Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Кыргыз сүрөтчүлөрү сүйгөн эркиндик жана табият


Сүрөтчү Бообек Арыковдун таштан жасаган "Балык миграциясы" аттуу эмгеги.
Сүрөтчү Бообек Арыковдун таштан жасаган "Балык миграциясы" аттуу эмгеги.

Кыргызстанда Сүрөтчүлөр бирлигинин 90 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюмдун салттуу жазгы көргөзмөсү ачылды. Анда живопись, графика, скульптуралык ондогон эмгектер коюлду. Алардын ичинде экология, эркиндик темаларына кайрылган сүрөтчүлөр арбын. 

Жыгач канаттуучулар, айнек идиштер, "сүйлөгөн" сүрөттөр

Музей ичиндеги түрдүү жанрдагы жүздөгөн эмгектер аныгында эле көргөндүн көз жоосун алат. Адам турмушу, жаратылыш, табышмактуу эмгектер ар бири өзүнчө терең сырды катып тургансыйт. Баамдаганга ар бир кыл калем ээси кайсы бир сүрөтү менен коомчулукка кандайдыр бир коңгуроо кагып, чакырык таштагандай. Картиналардан сырткары жыгач, тери, кийиз, айнек, таштан жасалган оригиналдуу кол эмгектерди көрүүгө болот.

Сүрөтчүлөр союзунун 90-жылдык мааракесине арналган жазгы көргөзмө. Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун бардык сүрөтчүлөргө арнаган эмгеги.
Сүрөтчүлөр союзунун 90-жылдык мааракесине арналган жазгы көргөзмө. Сүрөтчү Залкар Эсенкановдун бардык сүрөтчүлөргө арнаган эмгеги.
Сүрөтчү Нурбек Жолбуновдун кийизден жасалган "Нооруз" аттуу эмгеги.
Сүрөтчү Нурбек Жолбуновдун кийизден жасалган "Нооруз" аттуу эмгеги.

Айрыкча көрүүчүлөрдү адам турмушу, жаныбарлар дүйнөсү, табияттын түркүн элеси түшүрүлгөн эмгектер суктандырды.

Сүрөтчү Өмүркул уулу Базаркулдун экология темасын көтөргөн "Жардам" аттуу эмгеги.
Сүрөтчү Өмүркул уулу Базаркулдун экология темасын көтөргөн "Жардам" аттуу эмгеги.

Көргөзмөнүн кире беришинде жыгачтан жасалган илегилек, каз, кыргоол жана жылан менен арбашкан бүркүт турат.

Курманбек Карыповдун жыгачтан жасаган түркүн канаттуулары.
Курманбек Карыповдун жыгачтан жасаган түркүн канаттуулары.

Булардын автору, сүрөтчү Курманбек Карыпов түркүн канаттуулардын тулку боюн табият өзү “жасаганын”, аларды болгону сүрөтчү катары көрө билип, чогултканын айтат.

Курманбек Карыповдун жыгачтан жасаган түркүн канаттуулары.
Курманбек Карыповдун жыгачтан жасаган түркүн канаттуулары.

"Адам менен табият бир бүтүндүк"

Ал эми сүрөтчү-дизайнер Кайыргүл Казыбекованын көргөзмөгө вазага тартылган кооз сүрөттөрү, айнектен жасаган жасалгалары коюлган.

Кайыргүл Казыбекованын эмгектери.
Кайыргүл Казыбекованын эмгектери.
Кайыргүл Казыбекованын эмгектери.
Кайыргүл Казыбекованын эмгектери.

Автордун айтымында бул кооз жасалгалары аркылуу чет өлкөгө далай чакырылган. Мындан сырткары анын “Эне”, “Мүнүшкөр”, “Буйвол” аттуу сүрөттөрү да илинди.

"Буйвол".
"Буйвол".

“Буйвол” аталган эмгеги менен сүрөтчү айым экология көйгөйлөрүн көтөргөн.:

Кайыргүл Казыбекова.
Кайыргүл Казыбекова.

“Бул сүрөт протест эле эмес, адам менен жаныбар, аба-суу, жалпы табият баары бир бүтүн экенин билдирип турган иш. Мындай карап тургандар буйволдун элесин көрөт, бирок жакшылап үңүлгөндө адамдын көзүн, ички дүйнөсүн да көрүшөт. Артындагы бир өңдөгү эмес, ак-саргыл түстөр болсо азыркы экологиянын абалы. Мындайча айтканда өтө жаркын маанай көрүнбөй турат. Эми калганын көрүүчүлөр өз дүйнө таанымына жараша чечмелесе болот. Бирок көргөндөрдүн 60-70 пайызы экология көйгөйүн көрө алышат деген ойдомун”.

Сүрөтчүлөр союзунун 90 жылдык мааркесине арналган жазгы көргөзмө.
Сүрөтчүлөр союзунун 90 жылдык мааркесине арналган жазгы көргөзмө.
Көргөзмөнү көргөнү келген эл.
Көргөзмөнү көргөнү келген эл.

"Көзүбүздү чоң ачсак"

Дээрлик бир кылымдай тарыхый бар сүрөтчүлөр уюмунун учурдагы мууну талантуу, өзгөчө идеяларга бай бир топ сүрөтчү-скульпторлор менен толукталганын адистер да көргөзмөнүн бет ачарында кеп кылды. Аныгында бири-бирине окшобогон, бири-биринен артык көрүнгөн эмгектердин коюлганы буга далил болгонсуду.

Ондогон кыл калем чеберлери өздөрүнүн соңку кезде жараткан, мыкты делген эмгектерин алып келген. Анан да бул мааракелик көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – өзгөчө көз карашы, айта турган пикири бар айым сүрөтчүлөрдүн эмгектери басымдуу болгонунда.

Алардын катарында Гүлмира Сатарованын кийизден жасалган эки эмгеги бар.

Гүлмира Сатарованын жүндөн жасаган эмгеги.
Гүлмира Сатарованын жүндөн жасаган эмгеги.

Сүрөтчү, ууз айым аны “Кайдыгерлик” деп атаган. Биринчи эмгегинде көңдөй карек жасалып, тегерегинде бир топ төөнөгүч турат.

Гүлмира Сатарова.
Гүлмира Сатарова.

“Бул эки эмгегим менен учурдагы менин көңүлүмө учураган бардык аянычтуу көрүнүштөрдү бергим келди. Мисалы мында өлкө ичиндеги акыйкатсыздык менен коштолгон окуялардын баары бар. Жаратылышка мамилебиз да камтылган. Эмне үчүн көздү анан төөнөгүчтөрдү жасадым. Көздү чоң ачып, бардык нерсеге жакшылап аңдап карайлы, дегеле өлкө келечегине кайдыгерлик кылбасак, чындыкты сындырбасак деген чакырыгым. Эгер кайдыгерлик кылып ушул нерселерди убагында байкабай өткөрүп жиберсек анда кайдыгерлик биздин көзүбүздү төөнөп койбосун деген ой. Айтор айта турган оюм өтө көп”.

Сүрөтчү Зайнидин Осмоналиевдин "Буурчак чогултуу" аттуу эмгеги.
Сүрөтчү Зайнидин Осмоналиевдин "Буурчак чогултуу" аттуу эмгеги.

Айтор кайсы бир эмгекти мисалга албайлы, алардын баарында бир ой камтылганын аңдоого болот. Айрымдары эмгекти сүйүүгө үндөсө, айрымдары биримдикке чакырып турат. Ал эми айрым сүрөтчүлөр эмгектеринде эркиндикти даңазалап, анын кадырын билүүгө чакырат.

Бообек Арыковдун таш балыктары.
Бообек Арыковдун таш балыктары.

"Балык миграциясы - калктын көчү"

Көптөгөн сүрөт жана кол эмгектердин ичинен кадимки таштан жасалган эки балык да көрүүчүнүн кызыгуусун арттырып турат экен. Булар сүрөтчү-скульптор Бообек Арыковго таандык. Аны кепке тартып, таш балыктардын таржымалына кызыктык.

Бообек Арыков.
Бообек Арыков.

“Биздин сүрөтчүлөр уюмунун 90 жылдыгы болуп жатат, бул чынында кыргыз маданияты үчүн зор жаңылык. Бул жерге жалаң тандалган, жакшы иштер коюлду. Алардын катарында менин “Ысык-Көл” аталган сүрөтүм менен “Балык миграциясы” аталган скульптуралык эмгегим бар. Оң жактагы балыктын бир ташын балам Ысык-Көлдөн алып келген, сол жактагы балыктын ташын Таластан өзүм таап келгем. Ал эми куйругу Чүйдүн ташы. Карасаңар жандуу сүзүп жүргөн балыктарга окшоп турат. Анан аталышын ар жактан чогултулганы үчүн “Балык миграциясы” деп койгонум менен чынында бул эмгегим Ысык-Көлдөгү жок болуп кеткен балыктарга да тиешелүү. Жаратылышка биринчи кезекте сүрөтчүлөрдүн жаны ачыйт. Биз бала кезде мисалы чабактарды кармачу элек, азыр аларды таппайсың. Ошол эле маалда өлкөбүздөгү жарандардын миграциясын да түшүнсөк болот. Негизи таш менен иштөө татаал. Ошондуктан буга көп көрүүчүлөр кызыгып, айрымдары бирге иштешүүнү сунуштап жатышат”.

Бообек Арыковдун көргөзмөгө мындан сырткары “Ысык-Көл” аттуу сүрөтү да коюлган. Кызыгы көлдү ал кара түс менен берген. Көрүүчүлөрдүн кай бири сүрөттө көлдүн кечки тунук кези, андан көрүнгөн таштар тартылганын айтып жатышса, дагы башкалары таштандылар булгап жаткан өлкө берметин көргөнүн айтып жатышты.

"Ысык-Көл". Бообек Арыков.
"Ысык-Көл". Бообек Арыков.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылган бул көргөзмөнү көрүүнү каалагандар апрель айынын 27сине чейин баш бакса болот.

Сүрөтчү Чаланов Ишенбектин териден жасалган "Маңкурт" аттуу эмгеги.
Сүрөтчү Чаланов Ишенбектин териден жасалган "Маңкурт" аттуу эмгеги.

Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу өлкөдөгү бардык жанрга кайрылган сүрөтчү, скульпторлорду жана искусство таануучуларды бириктирген коомдук чыгармачыл уюм. Ал 1933-жылы уюшулуп, 1934-жылы жетекчи органы шайланган. Эң биринчи болуп белгилүү сүрөтчү Семен Чуйков жетектеген. Уюм сүрөтчүлөрдүн идеялык-тарбиялык, кесиптик жана теориялык деңгээлин көтөрүү жаатында иш жүргүзөт жана түрдүү сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурат.

  • Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG