Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Заманбап балет труппасы бийчилерге дем береби?


Кыргызстандык балет бийчиси Канат Надырбек Мариинский театрындагы кесиптештери менен. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандык балет бийчиси Канат Надырбек Мариинский театрындагы кесиптештери менен. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда алгачкы жолу 40 бийчиден турган заманбап балет труппасы түзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады. Чыгармачыл топ Улуттук филармониянын курамында болору маалымдалды. Заманбап балет труппасына бийчилер кантип тандалып, кандай ишмердүүлүк жүргүзөрү тууралуу кеп кылабыз.

Классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасына 18 жаштан 25 жашка чейинки улан-кыздар тандап алуу жолу менен кабыл алынат. Кастинг 2024-жылы 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында өттү.

Кастингге советтик жана орусиялык хореограф, "Тодес" эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духова баштаган бир катар белгилүү жергиликтүү хореографтар калыстык кылды.

Заманбап балет труппасы боюнча өткөн маалымат жыйын.
Заманбап балет труппасы боюнча өткөн маалымат жыйын.

Атайын Орусиядан чакыртылган "Тодес" эл аралык балетинин негиздөөчүсү Алла Духова алдыда майнаптуу иштер болоруна ишенерин билдирди:

Алла Духова.
Алла Духова.

“Менимче, бул мыкты улуттук балет труппасы болот. Бий жамаатынын ишмердиги алардын мугалимдерине көз каранды. Бирок, албетте, биринчи этаптарда биз кастингден өткөндөргө жардам беребиз. Аларга атайын сабактар өтүлөт. Мүмкүн, кастингге абдан таланттуу бийчилер келип, алдыда бизден да мыкты үлгүнү көрсөтүп коёр. Бул толук мүмкүн. Азырынча кыргыздын балет бийчилери менен тааныша элек болчумун, эми кастинг болгондо баам салып дагы пикир айтармын. Негизи бизден кандайдыр бир көмөк керек болсо, колдон келишинче жардам беребиз. Мен биздин бул кызматташтыкка кубанычтамын жана ал натыйжасын берет деген ойдомун”.

Жаңы түзүлгөн балет труппасы Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын штатына кабыл алынып, Кыргызстандагы алгачкы заманбап балет труппасы болуп калары айтылды.

Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов ар тараптуу, заманбап балет бийчилеринин тобу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Кыргызстанда түзүлүп жатканын, азырынча ага кабыл алуу боюнча 100гө жакын арыз түшкөнүн айтты:

Кыргызбай Осмонов.
Кыргызбай Осмонов.

“Алгач эле бул балет труппасы кандай болот, ишмердиги кандай жүрөт деген суроолор болуп жатат да. Мисалы, биздин улуттук опера жана балет театрыбыздагы балет искусствосу такыр башка. Жаңы түзүлүп жаткан балет труппасы өзүнө ар тармактуу бийлерди камтып турган арт-балет болот. Азырынча түзүлүп жаткан бул топко ат да ыйгара элекпиз. Алдыдагы кастингден бизге мыкты адистер таланттуу бийчилерди тандап берсе, анан атын да ылайыктап коёбуз”.

Кыргызбай Осмонов балет труппасынын ишмердиги үчүн филармонияда бардык шарттар бар экенин, бийчилер тандалса, маянасы штаттагы кызматкерлердикиндей болорун айтты.

Заманбап балет труппасына тандоо жөнүндө кулактандыруу.
Заманбап балет труппасына тандоо жөнүндө кулактандыруу.

Бийчилерди тандап алууда Алла Духовадан сырткары белгилүү кыргыз балет бийчиси Канат Надырбек, “Ак марал” бий ансамблинин көркөм жетекчиси Анара Нургалиева жана Азиза Миңжылкыева, Екатерина Белоус баш болгон бий адистери калыстык кылат.

Жаңы түзүлүп жаткан шоу-балет труппасынын өзгөчөлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, балет бийчиси Канат Надырбек мындай деди:

“Эми жаңы түзүлүп жаткан балет труппасынын келечеги кандай болорун алдыдагы убакыт көрсөтөт го деп турам. Албетте, жаңы чыгармачыл топтун түзүлүп жатканы эң туура кадам болду. Биздин көзгө басар мамлекеттик маданий жайларда буга чейин классикалык балет жана “Ак марал” улуттук бий ансамбли иш жүргүзүп келгени маалым. Ал эми бул топко заманбап стилдеги бийчилер тандалууда. Мындайча айтканда, кадимки классикалык балеттен айырмаланып, шоу-балет сыяктуу болот. Репертуарларында башка стилдеги бийлердин элементтери камтылат. Бул балетке элдин кызыгуусун артыруу аракети дагы болсо керек. Ушинтип, жаңы кадамдар башталып, бийчилерге да дем бергенибиз туура. Кастингге жакшы даярданган хореографтар келди. Буга чейин айлыктын аздыгынан улам бир топ мыкты бийчилерибиз чет өлкөгө да чыгып кеткен. Эми Маданият министрлиги бийчилердин айлыктарын көбөйтөбүз деп жатат. Чет жакка чыгып кеткендер эми кайрадан өз өлкөсүнө келип, маданиятыбызга кызмат кылышса жакшы болмок”.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 1936-жылы уюшулган. Анын алгачкы тобун 41 маданият ишмери - комузчу, обончу, манасчы, куудулдар, эл аспаптар оркестри, мамлекеттик хор, комузчулар ансамбли, эркектердин вокалдык квартети, дунган ансамбли, үйлөмө аспаптар оркестри жана башкалар түзгөн. 2001-жылы маданий мекемеге Улуттук статусу берилген.

400дөн ашуун адам эмгектенген филармонияда азыр Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри, Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр, "Камбаркан" этнографиялык ансамбли, "Ак марал" бий ансамбли жана "Эл ырчысы Эстебес" тобу баш болгон тогуз чыгармачыл жамаат иш жүргүзүп келет.

  • Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG