Израил-Газа согушу: сандар жана фактылар

  • Амира Мхадби
  • Би-Би-Си араб кызматы
Residents evacuate Gaza City on foot during increased military operations in the northern Gaza Strip on 6 November 2023

Сүрөттүн булагы, EPA

Израил бийликтеринин маалыматы боюнча, 7-октябрда ишемби күнү таң эрте ХАМАС палестин тобу Израилге болуп көрбөгөндөй чабуул жасады, андан 1400 адам курман болуп, 200 адам барымтага алынды.

Ошол күндөн бери бир айдан ашык убакыт бою Израил күнүгө Газага абадан соккуларды жасоодо. Жакында эле кургактан басып кириши Газа тилкесинде миңдей адамдын өлүмүнө жана көп сандаган кыйроолорго алып келди.

Өлгөндөр жана жарадарлар

Израил 1400 израилдик жана чет өлкөлүк жаран ХАМАСтын (Улуу Британия, АКШ жана Евробиримдикте тыюу салынган террордук уюм) октябрдагы кол салуусунан курман болгонун билдирүүдө. Алардын маалыматына караганда, ошол күнү өлтүрүлгөн 1159 адамдын 828 жайкын тургун, анын ичинде 31 балдар болгон.

Ошол эле убакта Палестин тарапта согуш бешинчи аптага өткөндө Газа тилкесинде жана Батыш Жээкте курман болгондор мурда боло элек деңгээлге чыкты. Газа тилкесиндеги Палестин Саламаттык сактоо министирлиги 6-ноябрда 10 миңден ашык адам өлтүрүлгөнүн, анын 4100 бала экенин билдирди. Башкача айтканда ар бир он мүнөттө бирден бала өлтүрүлгөн.

Кээ бир саясатчылар, анын ичинде АКШ президенти Жо Байден Палестинанын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарынын чындыгынан шек саноодо. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маалыматтар ишенимдүү деди.

Ар бир он мүнөттө бирден бала...

Газа тилкесиндеги жоготуулар

Израил бийликтеринин жана Палестин саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, согушта 5400 адам Израилде жарадар болду, 25400 дөн ашыгы Газа тилкесинде жана Батыш Жээкте жарадар болду.

Газа тилкесинде 2260 адам дайынсыз жоголгону, анын ичинде 1270 бала бар экени кабарланды. Алардын көбү урандылардын алдында көмүлүп калган болушу мүмкүн деп жатышат.

Туткундар абалы

ХАМАСтын 7-октбярдагы күтүүсүз кол салуусу адамдарды барымтага алуунун буга чейин болуп көрбөгөндөй чоң кризистик окуясына алып келди. Израил бийликтеринин айтымында, ХАМАСтын колунда 242 израилдик жана чет элдик жаран туткунда, анын ичинен отуздан ашыгы балдар.

ХАМАС барымтадагы 57 адам Израил Газаны бомбалаганда өлгөнүн билдирүүдө. Туткундан төрт жайкын тургунду, анын ичинде 17 жаштагы өспүрүмдү ХАМАС 20-октябрда бошотту.

Израил армиясы 29-октябрдагы кургактагы операция убагында 7-октябрдан бери туткунда жаткан израилдик айым аскерди куткарып калганын билдирди.

Газанын калкынын көбү үй-жайын таштап кетти

Газа секторунда 2,2 миллион адам жашайт, анын теңинен көбү балдар.

13-октябрда Израил жергиликтүү элге Газа тилкесинен чыгып кетүүнү эскертти.

Израилдин бир айдан берки бомбалоосунан Газада 200 000 турак жай зыян тартканы же талкаланганы кабарланды, бул Палестин бийлигинин эсеби боюнча бул тилкедеги турак жайдын тең жарымын түзөт.

БУУнун жана Палестиндин маалыматы боюнча 5-ноябрда Газада 1,5 миллион адам үй-жайын таштап, мектептерге, мечиттерге, ооруканаларга, коомдук имараттарга же башка бирөөнүн үйүнө барып баш калкалады.

Үй-жайын таштап кеткен качкындар

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үй-жайын таштап кеткен качкындар

Газа тилкесинен чыгып кетүү да кыйын, анткени Израилге Эрез өтмөгү жабык, ал эми Египетке барчу Рафах өтмөгү чет өлкөлүк жарандар менен жарадар адамдарды гана өткөрүүдө.

Гуманитардык кызматкерлер

Газа тилкесиндеги ХАМАС башкарган Палестинанын саламаттык сактоо министрлиги бул жакта 35 оорукананын 16 (46%), 76 медициналык борбордун 51 азыркы учурда кол салуудан жана отун-суусу жоктугунан иштебей жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча элүүдөй тез жардам машинасы зыян тартты, 31 таптакыр иштен чыкты, кеминде 175 медициналык кызматкер курман болду. Эл аралык укук боюнча гуманитардык уюмдардын кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер, алар иштеген объектилер корголууга тийиш эле.

БУУ анын агенттиктеринин кеминде 88 кызматкери, 18 жарандык коргонуу кызматкери өлтүрүлгөнүн билдирди. Ал эми журналисттерге келсек, 1949-жылы кабыл алынган конвенция боюнча алар дагы корголууга тийиш. БУУнун гуманитардык маселелерди координация кылуу башкармалыгынын маалыматына караганда, 46 журналист өлтүрүлдү.

Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматы боюнча, Израил менен Газа секторунун ортосундагы согуш журналисттер үчүн да отуз жылдан берки эң кандуу болуп калды.

Суу тартыштыгы

Газада согуштан аман калгандар үчүн жашоо абдан оор, азык-түлүк, суу тартыш, өмүргө коркунуч көп. Октябрдын ортосунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Газадагы бир адамга ичкенге, тамак жасаганга жана жуунуп тазаланганга үч литр суу берилип жатканын кабарлады. Адам кандай кыйынчылык шарт болбосун күнүгө кеминде 15 литр суу менен камсыз болушу керек.

Соңку убакта Рафах көзөмөл өтмөгү аркылуу Газага суу аябай аз келип жатат. Суу менен камсыздоочу инфраструктуранын көбү кыйрады.

5-ноябрда БУУнун Качкындар боюнча агенттиги Газа тилкесинде сууну керектөө согушка чейин салыштырганда 92% азайып кеткенин, 65 канализациялык насос станциясынын көбү иштебей калганын билдирди.

31-октябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму массалык көчүрүү, жыш жайгаштыруу жана суу чарбаларынын зыянга учурашы "Газа тилкесинде коомдук саламаттык сактоодо кырсыкка алып келиши мүмкүндүгүн" эскертти.

*UNOCHA Палестиндин жана Израилдин расмий адамдары берген сандарды көз каранды эмес текшерүү жүргүзө албаганын билдирет.