Түркия жүз жашта: Ататүрктүн саясий мурасы улануудабы?

1923-жылы 29-октябрда Түркия Республикасы жарыяланган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1923-жылы 29-октябрда Түркия Республикасы жарыяланган

29-октябрда Ататүрк заманбап Түркия республикасын негиздегенине жүз жыл толду. Ага арналган мааракеде Ататүрктүн саясий мурасынан бүгүнкү күндө эмнелер калды деген суроолор берилүүдө. Түрк журналисти Фирдевс Робинсон Би-Би-Си орус кызматы үчүн атайын жазган макаласында бул тууралуу ой жүгүртөт.

Поляризация күчөп турган азыркы Түркияда бул майрам өзгөчө деле кубанычтуу өтпөйт.

Жекшембидеги маараке Израилдин аракеттерине каршы жана Газадагы палестиндерди колдоо боюнча Стамбулдагы массалык митингдерден бир күн өткөндөн кийин болду. Ал эми быйылкы Республика күнүн майрамдоо буга чейинки элүү жана жетимиш беш жылдык юбилейлердеги кызуу майрамдарга окшошпойт.

Бийликтеги партиянын секулярдык оппоненттери тарыхтагы бул маанилүү этаптын таанылбай келе жатканына нааразы болушууда, бирок өлкөнүн консерваторлору жана динчил тургундары бул күндү өздөрүнүн “улуу империясынын” кыйрашын билдирген кара күн катары “бактысыз юбилей” деп эсептешет.

Ошондо чынында эле империянын өлүмү болгон.

17-кылымда улуу держава болгон Осмон империясы 19-кылымда урай баштаган.

Осмон империясы Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилип, ыдырап, оккупацияланган абалга тушкөн. Үч континентти камтыган кубаттуу мамлекет өтмүштө калган.

Түркиянын улутчул күчтөр жетектеген төрт жылдык эгемендик согушунан кийин Осмон султандыгы жоюлган. Бул 1922-жылдын 1-ноябрында болгон.

1923-жылы 24-июлда Германияга каршы коалициянын союздаштары жана Греция менен Түркия ортосунда кол коюлган Лозанна келишими түрк улуттук мамлекетинин пайдубалын түптөгөн жана азыркы Түркиянын чек араларын белгилеген.

1923-жылы 29-октябрда Түркия Республикасы жарыяланган; Улуу Улуттук Жыйын Мустафа Кемалды биринчи президент кылып шайлады.

Би-Би-Синин мурдагы журналисти жана Ататүрктүн өмүр баянынын автору Эндрю Мангонун айтымында, “Мустафа Кемаль Осмон империясын колунан келишинче, коргоп, ал үчүн катуу салгылашкан. Ал империялык администраторлордун чеберчилигин жана прагматизмин мурастаган”.

Бул “модернизацияга, эркиндикке жана либералдаштырууга негизделген реформаны жогорудан ылдый карай жүргүзүү” дегенди түшүндүргөн.

1924-жылы халифаттын жоюлушу эки жыл мурдагы Осмон султандыгын жоюуга караганда татаал жана талаштуу болгон.

Түркиянын пайдубалын түптөөдө Мустафа Кемаль батыштык үлгүдөгү, билимге негизделген модернизацияга таянган.

Түркиягы агылган туристтер арбын
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиягы агылган туристтер арбын

Түркия, туристтер эң көп барган өлкөлөрдүн бири бойдон калууда

Швейцариянын жарандык кодекси, Италиянын Кылмыш кодекси жана Германиянын соода мыйзамдары ички түрк документтери катары бекитилди. Мусулман календары европа календарына алмаштырылды.

Араб алфавити латын алфавитине которулган. 1934-жылы фамилиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны Мустафа Кемалга “түрктөрдүн атасы” же Ататүрк деген фамилияны берген.

Түрктөр андан кийин эркин эл болушту. Баары тең укуктуу жаран болуп калды. Түрк аялдары шайлоо жана шайлануу укугуна 1934-жылы - кээ бир Европа өлкөлөрүнө караганда алда канча эрте жетишкен.

Түркия эли үчүн Ататүрк бардык нерсенин – жада калса футболдун да символу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркия эли үчүн Ататүрк бардык нерсенин – жада калса футболдун да символу.

Түркиянын тышкы саясаты “Үйдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык” принцибине негизделет. Бирок республиканын түзүлгөндүгүнө он жыл болгондо Германияда бийликке Адольф Гитлер келген.

1938-жылдын 10-ноябрында Ататүрк каза болгон учурда дүйнө жаңы терең кризиске жакындап калган эле.

Ататүрктүн доору бир адамдын башкаруусу менен коштолгон. Демократиялык башкаруу болгон эмес.

Улуттук мамлекетти курууда этникалык көп түрдүүлүк кысымга алынган. 1923-жылы грек-түрк калкынын алмашуусу бир жарым миллион адамдын күч менен көчүрүлүшүнө алып келген. Республиканын алгачкы жылдарындагы күрт көтөрүлүштөрү ырайымсыздык менен басылган.

Көп улуттуу, көп маданияттуу империянын урандыларынан жаралган жаш мамлекеттеги маданий жана саясий революция ошол мезгилде жана ошол шарттарда башкача журүшү мүмкүн беле?

Бул маселе Түркияда дале кызуу талкууланып келет.

100 жыл мурун бир катар радикалдуу реформалар менен башталган жол бүгүн дагы башка авторитардык лидердин тушунда жогорудан ылдыйга карай өзгөртүүлөр менен коштолууда.

Бирок президент Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын келечегин мурунку президенттен такыр башкача көрүп, өз атын тарых барактарына башка өңүттө жазууга аракет кылууда.

Азыркы Түркия цивилизациялардын борборлорунун бири катары таанылган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыркы Түркия цивилизациялардын борборлорунун бири катары таанылган

Ататүрктүн динди коомдук мейкиндиктен четтетүүгө болгон чечкиндүүлүгү күчтүү светтик институттардын түзүлүшүнө алып келди. Ататүрктөн кийинки эң күчтүү жана ийгиликтүү лидер болгон президент Режеп Тайып Эрдоган муну өзгөртө алды.

Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы өлкөнүн саясий жана коомдук жашоосунда таасирдүү жана жакшы каржыланган уюмга айланды. Диний коомчулуутун саясий жана экономикалык таасири кыйла өстү. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы Стамбул конвенциясынан чыгуу чечими аялдардын жарандык укуктарын одоно бузуу катары каралууда.

Сынчылар Эрдоганды “заманбап султан” деп аташат, ал эми анын тарапкерлери “раис”, башкача айтканда, “башчы” деген атты артык көрүшөт жана мындай аталыш Түркияга гана эмес, бүтүндөй ислам дүйнөсүнө да тиешелүү. Эрдоган тарыхта азыркыдан да чоң из калтыргысы келет.

Анын тарапкерлери акыркы жыйырма жылда Түркия жүз жылдык тарыхында жетише алгандан да көп ийгиликтерди багындырганын айтып жатышат.

Бийлик партиясындагы айрым саясатчылар Республика доорун өтмүштүн “убактылуу көрүнүшү” катары сыпатташууда.

Түркиянын 100 жылдыгына арналган расмий плакатта “3000 жыл мамлекет, 100 жыл республика” деген сөздөрдүн пайда болушу таң калыштуу эмес.