Жеке маалыматтын купуялыгы

ириш сөз жана жалпы эрежелер

Сиз Би-Би-Си кызматтарын пайдаланып жаткан учурда Би-Би-Си сиздин жана үй-бүлөңүздүн жеке маалыматтарын коргоо милдетин алат.

Сизди Би-Би-Синин интернеттеги кызматтары менен камсыздоо үчүн бизге сиз тууралуу маалыматтар керек болот.

Мындай маалымат берген учуруңузда биз аны Бириккен Королдуктагы жеке маалыматтарды купуя сактоо жөнүндөгү мыйзамдарга, анын ичинде 1998-жылкы Маалыматты Сактоо Актысына ылайык колдонууга милдеттүүбүз.

Вебсайтта үчүнчү тараптар ээлик кылган жана иштеткен вебсайттар менен байланыштырчу гиперссылкалар бар. Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес. Аларды пайдалануу өз эркиңиз жана жоопкерчилигиңиз.

Би-Би-Си мен тууралуу кандай маалыматты сурайт?

Сиз Би-Би-Си вебсайтынын э-кат аркылуу жаңылыктар, конкурстар, түз баарлашуу, кат жазышуу сыяктуу кызматтарына катышуу же пайдалануу үчүн жазылсаңыз биз сиз тууралуу жеке мүнөздөгү маалыматтарды сурашыбыз мүмкүн. Мисалы сиздин атыңыз, электрондук дарегиңиз, жашаган жериңиздин дареги, телефон же мобилдик телефон номериңиз, туулган жылыңыз керек болушу мүмкүн.

Талап кылынган саптарга жеке маалыматтарды жазып, сиз Би-Би-Сиге жана анын интернет камсыздоочу провайдерине өзүңүз тандаган кызматтарды камсыздоого мүмкүнчүлүк бересиз.

Би-Би-Си ошондой эле "Кууки" дегенди колдонот. Кууки - бул сиздин интернеттеги көп колдонгон сайттарыңыз тууралуу чакан маалымат, анын жардамы менен биз өзүбүздүн сайтты сиздин талапка ылайыктай алабыз. Сиз өзүңүздүн браузерди (веб-байкоочуну) бардык куукилерди кабыл алгыдай, алар чыгарылганда билдирип тургандай, же эч качан куукини кабыл албагыдай кылган режимге коюп алсаңыз болот.

IP дарек

Ошондой эле, биз IP даректерин чогултабыз (IP дарек - бул интернеттеги ар бир компьютерди жана башка жабдууларды жаңылбай аныктоочу номер)

Сиздин колдонуучу катары тажрыйбаңызды өөрчүтүү максатында биз атайын анализ программасын колдонуп IP даректерин жана куукилерди карайбыз. Бул маалымат сиздин жеке профилди түзүү үчүн колдонулбайт, файлдар кезеги менен тазаланып турат.

Биз сиздин IP дарегиңизди колдонуп, сиз Би-Би-Си кызматтарын Бириккен Королдуктун ичинде же сыртында туруп пайдаланып жатканыңызды аныктайбыз.

Эгер сиз 16 жашта же андан жашыраак болсоңуз Би-Би-Сиге жеке мүнөздөгү маалыматтарды берүүдөн мурда ата-энеңиздин же тарбиячыңыздын улуксатын алыңыз. Мындай улуксаты жок колдонучуларга жеке маалыматтарын берүүгө тыйуу салынат.

Мен тууралуу маалыматты Би-Би-Си кандай пайдаланат?

Би-Би-Си сиз тууралуу маалыматты бир нече себептерге байланыштуу, алардын ичинде "кызматтарды камсыздоо максатыда" колдонот. Демек Би-Би-Си сиз тандап алып жазылган кызматка жараша сизге кайрылат.

Сиз берген маалыматты купуя сактайбыз, болгону, аны ачууга мыйзам жол берсе же маалыматты ачуу мыйзам тарабынан талап кылынса гана маалыматты ачууга болот.

Эгер сиз bbc.co.uk сайтында туруп, же ушул сайтка ырайымсыз, одоно же карама-каршы мүнөздөгү кат жиберсеңиз, же болбосо bbc.co.uk сайтында оңтойсуз жүрүм-турумда болсоңуз, Би-Би-Си аны токтотуш үчүн сиздин жеке маалыматты колдонушу мүмкүн.

Менин жеке маалыматтарым Би-Би-Сиде канча убакыт сакталат?

Сиздин жеке маалыматтарыңыз тандалган кызмат үчүн канчага зарыл болсо ошончо убакытка биздин системада сакталат. Би-Би-Си вебсайтына кошумча киргизсеңиз сиздин маалыматтар ошол максатка жараша гана зарыл болгончолук сакталат.

Би-Би-Синин жеке маалыматты купуя сактоо саясаты боюнча эң соңку жана толук маалымат алыш үчүн негизги Англис тилиндеги сайтты карап көрүңүз: http://www.bbc.co.uk/privacy