жатат. Бул жакшы. Бирок биз айылдарга барып келдик, аксакалдар, калктын аялуу катмары менен сүйлөштүк. Пенсиянын, айлыктын көтөрүлгөнү эч сезилбей жатат дейт. Инфляция өсүп жатат дейт. Кандай жардам берсек болот аларга? Күндөлүк керектелүүчү товарлардын, азык-түлүктүн баалары өсүп жатат. Элдин чөнтөгүнө күч келүүдө. Маселени кантип чечсек болот? Бир жагынан айлык-маяна, пенсияны көтөрүп жатабыз. Экинчи жагынан, бардык азык-түлүк кымбаттап жатат”.

Улуттук банктын маалыматында, Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли учурда - 5,1%. Мекеменин божомолу боюнча 2024-жылы азык-түлүктүн баасынын кымбатташы 5-7% түзүшү мүмкүн. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, Кыргызстандагы керектөө баалары 2022-жылы 15,8%, ал эми 2023-жылы орточо 7,3% өскөн.

Инфляциянын жүгүн жеңилдетүү үчүн кыргыз өкмөтү 2022-жылдын апрелинен баштап бюджеттик кызматкердин маянасын жана пенсия менен жөлөк пулду 50% эки эсеге чейин көтөргөн. 2023-жылы да 25% жакын жогорулатылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров калктын турмушун жеңилдетүү үчүн өкмөттө кардиналдуу реформалар жүрүп жатканын айтып, анын натыйжалары жакын арада сезиле баштаарын билдирди:

“Пенсия, айлыктар жогорулаганы сезилбей жатат деген катмарларга жолугуп калсаңыз керек. Дээрлик көпчүлүгү сезди. Бирок, сиз айткандай, убакыт ордунда турган жок, баалар дагы өсүп жатат. Биз ошонун үстүндө иштейбиз. Иштеп жатабыз, алдыга дагы жылабыз. Мына жакында Соцфонддун киргизген бир топ мыйзамдарын колдоп бердиңиздер. Пенсия боюнча реформанын биринчи этабы башталды. Пенсияны сиз билесиз да, бул өкмөт бере турган пособие эмес. Бул адам баласы өзү колу-буту аман жүргөн кезде өзүнө карылыкка топтогон акчасы. Эгерде экономикалык ыкмаларды карай турган болсок, бир пенсионерге үч иштей турган киши керек эле. Кыргызстанда азыр бир пенсионерге 0,8 иштеген адам болуп калды, реформаларга барбай жатып. Биз ушул реформалардын башатын сиздер менен чогуу баштадык. Муну жакынкы аралыкта сезесиздер. Мына көрдүңүздөр, тоголок жетимдерге жардам бере баштадык”.

Жапаровдун айтымында, өлкөдөгү томолой жетим балдарга 18 жашка чыккандан кийин мамлекеттен 500 миң сомдон берүү боюнча чечим чыгып жатат. Ал үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Социалдык фонддун эсебинде өлкө боюнча 1868 томолой жетим бар. Алар эрезеге жеткенде акчаны алып, жогорку окуу жайларда билим алууга же үй курууга/алууга жумшай алат.

Мындан тышкары, социалдык аярлуу катмардагы калктын абалын жакшыртуу үчүн "Социалдык келишим" долбоорун жүргүзүп келет. Мында жөлөк пул алган үй-бүлөгө чакан ишкердик кылып, ирденип кетиши үчүн бюджеттен 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилет. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 210 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө бар.

Күндөлүк керектелчү азык-түлүктүн түрү
Күндөлүк керектелчү азык-түлүктүн түрү

Кыргызстан социалдык маанилүү делген тогуз азык-түлүктүн үчөө менен өзүн толук, дагы экөө менен 80% камсыздайт. Ал эми төрт азык-түлүктүн жана башка керектүү товарлардын көпчүлүгүн Орусия, Казакстан, Кытай, Түркия өңдүү мамлекеттерден ташып келет.

Экономикалык талдоочулардын эсептөөлөрү боюнча дүйнөнүн бир катар аймактарындагы куралдуу жаңжалдардан жана чийки зат менен логистиканын кымбатташынан улам 2024-жылы азык-түлүктүн баасында 10% ашуун өсүш болору күтүлөт. Орусиянын өндүрүүчүлөрү быйыл баа 20% чейин өсөрүн жарыялап жатат. Азык-түлүктүн көпчүлүгү Орусиядан импорттолгондуктан, анын Кыргызстандагы баага да таасири тийиши мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG