Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:13

"Мырзанын үйүн суу жууп кетти". Оренбургдагы кыргыздар (видео)


Оренбургдагы ташкын: үйсүз калган кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:43 0:00

Оренбургдагы ташкын: үйсүз калган кыргыздар

Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкындан кыргыздар дагы жабыркады. "Азаттык" орус жарандыгын алган кыргыз тектүү 10дой үй-бүлөнүн там-ташы суу астында калганын тактады.

Суу астында калган үйдөн жаныбарлар куткарылууда. Оренбург.
Суу астында калган үйдөн жаныбарлар куткарылууда. Оренбург.

Оренбургда абал оор бойдон калууда. Орск шаарындагы Уралдын суусу кирип, дарыянын сол жээгиндеги дамба 5-апрелдин кечинде жырылып кеткен. Натыйжада миңдеген үй суу астында калды.

"Жаңы эле курган үйүм болчу"

"Бул Мирландын үйү, ары жакта Мырзанын үйүнүн бир дубалы көчүп, бөлмөнүн ичи көрүнүп калыптыр. Самандан курулган там эле. Тигил жакта Нурбек байкенин үйү. Биз экинчи кабатка бардык техника, төшөктөрдү, мебелдерди чыгарып койгонбуз. Суу экинчи кабатка жетейин деп калыптыр, биринчи кабат көрүнбөйт, толугу менен суу каптаган", - деп кыргызча сүйлөп жатканын угууга болот "Азаттыкка" келген видеодон.

Ташкындан жабыркап, там-ташы суу астында калгандар арасында орус жарандыгын алган кыргыздар да бар. Көбү суу каптарын укканда документтерин жана керектүү кийимдерин гана алып чыгууга үлгүргөн. Алардын бири Медет үй ичинде калган буюм-тайымдын көбү жараксыз абалга келгенин айтты:

"Ушул жерде жашап, там салганыма 18 жыл болду. Баары суу астында калды. Буюм-тайым, кийим-кеченин баары ошонун ичинде жатат. Чыгарууга жетишпей калдык. Бир күндө эле ушунча болуп кетти. Биринчи күнү мынчалык болот деп ойлобой эле документтерибизди, бир сыйра кийимибизди алып чыгып кеткенбиз. Эртеси келсек, тамды суу басып калыптыр. Муздаткыч, телевизор, кир жуучу машинанын баары суу астында жатат. Анча-мынчаларын экинчи кабатка чыгардык эле, суу ал жакка дагы жетиптир дейт. Губернатор чогулуш кылган экен (12-апрелде) сууну кетирип алалы аман-эсен, андан кийин комиссия текшерип, кимге канча чыгым болсо ошого жараша кенемте төлөп, жардам беребиз деди го. Азыр бул жерде өзүбүздүн жамааттын балдары келип жардам берип жатат. Жок дегенде кийим-кечелерибизди алып келиш керек болууда. Катер келсе экинчи кабаттан кирип, жок дегенде кышкы кийимдерди алып чыкканга аракет кылышат".

Оренбург, Орусия.
Оренбург, Орусия.


Медет уулу азыр Украинага согушка кеткенин, суу каптаганга чейин үйүндө неберелери менен жашап жатканын кошумчалады.

Оренбургда миңден ашуун кыргыз жашайт. Алардын дээрлик басымдуусу орус паспортун алгандар. Көпчүлүгү бери дегенде 10-15 жылдан бери ошол аймакта жашап, ишкерлик кылып, бала-бакыралуу болуп отурукташкан.

Дагы бир кыргыз жигити Мирландын быйыл жаңы эле куруп бүткөн үйү суу астында калган. Мирлан орус паспортун 2021-жылы алган экен.

"Үйүмдү жаңы эле куруп бүткөм. Дагы жакшы ичин ремонт кыла элек болчумун. Быйыл жайында жасайм деп жаткам. Жертөлө, биринчи кабатын толук суу каптады. Экинчи кабатка жарым метр эле калды. Мен 2007-жылдан бери ушул жактамын. Бул тамды үч жылда салгам. 4 млн рубль каражат кеткен. Суу дагы көбөйүүдө. Эртең экинчи кабатка жетчүдөй болуп жатат. Бир саатта 40 см көтөрүлүп жатат. Чоң эле дарыя кирип, эч ким эч нерсе кыла албай жатат. Тамак-аш жагынан маселе деле жок".

Оренбургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Таалайбек Курманбековдун айтымында, кыргыз тектүү он кишинин үйүн суу каптап, айрымдарынын дубалы урап түшкөн.

"Урал дарыясы көтөрүлүп кетти. Мынчалык болот деп эч ким күткөн эмес. үйдөгү эмеректерин экинчи кабатка чыгарышып, башка жактарда жашап атышат. Айрымдары шаарда баласынын, кээ бири туугандарынын үйүнө убактылуу көчүшкөн. Суу азыр үйлөрдүн экинчи кабатына чейин чыгып кетти. Бул жердеги бир жердешибиздин үйү кулап, көрүнбөй калды. Анын жанында дагы төрт кыргыз бар эле, азырынча турат. Бирок экинчи кабатка чейин суу көтөрүлүп калды. Тигил жактагы бир байкебиздин үйүнүн биринчи кабаты сууга толуп калыптыр. Дагы бир кыргыз жигиттин үйүнүн жертөлөсүнө суу толуп, көтөрүлүп жатыптыр. Бир күндө эле суу 50 сантиметрге көтөрүлдү. Кечээ Уралдын жээгине барганбыз, ошол жерде үйлөнгөн дамбаларды орноштурган. Суу эки метрдей калган, азыр 15 эле см калды деп айтып жатышат".

Окуянын хронологиясы

5-апрелде Урал дарыясынын сол жээгиндеги дамба жырылган. Айрым маалыматтарга караганда дамба 2014-жылы эле курулган жана ага миллиард рубль жумшалган.

6-апрелде Уралдын дарыясынын оң жээгиндеги дамба дагы жырылып, Никель, Жаңы шаардын райондорун, борбордук Гагарин атындагы аянтты суу каптаган. Аймактын бийлиги кырсык болгон алгачкы күндөрү үйлөрүн "кырдаал начарлаганын күтпөй чыга берүүнү" эскерткен. Оренбург шаарынын мэри Сергей Салмин кырдаал оор экенин, жашоочулар өз эрки менен кооптуу аймактан чыгып кетпесе, күчкө салып эвакуациялай турганын эскерткен.

Оренбург, Орусия.
Оренбург, Орусия.

7-апрелде орус президенти Путиндин тапшырмасы менен Орск шаарына өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков учуп келген. Эртеси жашоочулар менен жолугушууда бийликтин дарегине бир катар сындар айтылган.

8-апрелде эл Орск шаарынын мэриясынын алдында митинг өткөргөн. Алар шаар башчысы Василий Козупицага нааразылык билдирип, кызматтан кетишин талап кылышкан. Чогулгандар кырсык болорун бийликтер жашоочуларга бир нече саат калганда гана эскерткенине нааразылык билдиришкен. Чогулгандар күнөөлүүлөрдү жазалоону, кенемтенин суммасын көбөйтүүнү суранышкан. Бийлик азырынча үйү толук кыйрагандарга 100 миң, үйү жарым-жартылай бузулгандарга 50 миң рублдан берүүнү убада кылууда.

12-апрелде Оренбург шаарында суу ташкынга байланыштуу сирена жаңырып, калкты жапырт коопсуз жактарга көчүрүү иштери уланган. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Салмин билдирген. Буга чейин облус аймагынан 13 миңдей адам эвакуацияланган. Оренбург облусунун администрациясы билдиргендей, суу алдында 12 миңдей үй, 15 миңден көп короо-жай калууда. Төрт калктуу конушта электр жарыгы жок.

13-апрелге карата Урал дарыясындагы суунун деңгээли дагы 30 сантиметрге көтөрүлүп, 11,71 сантиметрге чейин жеткенин аймактын губернатору Денис Паслер кабарлады. "Бул жогорку чек деп үмүттөнөбүз: мындан ары өсүш болбойт, кырдаал турукташат, андан кийин төмөндөө башталат", - деди Паслер. Анын айтымында ташкын аймактын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калды.

Соңку эсептерге караганда, жаратылыш кырсыгынын кесепети 40 млрд рублге бааланууда. Акыркы маалыматта кеминде беш адам каза тапканы кабарланды. Облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Андан тышкары Курган, Томск, Тюмен, Кемеров облустарынан дагы суу ташкынга байланыштуу жергиликтүү калкты эвакуациялоо иштери жүрүүдө. Кошуна Казакстандын он облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жүз миңдей киши жабыркаган аймактардан коопсуз жактарга көчүрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Оренбург облусунда суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар бар-жогун тактоодо. Кыргызстандын Оренбургдагы мурдагы ардактуу консулунун алдын ала маалыматында суу каптоодон жабыркаган кыргызстандыктар азырынча каттала элек.

Оренбургдагы суу ташкындан кийинки абал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG