2024: Дүйнөгө таасир эте турган шайлоолор

Трамп, Путин, Байден

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2024-жыл шайлоолорго бай жыл болот. Трамп, Путин, Байден баш болгон дүйнөлүк саясатчылар шайлоого аттанып, электен өтө турган жыл. Анткени дүйнөдөгү ири жана кубаттуу өлкөлөрдө шайлоолор өтөт. Тагыраак айтканда, шайлоолор өткөрүлчү 80ге жакын өлкөдө дүйнөдөгү калктын жарымынан көбү жашайт.

Ошол шайлоолордун айрымдары эркин жана таза өтсө, калгандары андай болбошу да мүмкүн.

Бирок жакынкы жылдары дүйнөнү өзгөртүүдө шайлоолор олуттуу таасирин тийгизет. Алардын кээ бирлери тууралуу айта кетели.

Орусияда ким озуп чыгат деген соболго жооп даяр өңдүү

Март айында Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Анда Владимир Путин сөзсүз жеңишке жетет. Анткени оппозициялык талапкерлер шайлоого катыштырылбай, көз карандысыз маалымат каражаттарын өлкөдөн чыгарышууда.

Бирок жарандардын шайлоого азыраак катышышы Орусиянын көптөн берки лидерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Орусиянын саясатын бир колго мыкчып алган делген Путиндин таржымалы, ишмердиги тууралуу бир кылка пикир жок.

Путин бийлик тизгинин 2000-жылдан бери колунда кармап келе жатат. Ал Орусиянын президенти жана өкмөт башчысынын кызмат орундарын ээлеп, Кремлди 1953-жылы каза болгон советтик диктатор Иосиф Сталинден кийин эң узак мөөнөт башкарган жетекчи болуп келе жатат.

Путин бийлик тизгинин 2000-жылдан бери колунда кармап келе жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин бийлик тизгинин 2000-жылдан бери колунда кармап келе жатат

2020-жылы Орусияда конституциялык реформа боюнча жүргүзүлгөн талаштуу добуш берүүдөн кийин, Путинге 2024-жылы аяктай турган, учурдагы төртүнчү президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да өлкө лидери бойдон калууга мүмкүнчүлүк берилди. Демек, ал 2036-жылга чейин Кремлдеги ордо тагында кала бериши ыктымал.

Сынчылар Путинде анын дүйнө таанымын түзгөн советтик доордун белгилерин көрүшөт. СССРдин ыдырап кетиши менен орун алган коомдук дүрбөлөңдөрдөн кийин анын зоболосу көтөрүлүп, ооматы артып, ал бийликтин туу чокусуна жеткен. Буга чейин ал советтик коопсуздук кызматы — КГБнын тыңчысы болгон.

Анын жоро-жолдоштору, санаалаштары, жардамчылары, тегерегиндеги тааныштарынын көбүндө атайын кызматтар менен байланыштары болгон. Путиндин саясий жолу 90-жылдардын башында башталган. Ошол жылдары, Путин мурда ага университетте укук боюнча сабак окуган мугалими, Санкт-Петербургдун ошол кездеги калаа башчысы, Анатолий Собчактын башкы жардамчысы болгон.

Калкы кайнаган Индия, Британияда иши оорлогон консервативдер жана башкалар...

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди кубаттуу лидер катары өлкөсүндөгү шайлоого талапкерлигин коет. Бирок анын мусулмандарга каршы саясатынан улам, өлкөдө жиктелүүлөр болуп келди. Ал бийликте дагы он жылдай убакытка калуу максатында кайрадан шайлоого катышары күтүлүүдө.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Британиянын премьер-министри Риши Сунак катаал сынооорго туш келиши мүмкүн. 2019-жылкы шайлоодо жеңишке жетишкенден бери бийликтеги Консервативдик партиясынын иши жүрүшпөй келет.

Сунак кыска мөөнөткө дайындалган үчүнчү лидер. Саясий чырлар жана партиянын туруксуздугу добуш берүүчүлөрдүн көңүлүн калтырды.

Мыйзам боюнча шайлоо 2025-жылы өтүшү керек, бирок көптөгөн аналитиктер, ал жакында өтөрүн айтышууда.

Түштүк Африкада президент Сирил Рамафоса жана бийликтеги партиясы 2024-жылы олуттуу маселеге туш болушу мүмкүн. Башкаруучу партия 30 жыл бийликте болуп келди. Анткени алар апартеид аяктагандан бери ар бир шайлоодо утуп келишти.

Африканын алдыңкы экономикасы, жумушсуздук, кылмыштуулук жана көптөн бери уланып келаткан энергия каатчылыгынан кыйналып келет. Бийликтеги партия басымдуулук кылып, биротоло утулбашы мүмкүн, бирок башка партиялар менен коалиция түзүүгө барат.

АКШ: океандын ары жагын толкуткан шайлоо

Ноябрь айында АКШда президенттик шайлоо өтөт. Учурдагы президент Жо Байден 2024-жылдын аягына барып 86га чыкса да, экинчи мөөнөткө барууну көздөөдө. Ал арада Дональд Трамп да Акүйгө кайтууга аракет кылып келет. Ошондуктан экөөнүн ортосунда олуттуу кармаш болчудай. Анткени анын жыйынтыгы АКШнын Украинага колдоосуна, Жакынкы Чыгыштагы ролуна жана союздаштары, душмандары менен болгон алакасына өз таасирин тийгизет.

АКШдагы шайлоо америкалыктардын эле эмес, чуулгандуу жагдайлары менен дүйнө коомчулугунун дагы көңүлүн буруп турган чагы.

2023-жылдын декабрында Колорадо штатынын Жогорку соту мурдагы президент Дональд Трампты 2024-жылдагы президенттик жарыштан четтетүү чечимин кабыл алган. Сот АКШнын Конституциясындагы "козголоңго же көтөрүлүшкө" катышкан чиновниктерге мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салган пунктка таянуу менен чечим чыгарганын жүйө келтирген.

Трамп жана анын аялы Мелания

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп жана анын аялы Мелания

2021-жылдын 6-январында Дональд Трамптын жактоочуларынын тобу анын атаандашы Жо Байден жеңгенин аныктаган президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгып, Капитолий дөңсөөсүндөгү Конгресстин имаратына бастырып кирген. Соттун чечими Трамптын ошол окуялардагы болжолдуу ролуна негизделген эле.

АКШнын түштүктөгү коңшусу Мексикада кырдаал башкача. Ал жакта эки талапкер тең аял киши. Ошондуктан өлкөдө биринчи жолу аял киши президент болуп шайланышы мүмкүн.

Аталган шайлоолордон өзгөчөлөнүп, чакан аралдагы шайлоонун таасири бир топ эле чоң болчудай.

Кенедей аралдагы шайлоонун кең дүйнөгө таасири тиеби?

Январь айында Тайван жаңы президентине добуш берет. Аталган аймак АКШнын союздашы болгону менен Бээжин аны Кытайдын бир бөлүгү катары санайт.

Жарандар Кытайды жактаган талапкерге же көз карандысыздыкты жактаган талапкерге добуш беришеби, анын жыйынтыгы дүйнөдөгү эки кубаттуу өлкө ортосундагы кагылышууга себеп болушу мүмкүн дегендер бар.

13-январда демократиялык Тайванда президенттик шайлоо болот. Аны Кытай "тынчтык менен согуштун ортосундагы тандоо" деп атады. Жарыштын күлүгүн Пекин "сепаратист" деп атап, эгер Тайван көз каранды болууга тырыша турган болсо, анда бирди көрө турганын эскертти. Эгер Кытай күч колдонууга барса, бүт дүйнөгө эң кесепеттүү кризис чыгышы ыктымал. Азыркы Украинадагы согуш, пандемия, 2008-жылкы финансылык кризис бул жакта эле калат.

Кытай тайвандыктарга кайрылып, ишкемби күнү өтчү шайлоодо негизги талапкерге добуш бербөөгө чакырды. Бээжин талапкер Уильям Лай Тайванды туура эмес жол менен каршылашууга, согушка алып барат деп эскертти.

Кытай Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү катары көрөт. Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф У шейшемби күнү Кытайга кайрылып, “шайлоого кийлигишпегиле" деп эскертти.

Президенттике талапкерлер — Уильям Лай,  Хоу Юи жана Кэ Вэньчжэ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттике талапкерлер — Уильям Лай, Хоу Юи жана Кэ Вэньчжэ

Тайван — Кытайдын түштүк-чыгыш жээгинен 100 км аралыкта жайгашкан арал мамлекет.Ал биринчи чынжырдагы аралдар деп аталган аймакта жайгашкан, бул АКШнын тышкы саясаты үчүн абдан маанилүү аймактар экени белгилүү.

Эгер Кытай Тайванды басып ала турган болсо, кээ бир батыш эксперттеринин баамында, анын бийлиги Тынч океан аймагынын батыш жагында эркин чабыттап, АКШнын Гуам жана Гавайы сыяктуу алыскы аралдардагы аскердик базаларына коркунуч туудурушу мүмкүн.

Кытай өз кезегинде өзүнүн максаты жана ниети таза экенин билдирүүдө.

Эми аталган рекорддук сандагы шайлоолордон кийин дүйнө такыр башкача болуп өзгөрүшү ыктымал.