Украинанын Куралдуу күчтөрү фронтто кырдаал курчуганын, украин аскерлери айрым конуштардан артка чегингенин билдирди. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров өзүн айыптуу деп тапкан райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна даттанарын айтты.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырский фронтто кырдаал курчуганын, украин аскерлери айрым конуштардан чегингенин билдирди. Орус армиясы Донецк облусунун Очеретино шаарчасынын карамагындагы Новобахмутовка айылын өз көзөмөлүнө алганы айтылууда.
Орус армиясы Донецк облусунда Новобахмутовка деген айылды өз көзөмөлүнө алганы кабарланды. Биринчи күнгө караган түнү Донецк, Харьков, Сумы жана Запорожье облустарына жасалган минометтук чабуулдардан кеминде жети киши жараат алганы кабарланды.
АКШда жайгашкан Уйгурлардын адам укуктары долбоорунун маалыматына караганда, расмий статистикада Шинжаңда 2017-2022-жылдар аралыгында 578 миңден ашуун киши кылмыш жообуна тартылганы айтылып жүрөт.
Орусияда коргоо министринин орун басары, армиядагы башкы "куруучу" аталган Тимур Ивановго министрликтин буюртмасы менен жүргүзүлүгөн курулуштардын бирине деп мамлекеттен каражат бөлүнгөндө ал "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деген айып тагылууда.
Борбор азиялык немистер Германияга 1990-жылдардын башында кете баштаган. Ал кезде немис өкмөтү тарыхый журтуна көчүп келген немистерге бир топ жеңилдиктерди берген.
БШК депутат Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты. Колумбия университетинде башталган студенттердин палестиндерди коргоо акциясы АКШнын дээрлик бардык жогорку окуу жайларына жайылды. Орусияга бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай турат.
Колумбия университетинде башталган студенттердин палестиндерди коргоо акциясы Американын дээрлик бардык жогорку окуу жайларына жайылды.
Куралдуу жаңжалдар күчөгөнү, дүйнө эл аралык укуктун кыйрашына күбө болууда. Эл аралык мунапыс уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жылдык баяндамасында ушундай бүтүмгө келген. Жаңы документте 155 өлкөдөгү жана аймактагы, анын ичинен Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына баа берилет.
24-апрелдин кечинде АКШнын президенти Жо Байден Украинага кошумча аскердик жардам караган мыйзамга кол койду. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту билдиргендей, жакынкы күндөрү фронтто айыгышкан кармаштар уланып, украин армиясы айрым тилкелерде артка чегиниши ыктымал.
Дагы жүктөңүз