Би-Би-Синин 100 Айым долбоору 2023: быйыл тизмеге кимдер кирди?

Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматынын 2023-жылкы сезонуна катышкан 100 Айымдын айрымдарынын сүрөттөрү.

Би-Би-Си 2023-жылдагы дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган 100 айымынын тизмесин жарыялады.

Алардын арасында адам укуктары боюнча юрист Амал Клуни, Голливуд жылдызы Америка Феррера, феминисттердин символу болгон Глория Стайнем, АКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама, сулуулук бизнесинин ээси Худа Каттан, "Алтын топту" жеңип алган футболчу Айтана Бонмати жана жасалма интеллект боюнча эксперт Тимнит Гебру бар.

2023 жылы катуу аптап, токой өрттөрү, суу ташкындары жана башка табигый кырсыктар басымдуулук кылды. Тизмеде ошондой эле өз жамааттарына климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жана анын таасирине ыңгайлашууга жардам берген аялдар да баса белгиленет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча COP28 конференциясын утурлай биз Би-Би-Синин 100 Айымынын катарында 28 Климат Пионерин атадык.

Айымдардын аты-жөнү белгилүү бир тартипте көрсөтүлгөн эмес

Маданият жана билим берүү

Луиза Мабуло , Филиппин

Фермер жана жеке ишкер

2016-жылы "Нок-Тен" тайфуну Филиппиндин Камарин-Сур аймагын талкалап өтүп, айыл чарба жерлеринин 80% кыйраткан.

Луиза Мабуло тайфундан кийин The Cacao долбоорун негиздеп, кырсыкка каршы күрөшүүгө аттанды. Уюм туруктуу агротокой чарбасы аркылуу жергиликтүү тамак-аш системасын өзгөртүүгө багытталган.

Мабуло фермерлерди күчтөндүрүп, тамак-аш табуунун табиятка зыяндуу ыкмаларын жоюп, элет жеринин жашыл экономикасын колдоо менен жер иштеткендерге чечим кабыл алуу укугун кайтарып берген.

Ал эл аралык климаттык саясат боюнча кеңеш берет, мында ал айылдагы окуяларга жана тажрыйбага басым жасайт. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы тарабынан Жердин жаш чемпиону катары таанылган.

Дүйнө жүзү боюнча мен сыяктуу адамдар тарабынан курулуп жаткан кыймылдар мага үмүт берет. Ал адамдар келечекте жамааттарды бириктирген жашыл табиятка кам көрүшөт. Биздин азык-оокатыбыз үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү болуп, экономикабыз кайра жаралуучу булактарга жана адилеттүү принциптерге негизделет.

Луиза Мабуло

Афрозе-Нума, Пакистан

Чабан

Вахинин акыркы чабандарынын бири Афрозе-Нума дээрлик отуз жылдан бери эчки, топоз жана койлорду багып келет.

Ал апасы менен тайнесинен үйрөнгөн бул кесип Пакистандын Шимшал өрөөнүндө жок болуп бараткан кылымдык салттын бир бөлүгү.

Бул чабандар жыл сайын малын деңиз деңгээлинен 4800 м бийиктиктеги жайыттарга алып чыгып багып, башка товарларга алмашуу үчүн сүт азыктарын даярдашат.

Алардын кирешеси айылды гүлдөтүп, балдарына билим берүүгө шарт түздү. Афроз-Нума өрөөндө бут кийимге жеткен биринчи аял болгонун дале жылмаюу менен эстейт.

Хосаи Ахмадзай, Ооганстан

Теле алып баруучу

2021-жылдын августунда талиптер Ооганстанды басып алганда, Хосаи Ахмадзай өлкөдө телерадиоберүү иштерин улантып кеткен аз сандагы аял кабарчылардын бири болгон.

Ал коопсуздук маселелерине жана массалык маалымат каражаттарында аялдарга карата коомдун каршылыгына карабастан "Шамшад ТВдагы" ишин улантууда.

Ошондон бери Хосаи Талибандын көптөгөн аткаминерлери менен маектешкен, бирок анын суроолору цензура менен чектелген. Ал талиптердин жүргүзгөн саясаты тууралу эч бир суроо бере албайт.

Ахмадзай укук жана саясат таануу боюнча билимге ээ жана жети жылдан бери маалымат каражаттарында иштейт. Ал талибдер тарабынан катуу чектөөгө алынган кыздардын билим алуусуна басым жасап келет.

Эси Буобаса, Гана

Балык сатуучу

Кечиримсиз деңиз Гананын Фувеме айылын чайпап кеткенде Эси Буобаса климаттын өзгөрүшүнүн таасирин өз жон териси менен сезген.

Деңиздин деңгээли көтөрүлүп, жашаган жерин жараксыз кылып кеткендиктен, ал күйөөсү жана беш баласы менен жер которууга аргасыз болгон.

Жээктердин бузулушунан улам киреше булагы коркунучка кептелгендиктен, айылында алдыңкы балык сатуучу болгон Буобаса жана анын кесиптештери аймактагы балыкчы аялдарга жардам берүү үчүн ассоциация түзүшкөн.

Учурда 100гө жакын мүчөсү бар бирикме бизнестеги аялдардын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн жума сайын чогулуп, муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоого акчалай салым кошот.

Толкундар келген сайын айлабыз куруйт. Биздин жана кийинки муундун өмүрү чоң коркунучта.

Эси Буобаса

Чила Кумари Бурман, Улуу Британия

Сүрөтчү

Чыгармачылык, сүрөт тартуу, живопись, инсталляция жана кино сыяктуу искусствонун бир катар түрлөрү боюнча иштеген Чила Кумари Бурман өзүнүн ишин өкүлчүлүк, гендердик жана маданий иденттүүлүк сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн колдонот.

Быйыл сүрөтчү өзүнүн иш өзгөчөлүгүн Британияда 1879-жылдан бери өтүп келе жаткан Blackpool Illuminations фестивалына алып чыкты. Lollies in Love With Light - бул техникалык түстүү инсталляция, анын ортосунда балмуздак саткан унаа турат, ал муну жасоого ата-энесинин булмуздак саткан бизнесинен шыктанган.

2020-жылы Бирман индиялык мифологияга, популярдуу маданиятка жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү тема катары колдонуп Тейт Британиянын фасадын кооздоп, Remembering a Brave New World инсталляциясын жасаган.

Өткөн жылы ал Британ империясынын ордени менен сыйланган.

Оксана Забужко, Украина

Жазуучу

Фантастика, поэзия жана публицистика сыяктуу жанрларда жазылган 20дан ашык чыгарманын автору Оксана Забужко Украинанын негизги жазуучуларынын жана интеллектуалдарынын бири болуп эсептелет.

Эл аралык деңгээлде ал "Field Work in Ukrainian Sex" жана "The Museum of Abandoned Secrets" сыяктуу эмгектери менен белгилүү.

Оксана Киевдеги Шевченко университетинин философия факультетин бүтүргөн жана искусство боюнча доктор даражасын алган.

Анын китептери 20 тилге которулуп, көптөгөн улуттук жана эл аралык сыйлыктарды, анын ичинде Ангелус Борбордук Европа адабий сыйлыгын, Украинанын Шевченко атындагы Улуттук сыйлыгын жана Франциянын Ардак Легионунун улуттук орденин жеңип алган.

Наталья Идрисова, Тажикстан

Жашыл энергетика боюнча консультант

Тажикстандын алыскы аймактарында жашаган аялдар электр энергиясы же отун сыяктуу энергия булактарына жетүүдө көп кыйынчылыктарга туш болушат. Наталья Идрисова, экологиялык кайрымдуулук долбоорунун координатору, ал энергетикалык кризистин практикалык экологиялык чечимдерин издеп, аялдарды жаратылыш ресурстарын, энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана материалдарды колдонууга үйрөтүүдө.

Окутуудан тышкары, анын уюму энергия үнөмдөөчү жабдууларды, күн ашканаларын жана аба басымы менен иштеген мештерди сунуштап, аялдардын бош убактысын көбөйтүп, климатка зыян келтирбеген жол менен үйдөгү гендердик теңчиликти колдойт.

Идрисова учурда климаттын өзгөрүүсү өзгөчө майыптыгы барларга кандай таасир этээри тууралуу жамааттарга түшүндүрүп, саясий талкууларга алардын да үнүн кошуунун жолдорун издөөдө.

Дүйнө жүзүндөгү климатка байланыштуу экстремалдык окуялар адам жаратылыш менен ажырагыс байланышта экени тууралуу бизге акыркы эскертүүлөрдү берүүдө. Жаратылышты акылсыздык менен пайдалануу сөзсүз түрдө оор кесепеттерге алып келет.

Наталья Идрисова

Ви Кативу, Зимбабве/Улуу Британия

Контент жаратуучу жана Ютубер

Илимий даражасын алганга чейин Оксфорд жана Гарвард университеттеринде окуп жүрүп Макдоналдста да кошумча иштегенге жетишкен Вии (Варайдзо) Кативунун академиялык жолу дүйнө жүзүндөгү миңдеген адамдарды шыктандырууда.

Университетте окуп жүргөндө ал социалдык-экономикалык жактан төмөн жашаган студенттик тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн YouTube каналын түзүп, өзүнө окшогондорго окуу боюнча кеңештерин берип турган.

Ошондон бери Кативу Empowered by Vee платформасын ишке киргизип, ал аркылуу колдоосу жок студенттер үчүн бүткүл дүйнө боюнча жогорку билимди жеткиликтүү кылууну көздөйт.

Ал жаштар үчүн практикалык өз алдынча жардам китебин жазган жана учурда Билим берүүдөгү лидерлик боюнча докторлук диссертациясын улантууда.

Худа Каттан, АКШ

Сулуулук бизнесинин негиздөөчүсү

Худа Каттан АКШда ирактык иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулуп, Оклахома штаныда чоңойгон. Ал офистик карьерадан баш тартып, өзү мурдатан кызыккан сулуулук бизнесин баштаган.

Ал Лос-Анжелестеги макияж боюнча абройлуу окуу-жайга өткөн. Анын кардарлары Жакынкы Чыгыштагы бир нече королдук үй-бүлөлөр жана көптөгөн атактуу жылдыздар.

Ошондон бери ал Инстаграмда 50 миллиондон ашык катталуучусу бар эң таанымал сулуулук брендине айланды.

Каттан 2013-жылы жасалма кирпиктердин топтомун чыгаруу менен өзүнүн Huda Beauty косметикалык брендин негиздеген. Бүгүнкү күндө анын миллиард долларлык бизнеси дүйнө жүзү боюнча 1500дөн ашык дүкөндөрдө сатылган 140тан ашык сулуулук продукцияларын камтыйт.

София Кианни, АКШ

Студент жана социалдык ишкер

Ирандагы туугандары менен сүйлөшкөндөн кийин социалдык ишкер София Кианни алардын тилинде климаттын өзгөрүшү тууралуу ишенимдүү маалымат салыштырмалуу аз экенин түшүнүп, колдо болгон материалдарды фарси тилине которо баштаган.

Мындай аракет көп өтпөй чоң долбоорго айланды. София Climate Cardinals коммерциялык эмес жаштар уюмун негиздеген, анын максаты климаттын өзгөрүүсү тууралуу маалыматтарды англис тилин билбегендер үчүн жеткиликтүү кылып, бардык тилдерге которуу.

Аталган уюмдун азыр 80 өлкөдө 10 000 студент волонтеру бар. Алар буга чейин климаттык маалыматка байланыштуу миллион сөздү жүздөн ашык тилге которгон.

Кианнинин максаты - илимий маалыматты дүйнөгө жайылтуудагы тилдик тоскоолдуктарды жоюуга салым кошуу.

Жаш активисттер климаттык аракеттерди координациялоо үчүн глобалдык тармактарды түзүштү, миллиондогон адамдардын нааразылык акцияларына чыгуусуна түрткү болушту, казылып алынган отунга каршы миңдеген кол топтоо жараяндарын уюштурушту жана климаттык демилгелерди каржылоо үчүн миллиондогон долларларды чогултушту. Дүйнөдө көйгөйлөр өтө көп болуп жаткандыктан, биз иш-аракеттерибизди жынысына же жашына карап бөлүштүрө албайбыз. Биз жапатырмак иштешибиз керек.

София Кианни

Мариета Можасевич, Черногория

Майыптыгы бар адамдардын укугун коргоочу

Мектепте окуп жүргөндө эки жолу инсульттан аман калгандан кийин Мариета Можасевичтин жашоосу кескин өзгөргөн.

Ал физикалык жана психологиялык оорчулукту башынан өткөргөн. Бүгүнкү күндө да ошол кыйынчылыктар менен жашайт. Ага карабай Можасевич азыр жаштар кеңешчиси жана майыптардын укугун коргоочу активист болуп иштейт.

Ал нейрологиялык оорулары бар адамдарга карата адамдардын мамилесин жана өзгөртүүнү жактап келет.

Ал "Мүмкүнчүлүгү чектелген жашоо" деп аталган семинарларды уюштуруп, ал жерде бейкалыс, туура эмес пикирлерге каршы туруу үчүн өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Ал бүткүл дүйнөлүк OneNeurology демилгесинин элчиси. Аталган демилге неврологиялык оорууларды коомдук саламаттыктын бүткүл дүйнөлүк приоритетине айлантууга багытталган.

Сара Отт, АКШ

Мектеп мугалими

Мектеп мугалими Сара Отт АКШнын Флорида штатынан, ал 2002-жылдын 11-сентябрындагы окуядан кийин чоңойгон муунга таандык. Сара жалган маалыматтарга ишенип жүргөн мезгилдери болгонун айтат.

Так илимдер боюнча жогорку билимдүү болгонуна карабастан, ал бир нече убакыт бою климат чындап эле өзгөрүп жатканынан күмөн санап келген.

Анын буга чейин туура эмес ойлонуп жүргөнүн моюнга алуусу чындыкты издөөдөгү биринчи кадамы болду. Саранын сапары аны Улуттук илимдер боюнча билим берүү борборунун Климаттын өзгөрүшү боюнча элчиси болууга жеткирди.

Сара азыр Жордия штатында жашайт. Ал окуучуларына физикадагы эрежелерди түшүндүрүү үчун климаттын өзгөрүүсүн колдонот жана өзү жашаган жамаатта экологиялык көйгөйлөр боюнча маалымдуулукту арттырат.

Климаттын өзгөрүшү "баары биргеликте күрөшө турган" кырдаал болгондуктан биз өзүбүз жалгыз күрөшө албайбыз албайбыз. Активдүүлүк бакча сыяктуу. Баарынын өз мезгили бар. Эс алууга да убакыт табуу керек. Учурда жашап жаткан мезгилге сый менен мамиле кылыңыз.

Сара Отт

Жецунма Тензин Палмо, Индия

Бхикшуни, буддист кечил

1940-жылдары Англияда төрөлгөн Жецунма Тензин Палмо өспүрүм кезинде буддизмди кабыл алган.

20 жашында ал Индияга барып, тибеттик буддист монастырында даража алган биринчи батыштыктардан болгон.

Буддист аялдардын статусун көтөрүү үчүн Тензин Палмо Индиянын Химачал-Прадеш штатында 120дан ашык кечилдер жашаган Донгю Гатсал Линг аял монастырын негиздеген.

Ал Гималайдагы алыскы үңкүрдө 12 жыл жашаганы менен белгилүү. 12 жылдын үч жылын ал катуу медитацияда өткөргөн. 2008-жылы ага сейрек берилчү Жецунма наамы ыйгарылган, бул наам "Урматтуу устат" дегенди билдирет.

Лала Паскинелли, Аргентина

Сүрөтчү

"Журналдын Мукабасына Чыкпаган Аялдар" - Лала Паскуинелли 2015-жылы негиздеген долбоор. Анда сулуулук стереотиптерине жана аялдардын ЖМКлардагы жана популярдуу маданияттагы образына суроо коюлат.

Аталган долбоорду улгайуу жана диета сыяктуу көйгөйлөрдү камтып, аялдарды өз денелеринин айланасындагы талкууларды кайра карап чыгууга үндөгөн кампания коштойт. Алардын аракетке үндөгөн #HermanaSoltaLaPanza (Эже-сиңдилер, курсакты тартканды токтоткула) аттуу чакырыгы, ар кандай көлөмдөгү жана салмактагы адамдардын чыныгы окуяларын көрсөттү.

Юрист, акын, лесбиян жана феминист активист Паскуинелли аялдардын сулуулук идеалдары "классчыл, сексисттик жана расисттик" болуп гендердик теңсиздикти күчөтөт дейт, жана андайды жокко чыгарууну жактайт.

Жесс Пеппер, Улуу Британия

Climate Café'нин негиздөөчүсү

Climate Café - бул жамаатка багытталган жай, анда адамдар ичимдик ичүү, баарлашуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү үчүн чогулушат. Андай кафенин биринчисин Джесс Пеппер 2015-жылы Шотландиянын чакан шаарчасында негиздеген.

Ал азыр башка жамааттарга дүйнөлүк тармак түзүп, адамдардын башын кошкон ушул сыяктуу жайларды ачууга жардам берет.

Катышуучулардын айтымында, бул кафелер климаттык кризиске байланыштуу кабатыр кылган жана тынчсызданткан ойлор менен бөлүшө турган коопсуз жайлар.

Пеппер климаттык чөйрөдө бир катар лидерлик ролдорду аткарат, Шотландиянын Королдук географиялык коомунун ардактуу мүчөсү жана Королдук искусство коомунун мүчөсү.

Климаттык аракеттер жана позитивдүү өзгөрүүлөр көбүнчө аялдар жана балдар жетектеген жамааттарда болуп жатат. Өз ара байланыштар адамдарды шыктандырып, өзгөрүүлөр тууралуу кабардар кылып жатканын көрүү, туруктуулукту жогорулатуу жана андан аркы өзгөрүүлөр үчүн шарттарды жана саясий мейкиндикти түзүү мага чоң үмүт берет.

Жесс Пеппер

Каролина Диаз Пиментел, Перу

Журналист

Каролина Диаз Пиментел жашы отузга жакындаганда акыры аутизм диагнозу коюлган. Ал өзүнүн нейродивергент экенин белгилөө үчүн өзүнө торт бышырып майрамдаган.

Каролина азыр 30 жашта жана "аутист экенинен сыймыктанат". Ал нейродивергенция жана психикалык саламаттыкты чагылдыруу боюнча адистешкен журналист болуп иштейт.

Диаз ошондой эле психосоциалдык майыптыгы бар адамдар көп туш болгон стигманы жоюу үчүн иштейт. Ал нейро-артүрдүүлүк жөнүндө маалымдуулукту арттырган бир нече долбоорлордун жана коммерциялык эмес уюмдардын негиздөөчүсү, алар: Mas Que Bipolar (Биполярдыктан да ашыгырак), Перудагы Нейродивергент Коалициясы жана Proyecto Atípico (Атипикалык Проект ).

Ал Пулитцер борборунун грант алуучусу жана Розалинн Картердин стипендианты.

Матча Пхорн-ин, Тайланд

Түпкүлүктүү калктардын жана ЛГБТ+ укуктарын коргоочу активист

Таиланддын Мьянма менен чек арасында, климаттын өзгөрүшүнүн жана конфликттердин кесепеттерин башынан өткөргөн аймакта жашаган Матча Пхорн-ин азчылыктардын укугун коргоого басым жасайт.

Матча Sangsang Anakot Yawachon Development Project долбоорун негиздеген, долбоор миңдеген жарандыгы жок жана жери жок адамдарды, жергиликтүү аялдарды, кыздарды жана ЛГБТ+ коомчулугунун жаш мүчөлөрүн окутууга жана колдоо көрсөтүүгө аракет кылат.

Этникалык азчылык/түпкүлуктүү калктан чыккан лесбиян феминист катары Матча Пхорн-ин аймактагы гендердик зомбулукту токтотуу кыймылында жетектөөчү кызматты аркалап, жер которгон жана укугунан ажыратылган адамдардын жерге болгон укуктарын коргоп, климаттык адилеттүүлүктү жактайт.

Жергиликтүү жамааттардын, ЛГБТ+ адамдардын, аялдардын жана кыздардын активдүү катышуусу болбой туруп туруктуу климаттык чечимдерди кабыл алуу мүмкүн эмес.

Матча Пхорн-ин

Арати Кумар - Рао, Индия

Фотограф

Түштүк Азияда иштеген эркин фотограф, жазуучу жана National Geographic изилдөөчүсү Арати Кумар-Рао климаттык кризис таасир эткен пейзаждардын өзгөрүшүн сүрөткө тартат.

Ал жер астындагы суунун деңгээлинин тездик менен төмөндөшү, жандыктардын жашоо чөйрөсүнүн талкаланышы жана жерди өнөр жай үчүн пайдалануу жаратылыштагы биологиялык ар түрдүүлүктү азайтып жаткандыгы жөнүндө айтат. Мындай аракеттер жаратылыш менен адамдар жанаша жашаган аймактарды кыскартат. Натыйжада миллиондогон адамдарга аргасыз көчүгө туура келет жана жаныбарлардын түрлөрү да жок болуп кетиши ыктымал.

Кумар-Рао Индия жарым аралын кыдырып он жылдан ашык убакыт өткөргөн. Бул сапарлардын натыйжасында айлана-чөйрөнүн бузулушу адамдардын жашоо-тиричилигине жана түрлөрдүн азайып баратканына кандайча таасир эткенин баса белгилеген күчтүү фотографиялык окуялар пайда болгон.

Ал өзүнүн "Жер кыл учунда: Индиянын пейзаждары" аттуу китебинде эң оор, дээрлик адам чыдагыс шарттарда күн кечиргендердин жашоосун чагылдырган.

Климаттык кризистин өзөгүндө биздин жер, суу жана аба менен болгон негизги байланышыбыздын үзүлгөнү турат. Бул байланышты калыбына келтирүү абдан маанилүү.

Арати Кумар - Рао

Шайырбү Сагынбаева, Кыргызстан

"Жашоо үчүн бирге" тигүү цехинин негиздөөчүсү

Шайырбү Сагынбаева рак оорусуна кабылган. Бул тууралуу ал төртүнчү стадиясына жеткенде билип үч жыл интенсивдүү дарыланган. Ошол мезгилде дары-дармектин көйгөйүн өз көзү менен көргөн. Ал азыр ремиссияда.

Шайырбү рак илдетинен ремиссияга чыккан төрт бейтап менен чогуу "Өмүр үчүн бирге" деген тигүү цехин ачкан. Алар улуттук оюм-чийимдер түшүрүлгөн баштыктарды тигип сатат. Кирешени толугу менен ракка каршы дарыланып жаткандарга жумшайт.

Ушул күнгө чейин алар каржылык колдоого муктаж 34 аялдын медициналык чыгымдарын жабуу үчүн 33,000 доллардан ашык каражат чогултушкан.

Сагынбаева ошондой эле дарылоо борборунан алыс жашаган бейтаптарды колдоо зарыл экенин түшүнүп, ооруканага жакын жерде бейтаптар жата турган коммерциялык эмес хостел ачкан.

Дарья Серенко, Россия

Акын

Жазуучу жана саясий активист Дарья Серенко - Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы чыккан феминисттик кыймылдын көптөгөн координаторлорунун бири.

Акыркы тогуз жылдан бери ал Орусиядагы гендердик зомбулук жөнүндө жазып, феминисттик жана согушка каршы проза түрүндө жазылган эки китебин чыгарган.

Серенко ошондой эле Quiet Pickett көркөм демилгесинин жаратуучусу болуп саналат, анда ал белгилүү бир маселелерге адамдардын көңүлүн буруу үчүн билдирүүлөр жазылган плакаттарды кийип жүрөт.

Орусия Украинага толук масштабдуу согуш ачарына эки жума калганда Серенкону бийликтер "экстремисттик" билдирүүлөрдү тараткан деп айыптап, кармап кетишкен. Көп өтпөй ал Грузияга чыгып кеткен жана учурда орус бийликтери тарабынан "чет элдик агент" деп катталган.

Сагарика Срирам, Бириккен Араб Эмираттары

Окутуучу жана климат боюнча консультант

Сагарика Срирам өспүрүм. Ал мектептерде климаттык билим берүү милдеттүү болушу керек деп күрөшүп жатат.

Код жазуу жөндөмүн колдонуп, ал дүйнө жүзүндөгү балдарга билим берүүгө жана алардын жамаатарында туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүүгө багытталган Kids4abetterworld онлайн платформасын түзгөн.

Ал муну онлайн жана оффлайн экологиялык семинарлары менен бекемдеп, балдарга алар кантип климаттын өзгөрүшүнө оң таасирин тийгизе аларын үйрөтөт.

Дубайда бүтүрүүчү класста окугандан тышкары, Срирам коомдук иштерге активдүү катышат. Тактап айтканда, ал БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин балдар консультациялык тобунун мүчөсү, жана ал жерде экологиялык маселелер менен алектенет.

Азыр тынчсыздана турган учур эмес, аракет кылуунун мезгили. Демек, ар бир бала жаратылыш менен гармонияда жашоону үйрөнүп, дүйнөгө керек болгон системалык өзгөрүүлөргө салым кошушу керек.

Сагарика Срирам

Клара Элизабет Фрагосо Угарте, Мексика

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу Клара Элизабет Фрагосо Угарте өмүрүнүн 17 жылын эркектер үстөмдүк кылган тармакка арнап, Мексиканын эң кооптуу жолдорунда жүк ташып иштеп келген.

Дуранголук Фрагосо Угарте 17 жашында турмушка чыккан, ал төрт баланын апасы жана жети неберенин чоң энеси.

Ал жакта жүк ташуучу унааларды айдаган аялдарды "трейлера" деп коюшат. Ал "трейлера" катары өмүрүн Мексика жана АКШда жүк жеткирүү менен өткөрүп келет.

Ал ошондой эле жаш айдоочуларды окутууга жардам берет жана оор жүк ташуу бизнесинде гендердик теңчиликке жетишүү үчүн башка аялдарды бул тармакка кошулууга шыктандырууну каалайт.

Жаннатул Фердоус, Бангладеш

Өрттөн аман калган айым

Кырсыкта денесинин 60% күйүп кетип, аман калган Жаннатул Фердоус кинорежиссер, жазуучу жана майыптыгы бар адамдардын активисти болууга жетишкен.

Ал күйүктөн аман калган аялдардын укуктары үчүн күрөшкөн Voice & Views укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү.

Досторуна жана үй-бүлөсүнө Айви деген ат менен белгилүү болгон Фердоус майыптыгы бар адамдардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн өзүнүн аңгемесин колдонуп, беш кыска метраждуу тасма тартып, үч романын басып чыгарган.

Фердоус көп окуган айым. Ал англис адабияты боюнча магистратураны аяктап, Өнүгүүнү изилдөө боюнча илимий даражага жетишип, академиялык ийгиликтерди жараткан.

Лисия Ферц, Италия

Модель жана социалдык тармактарда таасир берүүчү (инфлюенсер)

Ар бир эле 93 жаштагы адам Instagramда 235,000ден ашык катталуучуларым бар деп мактана албайт, бирок Италиянын эң картаң дене позитиви боюнча юнфлюенсери (денең кандай абалда болбосун аны сүйүүгө шыктандырган адам) үчүн бул башталышы гана.

Лисия Ферц Экинчи дүйнөлүк согуштан өтүп, 28 жаштагы кызынын өлүмүн баштан кечирген, күйөөсүнүн өлгөнүн көргөн.

Бирок небереси анын көңүлүн көтөрүү үчүн Instagram профилин ачканда, анын түркүн түстүү кийимдери жана жаркыраган жылмаюусу аны дароо эле социалдык тармактын жылдызына айлантты.

Ал өмүр баянын жазып, 89 жашында Rolling Stone журналынын мукабасына жылаңач модель болгон.

Лисия эйжизм, феминизм жана LGBTQ+ активисти, дененин позитивдүүлүгүн кубаттап, карыган денелерди жана улгайган адамдарды кандай кабыл алуу керектиги тууралуу ойду өзгөртөт.

Паулина Чизиане, Мозамбик

Жазуучу

Паулина Чизиане 1990-жылдарда "Шамалдагы сүйүү балладасы" атту дебюттук романын Мозамбикте басып чыгарган биринчи аял болуп калды.

Мозамбиктин борбору Мапутонун четинде чоңойгон Чизиане португал тилин католик мектебинде үйрөнгөн. Ал Эдуардо Мондлейн университетинде чет тилдерди окуган, бирок окуусун аяктаган эмес.

Анын эмгектери ар кайсы тилдерге, анын ичинде англис, немис жана испан тилдерине которулган. "Биринчи аял: көп аял алуу баяны" аттуу китеби менен ал жергиликтүү Хосе Кравейринья сыйлыгын жеңип алган.

Жакында ал португал тилиндеги эң абройлуу жазуучулук сыйлык катары эсептелген Камойес сыйлыгына татыды.

Кера Шервуд-О'Реган, Жаңы Зеландия

Түпкүлүктүү улуттардын жана майыптардын укуктарын коргоочу активист

Кера Шервуд-О'Реган, Кай Таху түпкүлуктүү калкынын өкүлү жана майыптыгы бар адам, ал Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы Те Вайпоунамудан чыккан климат боюнча эксперт.

Ал климаттык адилеттикке жана социалдык өзгөрүүлөргө багытталган Activate коомдук агенттигинин тең негиздөөчүсү.

Анын практикасы акыркы убакка чейин климаттын негизги талкууларында көңүл бурулбай келген маорилердин жерге жана ата-бабаларына болгон мамилесине негизделген.

Шервуд-О'Реган климаттын өзгөрүшүнүн өз коомчулугуна тийгизген таасири жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн министрлер, аткаминерлер жана кеңири жарандык коом менен мамилелерди түзүп, климат боюнча сүйлөшүүлөрдө жергиликтүү элдердин жана майып адамдардын укуктарын көбүрөөк эске алууга чакырат.

"Биз табиятты аёосуз колдоно берүүнү четке кагабыз, биз өз позициябыздан кайтпайбыз, биз жамаат менен биргеликте чечимдерди кабыл алуудабыз - жана ал ыкма ишке ашып жатат. Менимче, азыр көп адамдар түпкүлүктүү элге эркиндик берүү климаттык кризисти чечүүнүн бир жолу экенин түшүнүп жатышат."

Кера Шервуд-О'Реган

Сюзанна Этти, Австралия

Экотуризм боюнча эксперт

Саякат жана туризм тармагындагы саналуу климаттык эксперттердин бири Сюзанна Этти ал тармакты экологиялык жактан таза келечекке алып баргысы келет.

Чакан топторду саякатка алып чыккан Intrepid Travel туристтик бизнесинде экология боюнча менежер болуп иштеген Сюзанна компанияны илимий негизде көмүртекти азайтууну максат кылган алгачкы тур оператор кылып өзгөртө алды.

Сюзанна көмуртектен эркин болууну каалаган туристтик ишканалар үчүн ачык көрсөтмөлөрдү жазган жана Tourism Declares коомчулугунда негизги ролду ойнойт. Tourism Declares климаттык өзгөчө кырдаалды жарыялаган 400 туристтик уюмдун, компаниянын жана адистердин ыктыярдуу коомчулугу.

Бүгүнкү күндө биз адамдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу боюнча амбициялуу максаттарды коюу, кайра жаралуучу энергияга инвестициялоо жана эмиссияны кыскартуу боюнча узак мөөнөттүү максаттарга жетишүү аркылуу климаттык аракеттердин маанилүүлүгүн түшүнгөн көптөгөн бизнестерди көрүп жатабыз.

Сюзанна Этти

Көңүл ачуу жана спорт

Парамида , Германия

Ди-жей жана музыкалык продюсер

Былтыр Иранда нааразылык акциялары башталганга чейин эле ди-жей Парамида иран тектүү аялдарга карата коюлган маданий чектөөлөргө каршы чыгып келген.

Парамида учурда Берлинде жашайт. Ал музыка жана бий маданиятына болгон ышкысын өспүрүм кезинде Франкфурт менен Тегерандын ортосунда, барып-келип жашап жүргөндө ачкан.

Белгилүү бий музыкасынын тарыхынан шыктанган анын Love On The Rocks аттуу музыкалык чыгармасы бүгүнкү күндө эйфориялык жана адаттан тыш бий маданиятын жайылтууда.

Өзү Берлиндеги Бергхайнс Панорама Барында иштесе да, азыр дүйнө жүзү боюнча эң көп чакырылган ди-жей жана мыкты музыкалык продюсер. Ал бул мейкиндикти эркектер басымдуулук кылган музыка жана түнкү жашоо индустриясындагы гендердик нормаларга каршы чыгуу үчүн колдонот.

Айтана Бонмати, Испания

Футболчу

Каталонияда төрөлгөн жарым коргоочу Айтана Бонмати быйыл өзүнүн клубу "Барселона" менен Испания лигасында да, Чемпиондор Лигасында да жеңишке жеткен.

Ал дал ушул Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө дүйнөлүк супер жылдызга айланган: Айтана Испаниянын жеңишинин ажырагыс бөлүгү болуп, үч гол киргизип, турнирдин оюнчусу аталды. 25 жашында ал абройлуу "Алтын топту" жеңип, УЕФАнын жылдын мыкты оюнчусу наамына татыган.

Өзүнүн үнүн футбол талаасында жана анын сыртында колдонуудан коркпогон Бонмати аялдар үчүн футболдогу теңчиликти жактайт.

Испаниянын футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалестин футболчу Женни Эрмосонун оозунан өпкөнү анын өлкөсүнүн Дүйнө чемпионатындагы жеңишине көлөкө түшүргөн. Ошол себептен Бонмати өзүнүн тайпалашына жана ушул сыяктуу кыйынчылыктарга туш болгон башка аялдарга колдоо көрсөтүп УЕФАда сөз сүйлөгөн.

Кхине Хнин Вай, Мьянма

Актриса

Мындан 25 жылдай мурун Мьянмада актриса карьерасын баштаган Кхине Хнин Вай "Сан Йе" тасмасындагы башкы ролу менен популярдуу болгон. Кхине Бирма киносундагы эң ийгиликтүү актрисалардын бири болуп калды.

Бирок, ал азыр кайрымдуулук иштери менен белгилүү. 2014-жылы ал "Кхине Хнин Вай" фондун негиздеген. Бул кайрымдуулук уюм ар кандай максаттарды, анын ичинде жетим жана кароосуз калган балдарга кам көрүүнү көздөйт.

Учурда ал өз иши аркылуу ата-энеси ар кандай себептер менен бага албай калган жүзгө жакын баланы багып келет.

Хнин Вай ошондой эле балдарды сатуунун алдын алуу боюнча элчи катары кызмат кылат.

Жоржия Гаррисон, Улуу Британия

Теле алып баруучу

Джорджия Харрисон интимдик сүрөткө байланыштуу сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон. Ал аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү жана Улуу Британияда сүрөттү жайылтууга болгон көз карашты өзгөртүү үчүн өз окуясын колдонууну чечкен.

Теле алып баруучу"Сүйүү аралы" жана "Жалгыз жол - Эссекс" сыяктуу программаларга катышып белгилүү болгон. Ал интимдик сүрөттөрдү кыянаттык менен пайдалануу же өч алуу порносу" деп аталган кылмыштарды жасагандарды катаал жазалоо үчүн Британиянын онлайн коопсуздук боюнча мыйзамдарына түзөтүү киргизүүгө чакырып келген.

Харрисон азыр кишинин макулдугусуз тартылган же бөлүшүлгөн сүрөттөрдү же кадрларды жайгаштырганы үчүн онлайн платформаларды катаалырак жазалоону талап кылууда.

Анн Граль, Франция

Комедиант

Greenwashing комедия клубу экологиялык көйгөйлөрдү, ошондой эле феминизм, жакырчылык, майыптуулук жана ЛГБТ+ маселелерин коомчулукка алып чыккан стенд-ап жамааты.

Бул клубду стенд-ап куудул Анн Граль негиздеген, ал курч тамашалар аркылуу адамдардын аң-сезимине өзгөрүүнүн үрөнүн себүүгө, ал тургай, алардын адаттарына таасир этүүгө болот деп эсептейт.

Граль, кыска түшүнүктөр жана кыска билдирүүлөр үстөмдүк кылган көңүл ачуу коомунда көбүнчө апыртмаларга жана курч тамашаларга негизделген юмор климаттык кризиске байланыштуу идеяларды бөлүшүү үчүн эң сонун каражат боло алат деп эсептейт.

Greenwashing комедия клубунун ийгилиги абдан кубандырат, анткени ал бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар климаттын өзгөрүшүнө тынчсызданып жатканын билдирет. Кишилер чогулуп, каткырып күлүп, клубдан күрөштү улантууга даяр сезим менен кетип жатканы буга балил!

Анн Граль

Андреза Делгадо, Бразилия

Куратор жана маданият боюнча менежер

Сан-Паулонун четиндеги жакыр конуштардын тургундарына комикcчилердин жыйынына катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү Андреза Делгадо PerifaConду ишке киргизүүгө көмөк көрсөттү.

Акысыз иш-чара Бразилиянын четки жана жакыр конуштарынан чыккан комикс авторлоруна, сүрөтчүлөргө багытталган. Алар адатта маданий жаратуучулар же керектөөчүлөр катары көз жаздымда калышат.

Комикстер, видео оюндар, концерттер жана гик маданиятынын өзгөчөлүктөрүн өзүнө камтыган үчүнчү PerifaCon 2023-жылы болуп өттү, ага 15 000ден ашык адам катышты.

Делгадо Ютубер жана подкастер катары өз платформаларын колдонуп, Бразилияда маданиятка жетүүнү демократиялаштырууга чакырып, өзгөчө ынды кара сүрөтчүлөрдүн иштерине басым жасап келет.

Харманприт Каур, Индия

Крикет оюнчусу

Быйыл Харманприт Каур Висдендеги жылдын беш крикет оюнчусунун бири болгон алгачкы индиялык аял болду.

Индиянын крикет боюнча улуттук аялдар командасынын капитаны үйүндө да, чет өлкөдө да мыкты бомбардир. Өткөн жылы ал өз командасын Шериктештик оюндарында күмүш медалга жеткирген.

Ата мекендик крикет оюндарында ал март айында биринчи жолу Мумбаи командасын Аялдардын Премьер-Лигасында жеңишке алып чыкты.

Анын карьерасынын эң маанилүү учурларынын бири 2017-жылы болду, ал Индия үчүн Аялдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Австралияга каршы беттеште 171 чуркоо жана 115 топ киргизип, командасын финалга чыгарып кеткен.

Дэён Ли, Түштүк Корея

Kpop4Planet'тин негиздөөчүсү

Дэён Ли климаттык кризиске каршы туруу үчүн Kpop4Planet аркылуу дүйнө жүзүндөгү K-pop күйөрмандарын чогултууда.

2021-жылдан баштап үгүт тобу Түштүк Кореянын эң ири көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурган жана стриминг кызматтарын көрсөткөн таасирдүү адамдарынан климаттык өзгөрүүлөргө чара көрүүнү жана кайра жаралуучу энергияга өтүүнү cүрөп, жайылтууну сурашкан.

Бул топ ыр альбомдорунун калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген кесепеттерин баса белгилеп, K-pop'тогу көрүнүктүү аткаруучуларды санарип альбомдорго өтүүгө түрткү берген.

Дэён Ли азыр музыканын да чегинен чыгып, атактуу мода бренддеринин климаттык убадаларын аткарууга чакырууда. Адатта, K-pop жылдыздары ал бренддердин жүзү катары эсептелинет.

Социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүү жолунда өзгөрүү жасамайынча багынбайбыз. Биз муну кайра-кайра далилдедик жана климаттык кризиске каршы күрөшүүнү уланта беребиз.

Дэён Ли

Жастина Майлз, АКШ

Жаңсоо тилинде ыр аткаруучу

Дүйнөдөгү эң көп көрүлгөн спорттук иш-чаралардын бири болгон Февраль айындагы Super Bowl LVII мелдешинде Жастина Майлз баарынын эсинде калды.

Кулагы укпаган аткаруучу поп-жылдыз Рианнанын сөздөрүн жаңсоо тилинде укмуштуудай энергия менен аткарып популярдуу болуп кетти. Айрымдар Жастина өнөрү менен Рианадан да ашып түштү деген пикирин билдиришкен.

Жасинда Super Bowl'дун тыныгуу учурундагы белгилүү шоусунда Американын жаңсоо тилинде (ASL) ыр аткарган биринчи дүлөй аял болуп калды. Ал ошондой эле бул иш-чарада жаңсоо тилинде Ынды каралардын улуттук гимни деп аталган Lift Every Voice and Sing деген ырды биринчи жолу аткарды.

Майлз дүйнөгө дүлөй адамдардын жан дүйнөсүн көрсөткүсү келет жана ал дүлөй медайымдарды окутуу үчүн өзүнүн окуу курсун ачсам дейт.

Диа Мирза, Индия

Актриса

Актриса Диа Мирза Индияда кинодогу ролдору үчүн сыйлыктарга татыган, ал ошондой эле көптөгөн экологиялык жана гуманитардык долбоорлорго катышып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын ыктыярдуу элчиси катары Мирза климаттын өзгөрүшү, таза аба жана жапайы жаратылышты коргоо сыяктуу маселелер боюнча маалыматтарды таратат.

Ал One India Stories продюсердик үйүнүн негиздөөчүсү, анын максаты, өз сөзү менен айтканда "тыным алып ойлонууга" түрткү берген окуяларды айтып берүү.

Ал ошондой эле Save the Children уюмунун, Эл аралык жаныбарларды коргоо фондунун элчиси жана Sanctuary Nature фондунун башкаруучу кеңешинин мүчөсү.

Зандиле Ндлову, Түштүк Африка

Эркин дайвинг боюнча инструктор

Түштүк Африкалык биринчи ынды кара аял, эркин дайвинг боюнча инструктор Зандиле Ндлову океанга чүмкүүнүн ар түрдүү жолун тапкысы келет.

Ал жаштарды жана жергиликтүү жамааттарды океанга кызыктарган The Black Mermaid Фондун негиздеген. Зандиле жаңы кошулган топторго океан мейкиндигин эс алууда, профессионалдык чүмкүүдө жана спортто колдонууга жардам бергиси келет.

Ндлову океан изилдөөчүсү, аңгемечи жана кинорежиссер. Ал бул жөндөмдөрүн Океан сакчыларынын жаңы муунун калыптандыру үчүн колдонот. Океан сакчылары океандын булганышы жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жөнүндө маалымат алып, айлана-чөйрөнү коргоого катышкан адамдар.

Климаттык кризисти ойлогондо коомго өзгөрүүлөрдү алып келүүгө аракеттенип жаткан активдүү жаштардын көптүгү мага үмүт берет.

Зандиле Ндлову

Элис Осеман, Улуу Британия

Сценарист

Көптөгөн сыйлыкка ээ болгон жазуучу, иллюстратор жана сценарист Элис Осеман жаштар үчүн бестселлер болгон Heartstopper графикалык романынын жаратуучусу. Ал ошондой эле "ЛГБТ + бойго жетүү" окуясын Netflix үчүн адаптация кылып Эмми сыйлыгын алган.

Осеман ар бир эпизодду жазып, кастингден музыкасына чейин ар бир этапта катышкан.

Ал болгону 19 жашында "Радио жымжырттык", "Махабатсыз" жана "Солитэйр" сыяктуу жаштар үчүн жазылган бир нече романдардын автору болгон.

Анын китептери YA Book Prize, Inky Awards, Карнеги медалы жана Goodreads Choice Awards сыяктуу бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Камила Пирелли, Парагвай

Олимпиадалык атлет

Камила Пирелли багыты гепатлон болгону менен, 100 метрге тоскоолдуктардан өтүп жарышып, Токио Олимпиадасына жолдомо алган.

Гуарани Пантера деген лакап аты менен белгилүү болгон жеңил атлетчи улуттук жеңил атлетика боюнча бир катар рекорддордун ээси, спорттун машыктыруучусу жана англис тили мугалими.

Пирелли климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өз тажрыйбасында көргөн, ал Парагвайдын кичинекей шаарчасында айлана-чөйрөгө кам көргөн үй-бүлөдө чоңойгон.

Ал азыр EcoAthlete чемпиону, бул дегени, ал өзүнүн спорттук платформасын адамдарды климаттын өзгөрүшүн талкуулоого жана көмүртектин эмиссиясын азайтуу үчүн чараларды көрүүгө үндөйт.

Мен жапайы жаныбарларды жолуктуруу кадимки көрүнүш болгон шаарчада чоңойгом. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ал жаныбарлардын азыр кыйналып жатканын билүү мени камтамага салат, ал жандыктарга жардам бергим келет.

Камила Пирелли

Азиза Сбайти, Ливан

Жөө күлүк

Азиза Сбайти өлкөсүнүн 100 метрге чуркоо рекордун жаңырткандан кийин "тарыхтагы эң ылдам ливандык аял" деген атка конгон. Ал быйыл Ливандын Батыш Азия жана Араб чемпионаттарында алтын медаль уткан биринчи ынды кара спортчусу катары кайрадан таанымал болду.

Энеси либериялык, атасы ливандык Азиза 11 жашында Ливанга көчүп барган. Ал жерде расизм жана дене түсүүнө байланыштуу дискриминацияга кабылган.

Жеңил атлетика анын өзүн-өзү табуу жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолу болуп калды жана активизмге болгон умтулуусун арттырды.

Ал атактуу спортчу катары өлкөдөгү системалуу расизм жөнүндө айтып, инклюзивдүүлүк менен теңдикти жактайт жана Ливандын жаштарын шыктандыруу үчүн мектептер жана университеттер менен кызматташат.

Бьянка Уильямс, Улуу Британия

Атлет

4х100 метрге чуркоо боюнча Европанын жана Шериктештиктин алтын медалынын ээси Бианка Уильямс 2023-жылкы Европа командалык чемпионатында Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын капитаны болгон.

Июль айында ал Британиянын жеңил атлетика боюнча чемпионатында 200 метрге чуркоодо экинчи орунду ээлеп, Будапештте өтүүчү дүйнөлүк жеңил атлетика чемпионатына британиялык команданын курамына кирди.

Ал жана анын жолдошу, спортчу Рикардо Дос Сантос 2020-жылдын июль айында Лондондо полиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, тинтүүгө алынган.

Уильямс менен Дос Сантос полициячыларды расалык дискриминацияда айыптап, расмий арыз менен кайрылышкан. Натыйжада эки полиция кызматкери одоно тартип бузуулар үчүн күнөөлүү деп табылып, кызматынан бошотулган.

Америка Феррера, АКШ

Актриса

Көптөгөн сыйлыктарды алган белгилүү актриса, режиссёр жана продюсер Америка Феррера ар кандай башкы ролдору менен белгилүү, анын ичинде жакында рекорд койгон "Барби", Real Women Have Curves кинолору жана Ugly Betty сыяктуу хит болгон сериалдары да бар.

Ал Ugly Betty тасмасындагы ролу үчүн башкы актриса категориясында "Эмми" сыйлыгын алган эң жаш аткаруучу жана биринчи латин америкалык айым болуп калды. Узак убакыттан бери активист болгон Феррера аялдардын укуктарын жана турмушун экранда көбүрөөк чагылдыруу зарылчылыгы тууралуу айтып келет.

Гондурастык иммигранттардын кызы болгон Феррера өзүнүн коммерциялык эмес Poderistas уюму аркылуу АКШдагы латын-америкалыктардын жашоосун жакшыртууну жактап келет.

Антиниска Ченчи, Италия

Ат үстүндө ойногон акробат

Антиниска Ченчи 30 жашында ат үстүндө ойной баштаганда, 10 жылдан кийин ат чапкан гимнасттар менен гастролдорго чыгарын ойлогон да эмес.

Италиянын түндүгүндөгү Ла Феницелик Антинисканын жашоосу оңой болгон жок. Апасынын төрөтү оор өткөндүктөн Антинисканы "биринчи эле оорусунан аман калбайт" деп айтышкан.

Ченчи жергиликтүү ANFFAS (Италиянын үй-бүлөлөр жана майыптар үчүн улуттук ассоциациясы) борбору жана La Fenice ат үстүндөгү акробаттар командасы тарабынан демилгеленген программанын алкагында ат ойнотууга катыша баштады.

Ал азыр ат үстүндөгү акробатика боюнча дүйнө чемпиону Анна Кавальяро жана машыктыруучу Нельсон Видони менен машыгат.

Десак Рита Кусума Дьюиди жасады, Индонезия

Альпинист

Балиде башталгыч мектепте окуп жүргөндө Десак Маде Рита Кусума Дьюини альпинисттик дубалга чыгып көрүүгө чакырышкан, көп өтпөй ал аскага ылдам чыгуу спортун сүйүп калган.

Ал жаштар арасындагы мелдештерде ийгиликтерге жетишкен. Ал эми быйыл "Индонезиялык аскага чыгуунун ханышасы" чындап эле бийиктикти багындырып, 2023-жылы IFSC альпинизм боюнча дүйнө чемпионатында 6,49 секунд рекорддук убакыт менен аялдар арасында аскага ылдам чыгуу боюнча алтын утуп алды.

Бул жеңиш ага Париж-2024 Олимпиадасына жолдомо алып берди, анда ылдамдык менен аскага чыгуу биринчи жолу өзүнчө мелдеш катары көрсөтүлөт.

Буга чейин болгону бадминтон, оор атлетика жана жаа атуу боюнча медалдары бар Индонезия үчүн бул альпинист кыз Олимпиадада багы медаль алып келиши мүмкүн.

Саясат жана активизм

Ренита Холмс , АКШ

Жеткиликтүү турак жай боюнча активист

Майамидеги Кичи Гаити конушунун тургуну Ренита Холмс айым АКШнын Флорида штатындагы бизнес жана мүлк боюнча O.U.R. Homes консалтинг компаниясынын негиздөөчү директору.

Ал коомдон обочолонгон жамааттар үчүн, анын ичинде климаттык өзгөрүүлөрдөн жабыр тарткандар үчүн турак-жай укугу тууралуу маалымат берет, анткени деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жээктен алыс жайгашкан аймактарда мүлктүн баасын көтөргөн.

10 бир тууганы менен жалгыз бой эненин колунда чоңойгон Холмс мүмкүнчүлүгү чектелген улгайган адам.

Ал билим берүү аркылуу климаттык аракеттерди жандандырууну көздөгөн Cleo Institute's Empowering Resilient Women программасынын мүчөсү. Холмс афро-америкалык жана шаарда оор шарттарда жашаган аялдарга байланыштуу маселелер боюнча жергиликтүү турак-жай агенттиктерине жардам берет.

Жер-эне менен аялдын ортосундагы байланыш бизге үмүт берет. Биз аялдар туруктуубуз, күчтүүбүз жана жароокербиз. Бир аракет кылабыз жана кам көрөбүз.

Ренита Холмс

Ирина Ставчук , Украина

Климат саясаты боюнча консультант

Ирина Ставчук – климаттык саясат боюнча алдыңкы эксперт, ал жакында эле Европалык Климат Фондуна Украина программасынын менеджери катары кошулган, негизги максаты согуштан кийин өлкөнү калыбына келтирүүдө жашыл жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу чечимдерди иштеп чыгуу

Бул кызматка келгенге чейин ал Украина өкмөтүндө 2019-2022-жылдары айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары болуп иштеген. Ошол кезде ал климаттык саясат, евроинтеграция, эл аралык мамилелер жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча жооптуу болгон.

Ставчук ошондой эле эки белгилүү экологиялык бейөкмөт уюмдарды - "Экоакшн жана Киев велосипедчилер ассоциациясын" (U-Cycle) негиздеген жана климаттын өзгөрүүсү боюнча иштеген жарандык коомдордун аймактык тармактарын координациялаган.

"Биздин милдет - биз туш болгон кырдаалда колубуздан келгендин баарын кылуу. Мен Ыйык Франциск Ассизинин сөздөрүн карманамын: "Ишти зарыл нерседен баштаңыз; андан соң аткарса боло турган ишти жасаңыз; ошондо, бир карасаңыз эле мүмкүн болбогон нерсени ишке ашырып жаткан болосуз".

Ирина Ставчук

Мариям Аль-Хаважа, Бахрейн/Дания

Укук коргоочу

Даниялык-Бахрейндик укук коргоочу Марьям Аль-Хаважа Бахрейнде жана Перс булуңунда саясий реформаларды талап кылган белгилүү активист.

Ал адам укуктары бузулан учурларды коомчулукка алып чыгып, өзгөчө #FreeAlKhawaja өнөктүгү аркылуу атасы Абдулхади Аль-Хаважаны бошотууну талап кылып келет. Атасы Абдулхади 2011-жылы Бахрейндеги демократияны жактаган нааразылык акцияларына катышкандан кийин өмүр бою эркинен ажыратылган белгилүү активист жана абийир туткуну.

Аль-Хаважа бир нече кеңештерде, анын ичинде Civicus жана Адам укуктары боюнча эл аралык кызматта иштеген, ал жаш феминисттердин FRIDA уюмуна жана "Дарыгерлер адам укуктары үчүн" уюмунун ишине да катышкан.

Шамса Аравеело, Сомали/Улуу Британия

Аялдарга жыныстык операция жасоого каршы активист

Шамса Аравеело аялдардын жыныстык мүчөсүнүн кын тилин кесүүнү (FGM) токтотууга чечкиндүү түрдө каршы туруп келет. Андыктан ал таасирдүү жана түз эфирдеги видеолору аркылуу билим берип, маалымдуулукту арттырат.

Аравеело Сомалиде төрөлгөн, бирок учурда Британияда жашайт. Ал алты жашында жыныстык органын кесүүгө дуушар болгон. Андай кесүү - аялдын жыныстык органдарын медициналык эмес себептер менен жарым-жартылай же толугу менен алып салуу процедурасы болуп саналат.

Аны ТикТокто 70 миллиондон ашык адам көргөн. Аравелло баарын бул тууралуу кабардар кылгысы келет.

Ал азыр ар-намыска байланыштуу делинип зордук-зомбулукка кабылган, башка өлкөдө калып кеткен британ жарандарына жардам берет. Ал ошондой эле Лондондун Метрополитен полициясына FGM боюнча кеңеш берет жана Garden of Peace аттуу кайрымдуулук уюмун ачкан.

Ясмина Бенслиман, Марокко

Politics4Her'дун негиздөөчүсү

Гендердик теңчиликти жактаган Ясмина Бенслиман жаш аялдардын жана кыздардын саясатка жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусуна көмөктөшүүчү Politics4Her программасын негиздеген.

Сентябрь айында анын мекени Мароккодо кыйратуучу жер титирөө болгондо, Бенслиман жана анын уюму гендердик маселелерди эске алуу менен жардам көрсөтүүгө чакырды.

Ал аялдарга жана кыздарга мүнөздүү кыйынчылыктарды баса белгилеген манифест жарыялаган. Анда кырсык болгон жерлерде мезгилдүү жакырчылык жана мажбурлап нике кыюу сыяктуу көрүнүштөр күчөй турганы айтылган.

Бир нече коммерциялык эмес уюмдардын насаатчысы, кеңешчиси жана башкаруучу кеңешинин мүчөсү катары ал жаш аялдарга лидерлик жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет. Ясмина тынчтык орнотуу жаатындагы эмгеги үчүн БУУнун Аялдар уюмунун сыйлыгына татыган.

Яель Браудо-Бахат, Израиль

Юрист

Юрист Яель Браудо-Бахат Women Wage Peace (WWP) уюмунун тең директору. Аталган уюм 50,000ден ашык мүчөсү бар Израилдин тынчтыкка үндөгөн кыймылы болуп саналат

2014-жылы түзүлгөн WWP тынчтык жараянындагы аялдардын ролуна басым жасап, Израил-Палестина жаңжалын саясий сүйлөшүү жолу менен чечүүнү көздөйт.

Акыркы эки жылдан бери WWP "Палестиналык эже-сиңдилер", "Күн аялдары" кыймылдары менен кызматташат.

Браудо-Бахат өзүнүн устаты, көрүнүктүү тынчтык активисти жана WWP уюмунун негиздөөчүсү Вивиан Силверге терең ыраазы экенин айтат, ал өмүрүнүн ондогон жылдарын израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана теңчиликти бекемдөөгө арнаган. Силвер 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын чабуулунан каза болгон.

Белла Галхос, Чыгыш Тимор

Саясий активист

Эр жүрөк активист Белла Галхос өлкөсү 2002-жылы Индонезиядан эгемендүүлүк алганга чейин да, андан кийин да Чыгыш Тиморду өзгөртүүгө чоң салым кошкон.

Өлкөдөн сыртта жүргөн жылдары, ал Чыгыш Тимор эли өз тагдырын өзү чечиши керек деген талап менен дүйнөнү кыдырып чыккан. Чыгыш Тимор бошотулганда кайтып келген Галхос ондогон жылдарга созулган согушта калкынын жарымы жакырчылыкка кептелген өлкөсүн калыбына келтирүүгө катышкан.

2015-жылы ал туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүп, балдарды өзгөрүүлөрдүн себепкери болууга шыктандырган Леублора жашыл мектебин ачкан.

Галхос учурда Чыгыш Тимордун президентинин кеңешчиси болуп иштеп, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурат жана ЛГБТ+ коомчулугунун да таламын талашып келет.

Рина Гоной, Япония

Мурдагы аскер кызматкери

2011-жылдагы көп адамдын өмүрүн алган жер титирөө жана цунамиден кийин эвакуациялоо учурунда 11 жаштагы Рина Гонойго аял жоокерлер жардам беришкен, ошондон тарта Рина Япониянын коргоонуу күчтөрүндө кызмат өтөөнү кыялдана баштаган.

Рина аскер кызматкери болуу нийетине жеткен. Бирок ал "күн сайын" сексуалдык ыдыкка дуушар болуп, балалык кыялдары таш капты.

Гоной 2022-жылы аскерден кетип, жоопкерчиликти талап кылган коомдук кампанияны баштады. Эркектер үстөмдүк кылган бул коомдо сексуалдык зомбулукка дуушар болгонун айтып чыккандар катуу каршылыкка туш болушат.

Анын иши аскер кызматкерлерин ички иликтөө жүргүзүүгө түрттү, ал ыдыкка байланыштуу жүздөн ашык башка даттанууларга себеп болуп берди. Коргоо министрлиги кийинчерээк Гонойдон кечирим сурады.

Соня Гуажажара, Бразилия

Министр

Бразилиянын түпкүлүктүү калктарынын укуктарын коргоо кыймылынын көрүнүктүү ишмери Соня Гуажажара 2023-жылы өлкө тарыхында биринчи жолу түпкү элдер боюнча министр болуп дайындалган. Жаңы шайланган президент Лула да Силва тарыхый дайындоо жасады делинип мактоого алынган.

Соня экологиялык кылмыштарга каршы күрөшүүнү өзүнүн башкы приоритеттеринин бири деп атаган.

Гуажажара Амазон аймагында, кат-сабаты жоюлбаган адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Соня ал жерде климаттык кризис экосистемага кандай терс өзгөрүүлөрдү алып келерин өз көзү менен көргөн.

Ал адабият боюнча окууга тапшырууга кетип, медайым жана мугалим болуп иштеп, карьерасын активист катары баштаган. 2022-жылы ал түпкүлүктүү калктан чыккан конгресстеги биринчи айым болуп калды.

Биз климаттык адилеттүүлүктү кантип жайылтуу жана экологиялык расизм менен күрөшүү жөнүндө ойлонушубуз керек, анткени табиятты эң мыкты коргой алган адамдар анын бузулушунан биринчи болуп эң көп жабыр тартышат. Биз, түпкүлүктүү калк, биологиялык ар түрдүүлүктүн жана жашоонун чыныгы сакчыларыбыз.

Соня Гуажажара

Дехенна Дэвисон, Улуу Британия

Парламент депутаты

1885-жылы Бишоп-Окленд шаарында шайлоо округу түзүлгөндөн бери 2019-жылы биринчи консерватор депутат болуп Дехенна Дэвисон шайланган. Ал 2022-жылы социалдык мобилдүүлүккө жана регенерацияга көңүл буруп, жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча министр болду.

Дехенна 2023-жылдын сентябрында өнөкөт шакый деген диагнозу тууралуу ачык айтып, министр кызматынан кеткен.

Дэвисон 13 жашка чыкканда, анын атасын муштум менен бир жолу уруп өлтүрүп коюшкан. Бул анын саясатка баруусуна түрткү болгон. Ал бир жолу уруп жиберүүнү токтотуу боюнча All Party парламенттик тобун негиздеген жана One Punch UK кыймылы менен адилеттүүлүк жана жазалоо реформасы үчүн үгүт иштерин жүргүзгөн.

Дехенна ошондой эле өнөкөт шакыйды дарылоо жолдорун жакшыртууга багытталган жана инвазивдик лобулярдык рак оорусуна көбүрөөк изилдөөнү каржылоого басым жасайт.

Сю Заозао, Кытай

Энелик жумуртканы тоңдуруу боюнча активист

Сю Заозао 2018-жылы Бээжиндеги мамлекеттик ооруканага өз жумуртка клеткасын тоңдуртуу үчүн кайрылган. Бирок ал жалгыз бой болгондуктан, мындай процедура Кытайда жубайлар үчүн гана уруксат экенин айтышып, аны кабыл алуудан баш тартышкан.

Ал Кытайдагы турмушка чыга элек аялдардын жумуртка клеткаларын тоңдуруу укугун талашып, оорукананы сотко берген.

Өлкөдө төрөттүн төмөн деңгээлине байланыштуу кооптонуулар күчөп турган кезде, 2019-жылдын декабрь айында башталган бул укуктук күрөш маалымат каражаттарынын баш макалаларына чыкты.

Акыркы чечим али чыга элек, бирок Сюнун иши укук, медицина жана этика тармагындагы окумуштуулар тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө ал жалгыз бой аялдардын репродуктивдик укуктарынын жана адам өз денесинин ээси деген принциптин көрүнүктүү жактоочусу бойдон калууда.

Наташа Кандич, Сербия

Юрист жана укук коргоочу

1990-жылдардын башында мурдагы Югославияда согуш башталгандан бери Наташа Кандич согуш учурундагы мыкаачылыктарды, анын ичинде зордуктоо, кыйноо, киши өлтүрүү жана жашыруун камап жок кылган учурларды документтештирип келет.

Ал Белграддагы Согуш кылмыштары боюнча соттун алдында ар кандай улуттагы курмандыктардын үй-бүлөлөрүнүн атынан өкүл болуп, серб лидери Слободан Милошевичтин өкмөтүнүн Косового карата саясатын тыкыр иликтеген топтун мүчөсү болгон.

Кандич - гуманитардык укук борборунун негиздөөчүсү, көп учурда согуш кылмыштары боюнча калыс иликтөөлөрү үчүн мактоолорго татыган.

Ал болжол менен 130 000 адам каза болгон Балкан согуштары тууралуу фактыларды аныктоону көздөгөн "RECOM Элдештирүү тармагын" уюштурууга жардам берген.

Рукшана Капали, Непал

Жеткиликтүү турак жай боюнча активист

Ньюа улутунун өкүлү, трансгендердик укук коргоочу Рукшана Капали бала кезден өзүнүн гендердик иненттүүлүгү тууралуу маалыматтын жетишсиздигинен кыйналган.

Ал гендердик жана сексуалдык ар түрдүүлүк тууралуу маалыматты өзү издей баштаган. Ал өспүрүм кезинде каминг-аут жасап, социалдык тармактарда ЛГБТ+ укуктарынын тегерегиндеги маселелер боюнча үн каткан.

Учурда ал юридикалык факультеттин үчүнчү курсунун студенти жана Непалдагы ЛГБТ+ адамдарынын мыйзамдуу жана конституциялык укуктарын коргоого жигердүү катышууда.

Капали Жуги элинин Ньюа атту обочолонгон этникалык кастасынан болот жана Жуги элинин салттуу үйлөрүнөн мажбурлап көчүрүлүшүнө каршы күрөшүп келет.

Алисия Кахуия, Эквадор

Түпкүлүктүү калктардын укугун коргогон активист

Эквадордун Амазония тропикалык токойлорун коргоп, күрөшүп келген Алисия Кахуия быйыл чоң жеңишке жетти.

Август айындагы тарыхый референдумда эквадорлуктар Ясуни улуттук паркындагы бардык жаңы мунай скважиналарын жабууга добуш беришти - бул планетадагы эң биологиялык ар түрдүү аймактардын биринде мамлекеттик мунай компаниясы ишин токтотот дегенди билдирет. Анда цивилизация менен байланышы жок түпкүлүктүү элдер жашайт.

Ясуниде төрөлгөн жана Ваорани элинин (NAWE) лидери болгон Кахуия он жылдан ашык убакыттан бери референдум өткөрүүгө чакырып келген.

Учурда ал Эквадордун түпкүлүктүү элдериринин бирикмесинин аялдар бөлүмүнүн башчысы.

Климаттын өзгөрүшү биздин жашоону таптакыр өзгөртүп салды, эгинибизди жок кылган суу ташкындарын пайда кылды. Күн катуу ысып кургакчылык болгондо, дан-азыгыбыздын көп бөлүгү кыйрайт, бул бизге чоң кайгы алып келет, анткени эгинге жумшалган бардык күч-аракет текке кетет.

Алисия Кахуия

Амал Клуни, Улуу Британия/Ливан

Адам укуктары боюнча юрист

Амал Клуни - акыркы жыйырма жылын адилетсиздиктин курмандыктарын коргоого арнаган адам укуктары боюнча юрист.

Клуни Малави менен Кенияда аялдарга карата сексуалдык зомбулук жана Украина менен Армениядагы адамзатка каршы кылмыштар сыяктуу олутту маселелердин үстүндө иштеген.

Анын акыркы ийгиликтери ИМ согушкерлеринин жана Дарфурдагы аскер башчысынын курмандыктарынын укугун коргоо болгон. Амал Клуни репрессиялык режимдердин бутасына алынган журналисттердин жана башка саясий туткундардын эркиндигин камсыз кылууга жардам берген.

Ал Колумбия университетинин юридикалык мектебинин профессору жана кырктан ашык өлкөдө укугу бузулган адамдарга акысыз юридикалык колдоо көрсөткөн Клуни Фондунун негиздөөчүсү.

София Косачева, Орусия

Өрт өчүрүүчү

Мурда операда ырдоо боюнча мугалим болгон София Косачева 2010-жылы өрт өчүрүүчүлөрдүн тобу менен жолуккан. Оошондон тартып ал дагы бир багытка кызыга баштаган.

Ал өзү өрт өчүрүүчү болуп, Орусиядагы токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн ыктыярчыларды окутуу коомчулугун түзгөн. Бул өлкө боюнча жыйырма бештен ашык ыктыярдуу топтордун пайда болушуна себеп болду.

София Орусия боюнча жүздөгөн өрттү өчүрүүгө жардам берген. Гринпис уюму расмий түрдө "ылайыксыз уюм" деп аталып, Орусиядагы бөлүмү жабылганга чейин ал аталган уюм менен да кызматташкан.

Косачева ошондой эле ыктыярдуу токой өрт өчүргүчтөрү үчүн веб-сайт түздү. Анда орус тилиндеги эң толук онлайн маалымат базасы камтылган. Ал базада токой өрттөрүнүн алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча маалыматтар бар.

Климаттык кризис канчалык кеңири жайылбасын, ар бир чоң ийгилик майда иштерден башталат. Глобалдык деңгээлде бир нерсени өзгөртүү биз үчүн мүмкүн эместей сезилиши мүмкүн, ошентсе да биз өзүбүздүн айланабыздагы өзгөрүүлөрдөн башташыбыз керек.

София Косачева

Моника МакУильямс, Улуу Британия

Мурдагы саясатчы жана тынчтык боюнча медиатор

Быйыл Түндүк Ирландияда Белфаст келишимине кол коюлганына 25 жыл толду. Моника МакУильямс келишимге алып келген көп тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө башкы медиатор катары чечүүчү ролду ойногон.

Ал "Түндүк Ирландиянын аялдар коалициясы" саясий партиясын түзгөндөрдүн бири. Аталган партия тынчтык келишимине маанилүү жоболорду киргизип, диний айырмачылыктарга карабай адамдардын башын бириктирген.

Ал Түндүк Ирландиянын биринчи Мыйзам чыгаруу жыйынына шайланган жана аталган өлкөнүн Адам укуктары боюнча комиссиясынын башкы комиссары катары Түндүк Ирландиянын Укук Актысынын мыйзам долбоорлорун сунуштаган.

МакУильямс учурда куралдуу топторду жоюу боюнча комиссар болуп иштейт жана аялдарга карата зордук-зомбулук тууралуу көптөгөн макалаларды жарыялаган.

Нажла Мохаммед-Ламин, Батыш Сахара

Аядар укугу жана климат боюнча активист

"Алмасар китепкана борборунун" негиздөөчүсү Нажла Мохамед-Ламин Алжирдин түштүк-батышындагы Сахарави качкындар лагерлеринде аялдар менен балдарга ден соолук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча билим бергиси келет.

Анын үй-бүлөсү 1975-жылдан бери Марокконун оккупациясында турган, Испаниянын мурдагы колониясы болгон Батыш Сахарадагы зордук-зомбулуктан качууга мажбур болгон.

Лагерде туулуп-өскөн Мохамед-Ламин өспүрүм кезинде англис тилин үйрөнүп, чет элдик делегациялар үчүн котормочулук кылган жана элден окууга акча чогулткандан кийин чет өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүк алган.

Туруктуу өнүгүү жана аялдардын коомдогу ордун изилдөө боюнча окуусун аяктаган соң, ал 200,000 Сахарави качкындарына климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу начарлап кеткен суу жана азык-түлүк көйгөйлөрү менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн лагерлерге кайтып келди.

Биздин үйлөрдү суу ташкындары жана кум бороондору үзгүлтүксүз талкалап келет. Элибиз өтө катуу ысыктан жапа чегип жатат. Биз чөлдүү аймакта климаттын өзгөрүшүнүн күчөп бараткан таасирине туруштук беришибиз керек. Болбосо, биздин элдин климаттык кризистин пайда болушуна дээрлик эч кандай тийешеси жок.

Нажла Мохаммед-Ламин

Уланда Мтамба, Малави

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн никеге туруусуна каршы активист

Уланда Мтамба Малавинин Лилонгве шаарындагы аялдардын билим алуусун дээрлик колдобогон жамматта чоңойгон. Ал жакта көптөгөн кыздарды 18 жашка чыга электе эле турмушка берүү үчүн мектепти таштоого мажбурлашкан.

Мтамба коомчулукта орногон эрежеге каршы чыгып, университетти гана бүтүрбөстөн, магистр даражасын да алган.

Ал кыздарды эрте никеге туруудан коргогон мыйзамдардын аткарылышын, ошондой эле эрте кош бойлуулук менен байланышкан коркунучтарды жоюу үчүн инвестицияны көбөйтүүнү жактап келет.

Учурда ал Африка континентиндеги бардык кыздар үчүн орто мектепке барууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөгөн AGE Africa уюмунун Малавидеги директору болуп иштейт.

Тамар Мусеридзе, Грузия

Журналист

18 жашынан тарта Грузиянын коомдук телерадио тармагынын жүзү, Тамуна деген ат менен белгилүү болгон теле алып баруучу Тамар Мусеридзенин турмушунда баары ойдогудай болчу. Бирок ал 31 жашында аны багып алышканын билгенден кийин анын жашоосу кескин өзгөргөн.

Ал бардыгын таштап өзунүн биологиялык ата-энесин издей баштаган. Издөө учурунда Тамар Грузияда 1950-жылдардан бери бала багып алуунун чоң масштабдагы көмүскө базары бар экенин аныктаган.

Ал Фейсбукта "Мен издеп жатам" деген топ түзүп, негизинен төрөт үйлөрүнөн алынган ымыркайларды мыйзамсыз асыроо тууралуу өлкө боюнча талкуу жараткан.

Мусеридзенин уюму жүздөгөн үй-бүлөлөрдү табыштырды, бирок ал дале өз үй-бүлөсүн издеп келет.

Нема Намадаму, Конго Демократиялык Республикасы

Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоочу, активист

Mama Shuja деген ат менен белгилүү Hero Women Rising тармагы, Конгодогы аялдар жана өспүрүм кыздар үчүн жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Майыптардын укуктарын коргогон активист Неема Намадаму билим берүү жана технологияларды колдонуп аялдардын үнүн угузуу жана аларга өз укуктарын талап кылууну үйрөтүү үчүн жергиликтүү уюмду негиздеген.

Конгонун чыгышындагы алыскы аймакта төрөлгөн Намадаму эки жашында полиомиелитке чалдыккан. Ал өз улутундагы университетти бүтүргөн биринчи майып аял болгон.

Ал парламенттин депутаты болуп шайланып, өлкөнүн гендер жана үй-бүлө министринин кеңешчиси болгон.

Мишель Обама, АКШ

Адвокат, автор жана активист айым

АКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама Girls Opportunity Alliance аттуу дүйнөлүк баштапкы уюмдарга колдоо көрсөткөн уюмдун негиздөөчүсү. Ал баштапкы уюмдар кыздардын татыктуу билим алышын камсыз кылуу жаатында иштешет.

Бул аракеттер Обаманын биринчи айым катары баштаган "Кыздар үйрөнсүн" демилгесине негизделген. Бул демилге бүткүл дүйнө жүзүндөгү өспүрүм кыздарга сапаттуу билим алууга көмөк көрсөтүү үчүн жалпы өкмөттүк ыкманы колдонгон.

Биринчи айым катары Мишель Обама дагы үч негизги демилгени колдогон: "Келгиле, кыймылдайлы!" - дени сак балдарды өстүрүүдө ата-энелерге жардам берүү демилгеси; "Күч бирдикте" - АКШнын аскер кызматкерлерин, ардагерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо долбоору; жана "Бийиктиктерге жет" - жаштарды жогорку билим алууга үндөгөн бул долбоор азыркы күндө да иштеп жатат.

Сепиде Рашну, Иран

Жазуучу жана сүрөтчү

Сепиде Рашну Иранда хижап кийүүнүн милдеттүү эрежелерине катуу каршы чыгып белгилүү болгон.

Автобуста жоолук оронууну талап кылган аял менен урушуп кеткенден кийин ал камакка алынган.

Тергөө учурунда Сепиде мамлекеттик телевидениеге бети-башы көгала болуп, өзүнүн жүрүм-туруму үчүн "кечирим сурап" чыккан. Бул окуя 2022-жылдын июль айында, 22 жаштагы Махса Амини Ирандын адеп-ахлак полициясынын камагында каза болгондон бир нече жума мурун болгон.

Ушул жылдын башында Рашну жоолуксуз түшкөн сүрөттөрүн интернетке таратканы үчүн сот жообуна тартылган. Ал активдүүлүгү үчүн университеттен четтетилгенин айтат.

Ал азыр абактан чыгып, хижап кийүүнүн милдеттүү эрежелерин бузууну улантууда.

Бернадетт Смит, Ташбака аралы / Канада

Дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнүн жактоочусу

2008-жылы Бернадетт Смиттин эжеси дайынсыз жоголуп кеткенден кийин ал өз суроолоруна жооп издеп келет.

Смит бүткүл Канада боюнча дайынсыз жоголгон жана өлтүрүлгөн түпкүлүктүү элден чыккан аялдар менен кыздардын үй-бүлөлөрүнүн башкы жактоочусу болуп калды. Алар биргеликте аракеттенип, жооп издөөгө үчүн коалиция түздү.

Бернадетт ошондой эле Виннипегдеги Кызыл дарыядан жоголгондордун сөөгүн же кандайдыр бир изин издеген Drag the Red тобун негиздеген.

Смит жакында Манитобанын Мыйзам чыгаруу жыйынына үчүнчү мөөнөткө шайланды жана провинцияда түпкүлүктүү элден министр болуп дайындалган аял катары тарыхта калды. Учурда ал турак жай, наркомания жана үй-жайсыздыкка жооп берген министр болуп иштейт.

Глория Стайнем, АКШ

Феминисттик лидер

1970-жылдардан бери дүйнөлүк феминисттик кыймылдын лидери катары Глория Стайнемдин феминизмге кошкон салымы дүйнө жүзү боюнча белгилүү.

Стайнем активист, журналист, жазуучу, лектор жана медиа өкүлү катары теңдик маселелери боюнча иштеген.

Ал ошондой эле 1971-жылы биринчи жолу жарык көргөн жана азыркыга чейин басылып келе жаткан, АКШдагы биринчи мезгилдүү басылма катары эсептелген "Айым" журналын негиздеген. Аталган журнал аялдардын укуктарын коргоо кыймылынын маселелерин жалпы коомчулукка алып чыккан.

89 жаштагы Стайнем "Аялдардын Медиа Борбору", "ERA Коалициясы" жана Equality Now сыяктуу тажрыйбалуу уюмдарга колдоо көрсөтүү аркылуу дүйнөдөгү адилеттик үчүн күрөшүн улантууда.

Суммиа Тора, Ооганстан

Качкындардын укуктары боюнча активист

Dosti тармагы Ооганстанда жана анын тышында качкын катары жашаган оогандар үчүн маанилүү ресурстарды жана маалыматтарды камсыздоого багытталган уюм. Ал 2021-жылы талибдердин бийликти басып алганына жооп иретинде ачылган.

Уюмдун негиздөөчүсү Суммия Тора өзү да ооган качкыны, ал жер которгон адамдар туш болгон кыйынчылыктарды жакшы түшүнөт.

Анын иши качкындарды жайгаштырууга жана жаңжалдан жабыркаган окуучулардын билим алуу мүмкүнчүлүгүнө багытталган.

Билим берүүнүн өзгөртүүчү күчүн түшүнгөн Тора БУУ жана Дүйнөлүк Банк, Малала Фонду жана Шмидт Фьючерс сыяктуу уюмдар менен иштешкен. Бул өнөктөштүк аркылуу ал чукул кырдаалдарда качкындарга, аялдарга жана кыздарга өзгөчө көңүл буруп, билим берүүнү жактап келет.

Кристина Фигуерес, Коста Рика

Дипломат жана климаттык саясий медиатор

2009-жылы Копенгагенде өткөн БУУнун климат боюнча саммитинде сүйлөшүүлөр алга жылбай калганда, маселени чечүү үчүн Кристиана Фигуерес чакырылган.

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын аткаруучу катчысы болуп дайындалган Фигуерес кийинки алты жылды климаттын жалпы стратегиясы боюнча өлкөлөрдүн макулдугун камсыз кылуучу планды иштеп чыгууга жумшады.

Жарым-жартылай Кристинанын ишинин натыйжасында, дээрлик 200 тарап 2015-жылы Париж климаттык келишимине кол коюшту - бул эл аралык келишим өлкөлөрдү дүйнөдө абанын температурасын индустриалдык доорго чейинки эки градустан ашык жогорулатпай кармап турууга милдеттендирет. .

Фигуерес климаттык көйгөйордү практикалык түрдө чечүү үчүн ишкерлер менен иштешкен Global Optimism уюмунун тең негиздөөчүсү.

Кээде кайгыга батам, эмоциялар мени шалдыратып, иш кыла албай калам. Башка учурларда, ачуум келгенде жана эмоцияга алдырганымда абалдан жарып чыгып кетким келет. Бирок эң жакшы күндөрдө мен кайгымды жана ачуумду эмоцияларымдын тамырына байлап, аларды кайратка, сүйүүгө жана аракетке айлантып, балдарыбыз жана алардын урпактары үчүн жакшы дүйнөнү биргеликте курсак дейм .

Кристина Фигуерес

Илим, саламаттыкты сактоо жана технологиялар

Басима Абдулрахман, Ирак

Экологиялык жактан таза курулуш боюнча ишкер

2014-жылы "Ислам мамлекети" деп аталган топ өлкөсү Ирактын эбегейсиз бөлүгүн басып алганда, Басима Абдулрахман АКШда университетте окуп жүргөн.

Согуштун айынан көптөгөн шаарлар талкаланган эле. Басима курулуш инженери катары магистратурасын бүтүп үйүнө кайтып келгенде өз жамаатына кантип жардам берүүнүн жолун тапкан.

Ал Ирактын биринчи жашыл курулуш демилгеси болгон KESKти негиздеген. Ал экологиялык жактан таза курулуш аркылуу алдыңкы энергия үнөмдөөчү технологияларды жана материалдарды Ирактын салттуу курулуш ыкмалары менен айкалыштырууну чечти.

Басима бүгүнкү күндөгү курулуштар келечек муунга зыян келтирбеши керек экенин жакшы түшүнөт.

Климаттык кризис мени кабатыр кылып келет. Мен, кантип адамдар анын коркунучтарын азайтууга салым кошпой, бейгам жашап жатат деп таң кала берем.

Басима Абдулрахман

Амина Аль-Биш, Сирия

Ыктыярдуу куткаруучу

2017-жылы Сирияда жарандык согуш күчөгөндө Амина Аль-Биш адам өмүрүн сактап, жараат алгандарга биринчи жардам көрсөтө баштаган. Ал Сириянын жарандык коргонуусунун, ошондой эле Ак каскачандар деп аталган ыктыярдуу уюмундагы биринчи аял волонтерлорунун бири эле.

Амина, 2023-жылдын февраль айында Сирия менен Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарды куткарууга дагы өз ыктыяры менен катышкан. Ошондо зилзаланын кесепетинен бутүндөй микрорайондор талкаланып, анын өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү урандылардын астында калган.

Азыр Аль-Биш согуштар уланып жаткан Сириянын түндүгүндө өз жамаатындагы башка аялдардын жашоосун жакшыртууга аракет кылууда. Ошол эле убакта бизнести башкаруу боюнча билим алууда. Амина анын кыялы тынчтык өкүм сүргөн Сирияны курууга катышуу экенин айтат.

Сара Аль-Сакка, Палестина аймактары

Жалпы практикадагы хирург

Газадагы диплом алган биринчи аял хирург, доктор Сара Аль-Сакка андагы эң чоң оорукана Аль-Шифада иштейт.

Ал согуш учурунда адамдарды дарылоо тажрыйбасы тууралуу баяндоо үчүн Instagram аккаунтун колдонуп келет. Израил Хамаска каршы чабуулун жүргүзүп жаткан учурда Аль-Шифа ооруканасы катуу жабыркады.

Аль-Сакка электр энергиясынын, күйүүчү майдын, суу жана тамак-аштын таңкыстыгы бейтаптарды дарылоону оорлотуп жатканы тууралуу пост жазган. Израилдин аскерлери ооруканага рейд жасаар алдында ал Аль-Шифадан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Аталган рейдди Израилдин Коргоо күчтөрү Хамаска каршы багытталган операция деп мүнөздөгөн.

Аль-Сакка Газа Ислам университетинде медицина жана Лондондогу Queen Mary университетинде хирургия боюнча билим алган. Ал учурда Газадагы жалгыз хирург аял эмес, анын жолун башкалар да улантып келе жатышат.

Баяң, Кытай

Мемуарчы жана туруктуу өнүгүүнүн жактоочусу

2018-жылдан бери Баяң жергиликтүү түрлөргө жана суу ресурстарындагы өзгөрүүлөргө көз салып, аба ырайын байкап, өсүмдүктөрдү изилдеп, экологиялык күндөлүк жазып келет.

Баяң Кытайдын Тибет платосунда жайгашкан Цинхай провинциясында жашайт, аталган плато абанын температурасынын жогорулашы, мөңгүлөрдүн эриши жана чөлгө айлануу сыяктуу климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин башынан кечирүүдө.

Баяң Sanjianyuan Аялдардын Экологиялык тармагынын мүчөсү жана өз жамаатында ден соолукту жана туруктуулукту жактап келет.

Ал жергиликтүү суу ресурстарын коргоо жана башкаларды экологияны сактоо ишине кошулууга шыктандыруу үчүн экологиялык таза продукцияларды, анын ичинде эринге коюлуучу майларды, самындарды жана баштыктарды жасаганды үйрөнгөн.

Анамария Фонт Виларроэл, Венесуэла

Элекментардык бөлүкчөлөрдүн физикасы боюнча адис

Элементардык бөлүкчөлөр физикасы боюнча изилдөөчү, профессор Анамариа Фонт Вилларроэл табияттагы бардык бөлүкчөлөрдү жана фундаменталдуу күчтөрдү энергияны кичинекей, титирөөчү жип катары моделдөө аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылган супер жип теориясын изилдейт.

Фонттун изилдөөлөрү материянын түзүлүшү жана кванттык тартылуунун кесепеттери жөнүндө теорияны терең түшүндүрдү. Бул теориялар кара туңгуюктардын жана Чоң жарылуудан кийинки алгачкы мезгилдин сүрөттөлүшүнө да байланыштуу.

Ал буга чейин Венесуэлада Fundación Polar сыйлыгын алган жана быйыл ЮНЕСКОнун Илимдеги Аялдар сыйлыгынын лауреаты болуп тандалган.

Циюнь Ву, Сингапур

Аңгемечи

Циюнь Ву - эколог жана социалдык медиада контент жаратуучу. Ал өзүнүн аккаунттарында климаттын өзгөрүшү тууралуу маалымат менен бөлүшөт.

Анын The Weird and the Wild ("Кызыктай жана жапайы") онлайн платформасы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маалыматтарды жеңил кылып, илимий терминдерди түшүнбөгөн адамдарга да жеткиликтүү кылуу. Анын контенти негизинен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө жамааттарды тартууга, аларды коргоого жана окутууга багытталган.

Ал Түштүк-Чыгыш Азияга багытталган Climate Cheesecake аттуу экологиялык подкастты башкалар менен биргеликте алып барат, ал подкаст климаттын татаал темаларын оңой түшүндүрүүгө багытталган.

Ал ошондой эле National Geographic'тин жаш изилдөөчүсү.

Климаттык кризис татаал, оор жана коркунучтуу. Бирок биз аны коркуу менен эмес, абай кызыгуу менен изилдеп көрсөк болот. Биз өз жөндөмдөрүбүздү курчутуп жатып, жүрөгүбүздө дүйнөгө кам көрүүгө аракет кылсак болот. Ал жөндөмдөр бизге иштебегенди талкалап, иштей турган жаңы нерсени куруу үчүн керек болот.

Циюнь Ву

Тран Гам, Вьетнам

Биогаз өндүрүү боюнча бизнестин ээси

2012-жылы Тран Гам Вьетнамдагы фермаларга таза энергия булактарын орното баштады.

Эки баланын энеси бул жаатта базарда боштук бар экенин көрүп, Ханойдо биогаз станцияларын орнотуу жана башкаруу боюнча бизнес ачып, кийинчерээк ишин үч коңшу провинцияга кеңейткен.

Анын долбоору фермерлерге уй менен чочконун кыгын, суу ландышын жана башка калдыктарды жаратылыш газына караганда туруктуу энергия булагы деп эсептелген биогазга айлантуу аркылуу чыгымдарды кыскартууга жардам берет. Бул биогаз андан кийин тамак-аш даярдоого жана тиричилик муктаждыктарына колдонулат.

Трандыкындай ишканалар жергиликтүү жамааттарды кошулууга чакырат жана климаттын өзгөрүшүн азайтуу үчүн зарыл саясий колдоо көрсөтөт.

Биз жашашыбыз керек жана биз жакшы жашашыбыз керек, ошондуктан мен көнүгүү, туура тамактануу жана уйку графигин сактоо аркылуу ден соолугумду чыңдап, жакындарымдын да саламаттыгы чың болсун деп аракет кылдым. Мен адамдарды органикалык жашоого өтүп, өздөрүнүн жашылча-жемиштерин өстүрүүгө үндөйм, жана жашылчаларга химиялык пестициддерди колдонууга каршы болууга чакырам.

Тран Гам

Тимнит Гебру, АКШ

Жасалма интеллект (ЖИ) боюнча эксперт

Жасалма интеллект боюнча өтө таасирдүү компьютер илимпозу Тимнит Гебру "Big Tech'тин кеңири таасиринен эркин, көз карандысыз, коомчулукка негизделген жасалма интеллектти изилдөө аянты" катары түзүлгөн Distributed Artificial Intelligence Research Institute'тун (DAIR) негиздөөчүсү жана аткаруучу директору. .

Ал жүздү таануу технологияларындагы расалык бир тараптуулукту сындап, жасалма интеллект менен иштөөгө кара түстүү адамдарды кошууну жактаган коммерциялык эмес уюмду негиздеген.

Эфиопияда туулган программист Эфиопиялык студенттерге программалоону үйрөтүүчү AddisCoder компаниясынын башкаруу кеңешине мүчө.

2020-жылы Google'дун жасалма интеллектке байланыштуу этикалык тобунун лидери болуп иштеп жүрүп, ал ЖИ тилинин моделдериндеги көйгөйлөрдү, анын ичинде азчылыктарга жана маргиналдашкан адамдарга жана аймактарга карата структуралык дискриминация бар экенин көтөргөн академиялык макаланын автору болгон.

Макала анын компаниядан кетишине алып келди - ошол учурда компания ал макала тиешелүү изилдөөлөрдү этибарга албаганын айтып, Гебру кызматтан кетти деп жооп берген. Бирок, Гебру жумуш ордунда дискриминация маселелерин көтөргөндүгү үчүн кызматтан алынганын айтат.

Клаудия Голдин, АКШ

Экономист жана Нобель сыйлыгынын лауреаты

Америкалык Клаудиа Голдин экономика тарыхы боюнча илимпоз жана эмгек акы боюнча экономист. Ага аялдардын жумушу жана гендердик айлык акыдагы ажырымдын себептери тууралуу эмгеги үчүн быйылкы жылдын экономика боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылды.

Ал экономика жаатында Нобель сыйлыгына жеткен үчүнчү гана аял, жана сыйлыкты эркек кесиптештери менен бөлүшпөй, өзү алган биринчи аял.

Голдин Гарвард университетинин экономика боюнча Генри Ли наамын алган профессор. Ал киреше теңсиздиги, билим берүү жана иммиграция сыяктуу темаларды изилдейт.

Анын эң таасирдүү эмгектеринин айрымдары аялдардын карьера жана үй-бүлөгө умтулуу тарыхын, ошондой эле бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын аялдардын карьерасына жана турмуш куруу чечимдерине тийгизген таасирин изилдейт.

Жанан Дагдевирен, Түркия

Окумуштуу жана ойлоп табуучу

АКШдагы Массачусетс технология институтунун (MIT) доценти Жанан Дагдевирен эмчек рагын эрте аныктоого жардам бере турган УЗИ датчигин ойлоп тапты.

Ракка такай текшерилип турганына карабастан, анын эжесине 49 жашында өтүшүп кеткен стадиядагы эмчек рагы диагнозу коюлган. Эжеси алты айдан кийин каза болгон. Бул окуядан кийин Жанан дартты эрте аныктоонун айласын издей баштаган.

Дагдевирен эжесинин керебетинин жанында отуруп көкүрөк рагына чалдыккан адамдарды тез-тез текшерип турууга мүмкүндүк берүүчү диагностикалык аппараттын болжолдуу схемасын түзгөн. Бул технология миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн.

Изабела Длужык, Польша

Үн жаздыруучу

Изабела Длужык колуна диктофон алып, Польшадагы Европанын эң байыркы жана эң жакшы сакталган токойлорунун бири болгон Беловежанын укмуштуудай үндөрүн жаздырууга барат.

Эркектер үстөмдүк кылган кесипти аркалаган жаш аял үчүн бул адаттан тыш көрүнүш. Андан тышкары Изабела тубаса көзү азиз.

12 жашында үй-бүлөсү Изабелага диктофон алып бергенден бери ал канаттуулардын сайрашын өзгөчө сезимталдык менен угуп, учурда куштардын түрлөрүн үнүнөн аныктай алат.

Изабелла табият тартуулаган үндөрдөгү "көңүл жубаткан сулуулукту" бөлүшүү сыймык деп эсептейт.

Глэдис Калема-Зикусока, Уганда

Ветеринар

Глэдис Калема-Зикусока - Угандалык ветеринар жана жаратылышты коргоочу, ал климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жашоо чөйрөсү кыскарып бараткан, жок болуп кетүү коркунучуна туш болгон тоо гориллаларын сактоо жаатында иштейт.

Ал адамдардын, гориллалардын жана башка жапайы жаныбарлардын бир аймакта жашашын камсыз кылууга, алардын саламаттыгын жана жашоо чөйрөсүн жакшыртуу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган Conservation Through Public Health бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү жана башкы директору.

Ал отуз жылдын ичинде тоо гориллаларынын санын 300дөн 500гө чейин көбөйттү, бул алардын статусун "өтө коркунучтагы" абалдан "коркунучта" деген абалга алып келүүгө жол ачкан.

Калема-Зикусока Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы тарабынан 2021-жылы Жердин сакчысы деп аталды.

"Климаттык кризис учурунда мага үмүт берген нерсе - маселенин тез арада чечилиши керек экенин моюнга алуу. Кризисти жумшартуу жана ыңгайлаштыруу үчүн инновациялык ыкмалар бар."

Глэдис Калема-Зикусока

Лиан Каллен-Ансворт, Улуу Британия

Деңиз изилдөөчүсү

Деңиз чөбү көмүртекти кармап калуу жана балыктарды азык менен камсыз кылуу жөндөмү менен белгилүү, бирок алардын суу астындагы айрым жашоо чөйрөсү талкаланган.

Лиан Каллен-Ансворт - Seagrass долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана учурдагы башкы директору. Программа Улуу Британиядагы деңиз чөптөрүн олуттуу масштабда калыбына келтирүүнү көздөйт.

Долбоор үрөн себүү үчүн алыстан башкарылган роботту колдонуу менен процессти жеңилдетет жана башка өлкөлөргө дагы суу астындагы шалбааларын калыбына келтирүүгө жардам бере алмак.

Деңиз изилдөөлөрүндө 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар дисциплиналар аралык илимпоз Каллен-Ансворт өзүн илимге негизделген консервацияга жана табиятты калыбына келтирүүгө арнаган.

Жалгыз адамга бир нерсеге жетүү өтө оор болот, бирок адамдар чогуу иштешип, билими менен бөлүшүүдө. Мен өзүм караган тармак үчүн айтсам, биз маанилүү жашоо чөйрөсүн жандандырып, аны планетабызга жана коомубузга берген пайдасы үчүн коргоп жана калыбына келтире аларыбызга ишенем.

Лиан Каллен-Ансворт

Соня Кастнер, АКШ

Токой өрттөрүн аныктоо боюнча технологияны иштеп чыгуучу

Быйыл токой өрттөрү дүйнөдөгү эң чоң токойлордун айрымдарын кыйратты. Өрт өчүрүүчүлөр көбүнчө өрттүн чоң масштабы жана жайылып кетиши менен күрөшүп жаткандыктан, Соня Кастнер өрттү эртерээк аныктоого жардам бере турган уюм түзгөн.

Pano AI жасалма истеллектти колдонуп өрт күчөп кеткенге чейин анын белгилерин аныктоо үчүн рельефке байкоо салып турат, анын максаты жергиликтүү тургундардын өрт өчүрүүчүлөрдү чакырганын күтүп отурбай, өрт тууралуу эртерек коңгуроо кагуу.

Кастнер буга чейин ар кандай технологиялык долбоорлордо он жылдан ашык иштеген.

Мага үмүт берген нерсе - адам инновациясынын укмуштуу күчү. Мен климаттык кризистин эң жаман кесепеттерин жоюуга жардам берүүчү технологиялардын жана маалыматтарга негизделген чечимдердин потенциалына өз көзүм менен күбө болдум.

Соня Кастнер

Астрид Линдер, Швеция

Жол коопсуздугу боюнча профессор

Ондогон жылдар бою автоунаалар орто бойлуу эркектерге негизделген краш-тест (унааны дубалга суздүрүп текшерүү) муляждарын колдонуу менен чыгарылып келет. Бирок, статистикалык маалыматтарга караганда, унаа бетме-бет кагылышканда аялдардын жаракат алуу же өлүм коркунучу эркектерден жогорурак.

Инженер Астрид Линдер аны өзгөртүүнүн үстүндө иштеп, аялдардын дене түзүлүшүн эске алуу менен дүйнөдөгү биринчи орто бойлуу аял муляжын краш-тест аркылуу сынап көрүү долбоорун жетектеген.

Швециянын Улуттук жол транспортун изилдөө институтунун (VTI) жол кыймылынын коопсуздугу боюнча профессору жана Чалмерс университетинин доценти, Линдер биомеханика жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча эксперт.

Неха Манкани, Пакистан

Акушерка

Былтыр, Пакистанды суу ташкыны кыйратып кеткенде акушерка Неха Манкани жабыр тарткан аймактарга жардамга барган.

Манкани өзүнүн Mama Baby Fund ("Эне-бала фонду") кайрымдуулук фонду аркылуу командасы менен бирге суу ташкынынан жабыркаган 15 000дөн ашык үй-бүлөгө өтө зарыл болгон дары-дармектерди жана төрөттө колдонулуучу медициналык жабдууларды жеткирип, акушердик жардам көрсөткөн.

Ал, адатта, ресурстары таңсык жана өзгөчө кырдаал болгон жерлерде, аба ырайынын катаал шарттарынан жабыркаган аймактарда иштейт.

"Эне-бала фонду" жээктеги аймактарда жашаган кош бойлуу аялдарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн жакынкы ооруканаларга жана клиникаларга жеткире турган атайын тез жардам кайыгын ишке киргизүүгө каражат чогулта алды.

Климаттык кырсыктардан жапа чеккен аймактардагы акушеркалардын иши өтө маанилүү. Биз бир эле убакта климаттык активист жана тез жардам көрсөтүү кызматыбыз. Аялдардын айланасындагы кырдаал начарлап кетсе дагы биз аларга кош бойлуу маалында, төрөт жана төрөттөн кийинки кезде зарыл болгон камкордукту көрсөтө беребиз.

Неха Манкани

Ванжира Матай, Кения

Экологиялык маселелер боюнча кеңешчи

Ванжира Матай - социалдык жана экологиялык өзгөрүүлөрдү колдоо боюнча 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар, бүтүндөй континентти ышктандырган лидер.

Кениядагы жашыл алкак кыймылын жетектеген Ванжира бак-дарак отургузуу аркылуу аялдарга күч берген. Уюмду Ванжиранын апасы, 2004-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгын алган Вангари Матай негиздеген.

Матай учурда Дүйнөлүк ресурстар институтунун Африка жана глобалдык өнөктөштүк боюнча аткаруучу директору жана Вангари Матай фондунун төрайымы.

Учурда ал Безос Жер Фондунун, ошондой эле Таза тамак-аш жасоо альянсынын жана Европалык Климат Фондунун Африка боюнча кеңешчиси.

Иш-аракеттер "жергиликтүү" деңгээлде жүрөт. Биз жергиликтүү демилгелерди, мисалы, дарактарды өстүргөн ишкерлерди жана коомчулуктун калыбына келтирүү, кайра жаралуучу энергия жана айланма экономикадагы аракеттерин колдоого алышыбыз керек. Төмөндөн өйдө карай кеткен аракеттер мага үмүт берет, анткени алар бизге эмне кылса болорун көрсөтүп турат.

Ванжира Матай

Изабель Фариас Мейер, Чили

Эрте менопауза боюнча активист

Изабель Фариас Мейер этек киринин үзгүлтүккө учурашы кандайдыр бир шектүү нерсенин белгиси деп эч качан ойлогон эмес, бирок 18 жашка чыгайын деп калганда ага эрте менопауза же энелик безинин эрте иштебей калышы деген диагноз коюлган. Бул оору энелик бездер жакшы иштебей калганда пайда болот жана андан 40 жашка чейинки аялдардын болжолдуу 1% жабыркайт.

Андай учурда аялдар өтө эрте жашта эле менопаузага окшош симптомдорду сезишет. Фариас бул абал анын турмушуна, айрыкча остеопороз менен жашоого кандай таасир этээри жөнүндө ачык айтты.

30 жаштагы журналист маалымат менен бөлүшүү, мифтер менен күрөшүү жана оору менен жашаган адамдар үчүн коопсуз жайларды түзүү үчүн Латын Америкасында эрте менопауза боюнча биринчи регионалдык тармак түздү.

Натали Псайла, Мальта

Дарыгер

Мальта Европа боюнча аборт жасатууга эң катаал эрежелерди киргизген өлкө. Ал жми Натали Псайла маалыматка жана кеңешке муктаж болгон аялдарга жардам берет.

Натали Doctors for Choice Malta уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал бойдон алдырууну кылмыштуулуктан ажыратууну жана мыйзамдаштырууну, бойго бүтүрбөөчү каражаттардын жеткиликтүү болуусун жактап келет.

Псайланын айтымында, Мальтада аборт кылдырууга аялдын өмүрү коркунучта болгондо гана уруксат берилген, башка учурда дээрлик толугу менен тыюу салынган. Бул дегени аялдар дарыгерлердин көзөмөлү жок эле таблеткаларды ичет дегенди билдирет. Ал абортко чейин, аборт учурунда жана андан кийин аялдарга колдоо көрсөтүүчү ишеним телефонун ачкан.

Ал ошондой эле өлкөдө репродуктивдүү саламаттык боюнча билимди жакшыртууга жардам берүү үчүн 10 жаштан 13 жашка чейинки балдарга арналган "Менин денемдин фантастикалык саякаты" аттуу китебин чыгарган.

Олена Розвадовска, Украина

Балдар укуктарын коргоо боюнча адвокат

Олена Розвадовсканын миссиясы украин балдарга согуштун психологиялык жарааттарынан айыгууга жардам берүү. Ал психологиялык колдоо көрсөтүүчү "Балдар үнү" кайрымдуулук уюмунун тең-негиздөөчүсү.

Бул уюм 2019-жылы ачылган. Андан төрт жыл мурда, Орусия колдогон жикчилдер Донбаста Украинага каршы согуша баштаганда Розвадовска согуш тилкесине жакын жерде ыктыярчы катары иштеген.

Учурда фондко караштуу 14 борбордо жүздөн ашык психологу бар, ошондой эле бекер ишеним телефону иштейт. Ал он миңдеген балдарга жана ата-энелерге жардам берди.

Розвадовска "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн даректүү тасмага катышып, өз командасы менен биргеликте "Балдардын үнү аркылуу угулган согуш " аттуу китебин чыгарган.

Румайта Аль Бусаиди, Оман

Илимпоз

Омандык илимпоз Румаита Аль Бусаидинин 2021-жылдагы TED баяндамасы "Аялдар жана кыздар, силер климаттык кризисти жөнгө салуунун бир бөлүгүсүңөр" деп аталган. Араб аялдарынын укуктарын жактаган Бусаидинин сөзүн миллиондон ашуун адам көргөн.

Аль Бусаидинин тажрыйбасын эске алышып аны Климаттын өзгөрүшү боюнча Араб Жаштар Кеңешине жана Оман Айлана-чөйрөнү коргоо коомуна кошулууга чакырышкан.

Ал ошондой эле Байдендин администрациясына климатка байланыштуу жардам боюнча консультация берип, Гренландия өкмөтүнө экотуризм боюнча кеңештерин берген.

Ал Түштүк уюлга жеткен эң жаш омандык аял жана WomeX - араб аялдарынын бизнес-сүйлөшүүлөр боюнча тажырыйбасын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн аянтчанын негиздөөчүсү, .

Климаттын өзгөрүүсүн жеңип чыгуунун негизги жолу - аялдар менен кыздарды окутуу жана активдештирүү. Алардын өз жамматарына тийгизген чоң таасири көз караштарды жана аракеттерди өзгөртүп, баарыбыз үйүбүз деп атаган жерди коргоп калат.

Румайта Аль Бусаиди

Сумини, Индонезия

Токой менеджери

Индонезиянын консервативдүү Аче провинциясында лидерлик кызматтарда аялдарды көрүү адаттан тыш көрүнүш.

Сумини айылындагы суу каптоонун негизги себептеринин бири токойлордун кыйылышы экенин түшүнгөндө, аракетке өтүп, жамааттагы башка аялдар менен бирге иштешүүнү чечкен. Токойлорду кыйуу климаттын өзгөрүшүнө да өбөлгө түзөт.

Анын тобу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба министрлигинен Дамаран-Бару айылынын жамаатына 251 гектар токойду 35 жыл бою башкарууга уруксат алган.

Ал азыр мыйзамсыз бак-дарак кыюу жана Суматра жолборсторун, панголин жана башка жоголуп бара жаткан жаныбарларды атууга жол бербөө үчүн Айылдык токой-чарба мекемесин (LPHK) жетектейт.

Ушул күндөрү токойлорду кыюу жана браконьерлик кеңири жайылгандыктан, климаттык кризисти биргелешип чечүү үчүн токойлорго көбүрөөк маани берилиши керек. Токойду сактаганың - өмүрдү сактаганың.

Сумини

Фабиола Трехо, Мексика

Социалдык психолог

Дээрлик жыйырма жыл мурун социалдык психолог Фабиола Трехо өзүнүн академиялык жолун баштаганда, Мексикада социалдык адилеттүүлүк маселеси катары аялдардын сексуалдык ырахатына көңүл бурган эч кандай изилдөө жок болчу.

Трехо социалдык теңсиздикти, гендердик зомбулукту жана сексуалдык ырахат алуунун саясий күчүн изилдеген жана аялдар үчүн сексуалдык адилеттүүлүктү илгерилетүүгө умтулган иши менен ушул багытка жол салды.

Ал айрым теңсиздиктер аялдарды сексуалдык жактан алсыз кылат деп ырастайт. Сүйлөө иш-чаралары, илимий изилдөөлөр жана практикалык семинарлар аркылуу ал адамдарга ырахат алууну, оргазмды жана мастурбацияны изилдөөгө жардам берет.

Анын иши аялдардын ден соолугуна жана сексуалдык мамилелерине байланышкан темаларга тыюу салынган Латын Америкасында жана испан тилдүү коомдордо резонанс жаратты.

Женифер Ученду, Нигерия

Психикалык саламаттык боюнча активист

Женифер Ученду негиздеген жаштар SustyVibes уюмунун максаты – туруктуу өнүгүүнү реалдуу, адамга жакын жана популярдуу кылуу.

Учендунун акыркы изилдөөсү климаттык кризистин африкалыктардын, өзгөчө жаштардын психикалык саламаттыгына тийгизген таасирин билүүгө багытталган.

2022-жылы ал Африкалыктардын климатка байланыштуу эмоцияларын изилдөө жана коргоо үчүн The Eco-Anxiety Africa (TEAP) долбоорун түзгөн. Алар климаттык өзгөрүүнүн адамдын психикалык абалына таасир этүүсүн изилдеп, колдоо жана психотерапия менен алектенишет.

Анын максаты - климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эмоцияларды түшүнүү боюнча оор жана көбүнчө жагымсыз иштерди жасоого жана ой жүгүртүүнү өзгөртүүгө кызыкдар адамдар жана уюмдар менен кызматташуу.

Климаттык кризиске келгенде мен ар кандай эмоцияларды баштан өткөрөм. Бул жаатта эч качан жетишээрлик деңгээлде иш аткара албасам дагы колумдан келгендин баарын кылам деп өзүмдү акырындап жоошутам, тынчтыкка келем. Башкалар менен тилектештикте аракеттенүү, алар менен эс алуу жана жөн гана жанында болуу, менин климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу сезимдеримди жайгарууга жардам берет.

Женифер Ученду

Марселла Фернандес, Колумбия

Экспедициялык гид

Мөңгүлөр жергиликтүү жамааттар үчүн таза суунун маанилүү булагы болуп саналат, бирок Колумбияда алар тездик менен ээрип, жоголуп баратат.

Cumbres Blancas ("Ак чокулар") бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Марсела Фернандес жана анын кесиптештери бул маселеге адамдардын көңүлун буруп, мурда бар болгон 14 мөңгүдөн алтоо гана калганын жана алар коркунучта экенин баса белгилешти.

Илимий экспедициялар жана альпинисттер, фотографтар, илимпоздор жана сүрөтчүлөрдүн тобун чогултуу аркылуу Фернандес өзгөрүүлөргө көз салып, мөңгүлөрдүн жоголушуна жол бербөөнүн чыгармачылык жолдорун иштеп чыгат.

Ал өзүнүн "Pazabordo" аттуу дагы бир долбоору менен Колумбияны 50 жыл тооруган ички куралдуу кагылыштар учурунда зомбулукка кабылган аймактарды да кыдырат.

Мөңгүлөр мени кайгыга каршы, жоготууга каршы күрөшүүгө үйрөттү... Аларды жоготуп алсак кайра ордуна келтире албайбыз, бирок биз өз салымыбызды кошуп, из калтыра алабыз.

Марселла Фернандес

Анна Хуттунен, Финляндия

Көмүртектин изин азайтуу технологиялары боюнча эксперт

Экологиялык жактан таза транспорттун жалындуу жактоочусу Анна Хуттунен 2021-жылы Европанын жашыл борбору наамына ээ болгон Финляндиянын Лахти шаарында жашыл, таза жана натыйжалуу транспорт системасын өнүктүрүп жатат.

Ал шаардагы көмүртек сатуунун инновациялык соода моделин башкарат. Анна жарандар велосипед же коомдук унаа сыяктуу жашыл транспорт түрлөрүн колдонуп балл топтоого мүмкүндүк берген дүйнөдөгү биринчи колдонмону ойлоп тапкан.

Ал Европанын шаарларында 2030-жылга чейин климаттык тең салмактуулукка жетишүүгө аракет кылган NetZeroCities уюмунда иштейт.

Хуттунен башкаларды экологиялык жактан таза транспортко өтүүгө шыктандыргысы келет жана шаарларда келечектин транспорту деп велосипедди эсептеп, аны колдонууга чакырат.

Дүйнө жүзүндөгү муниципалитеттер өз жарандарына экологиялык таза жашоону түзүү үчүн иштеген укмуштуудай адамдарга толо. Өз ишиңди аткар, катыш жана өзгөрүүнүн бир бөлүгү бол!

Анна Хуттунен

Сюзан Чомба, Кения

Илимпоз

Сюзан Чомбанын учурда дүйнөлүк ресурстар институтунун (WRI) директору болуп иштейт. Анын балалыгы Кениянын борборундагы Кириньяга округунда өткөн. Бала кезиндеги жакырчылык аны башкалардын жашоосун жакшыртууга себеп болгон.

Ал биринчи кезекте токойлорду коргоо, жерлерди калыбына келтирүү жана Африканын тамак-аш системасын өзгөртүү менен алектенет.

Конго ойдуңунун тропикалык токойлорунан тартып кургак Батыш Африка Сахелине, ошондой эле Чыгыш Африкага чейин чакан фермерлер, өзгөчө аялдар жана жаштар менен иштешип, Чомба аларга өз жерлерин максималдуу түрдө туура пайдаланууга жардам берип келет.

Ал климаттын өзгөрүшү күчөгөн шартка туруктуу жамааттарды куруу үчүн өз тажрыйбасын өкмөттөр жана изилдөөчүлөр менен бөлүшөт.

Дүйнөлүк лидерлердин, өзгөчө абаны булгаган негизги өлкөлөрдүн аракетсиздиги жинимди келтирет. Алар багытты өзгөртө турган экономикалык күчкө ээ, бирок акча, бийлик жана саясат аларды тушап турат. Мындай ойлорду женүү үчүн, мен Африкадагы аялдар жана жаштар менен жаратылышты коргоо жана калыбына келтирүү, азык-түлүк табуу системасын жана саясатты өзгөртүү боюнча иш-аракеттерди жасап жатам.

Сюзан Чомба

Элхам Юсефиан, АКШ/Иран

Климат жана майыптуулук боюнча консультант

Адам укуктары боюнча юрист Элхам Юсефиандын көзү азиз, ал климаттын өзгөрүшүнө, айыркча климаттык өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салууда майыптыгы бар адамдарды тартуунун жалындуу жактоочусу.

Иранда туулуп-өскөн Юсефиан 2016-жылы АКШга көчүп кеткен. Бүгүнкү күндө ал майыптардын таламын талашкан 1100дөн ашуун уюмдан турган эл аралык Майыптар Альянсында маанилүү ролду ойнойт.

Анын миссиясы - жетекчилерге климаттын өзгөрүшүнүн майыптарга тийгизген таасирине байланыштуу алардын милдеттери жөнүндө маалымат берүү болуп саналат. Ал ошондой эле климаттык кризиске каршы күрөшүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эбегейсиз потенциалы бар экенин айтып келет.

Биз, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катары, оор кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жана туңгуюктан жол таап кетүүгө жөндөмдүү экенибизди кайра-кайра далилдедик. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө алдыңкы сапта турушу керек.

Элхам Юсефиан

Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматынын 2023-жылкы сезонуна катышкан 100 Айымдын айрымдарынын сүрөттөрү.

100 айым деген эмне?

Би-Би-Синин 100 Айым долбоору жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 100 таасирдүү жана башкаларга дем берген аялдардын ысымдарын атайт. Биз алардын жашоосу тууралуу даректүү тасмаларды, репортаждарды жана интервьюларды - башкача айтканда аялдарды ортого койгон окуяларды жаратабыз жана алар Би-Би-Синин бардык платформаларында жарыяланып, көрсөтүлөт.

Би-Би-Синин 100 Айымына Instagram жана Facebook баракчаларында катталыңыз. #BBC100Women аркылуу талкууларга кошулуңуз.

100 Айым кантип тандалат?

Би-Би-Синин 100 Айым долбоорунун командасы изилдөөнүн натыйжасында чогулткан ысымдардын жана Би-Би-Синин Дүйнөлүк Кызматарынын, ошондой эле BBC Media Action'дун сунуштамалырынын негизинде айымдардын тизмесин түзгөн.

Биз акыркы 12 айдын ичинде башкы жаңылыктарды жараткан же маанилүү окуяларга таасир эткен талапкерлерди чогулттук. Ошондой эле шыктандыруучу окуялары бар, маанилүү ийгиликтерге жетишкен же өз коомуна жаңылык жаратпай туруп деле таасир эткен талапкерлерди издегенбиз.

Ошондой эле быйылкы жылдын тандоосу – климаттын өзгөрүшү жана анын дүйнө жүзүндөгү аялдар менен кыздарга ар кандай таасир этип жатканына да негизделди. Андыктан 28 Климат Пионери жана башка айлана-чөйрө менен иш алып барган лидерлер тандалып алынды.

Биз саясий чөйрөдөгү жана коомдун бардык чөйрөлөрүндөгү добуштарды алып чыктык, ар кандай карама каршылыктуу пикирлерди жараткан темалардын тегерегинде ысымдарды изилдедик жана өзгөрүү жараткан аялдарды көрсөттүк.

100 Айымдын тизмеси акыркы ысымдар тандалганга чейин аймактык өкүлчүлүк жана калыстык принциптери менен өлчөнгөн. Бардык аялдар тизмеге кирүүгө өз макулдугун беришкен.