Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

Ирандын Израилге соккусу: Дрон, ракеталардын дээрлик баары жок кылынды


14-апрелге оогон түнү Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку урду. Бул көптөн бери касташып келген эки өлкө ортосундагы түздөн-түз жаңжалдын жаңы деңгээли болуп калды.

Окуянын кыскача таржымалы

  • Жекшембиге караган түнү Иран Израилдин аймактарына ондогон дрон жана ракеталарды учурганын жарыялады.
  • Израилдин армиясы - ЦАХАЛдын маалыматына караганда, Ирандан 200дөн ашуун "жанкечти" дрондор, канаттуу жана баллистикалык ракеталар учурулган. Анын көбү атып түшүрүлгөн.
  • Ирандын чабуулун кайтарууга АКШнын абадан коргонуу күчтөрү жана Британиянын учактары катышканы белгилүү болду.
  • Тегерандын чабуулунда 10 жашар кыз жараат алып, Израилдин аскердик базаларынын бирине зыян келтирилген деген маалымат түштү.
  • Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн өлкөлөр аба мейкиндиктерин жапты.
  • Ирандын бийлиги чабуул ушуну менен токтогонун, эгерде Израил "ката кетирсе", андан катуу жооп берерин эскертип, АКШны кийлигишпөөгө чакырды.

Ашкелон. Израил. 14-апрель, 2024-жыл
Ашкелон. Израил. 14-апрель, 2024-жыл

Буга чейин Израилге Иран эмес, Тегеран колдогон Сирия, Ливан, Йемендеги аскердик топтор сокку уруп келген. Бул жолу Иран Израилдин аймагына жүздөгөн "жанкечти" дрондорду жибергенин жөөт армиясы - ЦАХАЛ билдирди. Түндө Израилдин аймагында абадан сокку коркунучтарын эскерткен сиреналар жаңырып, абадан коргонуу күчтөрү бир нече ракетаны атып түшүргөнү маалым болду.

"Кан" радиосу 14-апрелге караган түнү Израилдин ракетадан коргонуу системасы Иерусалимде жана башка аймактарда Ирандан атылган ондогон баллистикалык ракеталарды атып түшүргөнүн билдирди.

Ирандан учурулган дрон менен ракеталардын 99% жок кылынганын Ynet порталы Израилдин расмий өкүлдөрүнө таянып билдирди. Ирандын ондогон дрондорун Израилдин чек араларына жакын жерде АКШ башында турган Жакынкы Чыгыштагы коалиция күчтөрү атып түшүргөн. Дрондорду бутага жеткирбей жок кылууга Улуу Британиянын аскер-аба күчтөрү да катышкан. Иорданиянын аба күчтөрү да ондогон учкучсуз учактарды атып түшүргөн.

АКШ бийлиги Ирандын Израилге соккулары тууралуу маалыматты ырастап, Израилге колдоосун билдирди. Соңку соккуну Британиянын бийлиги да айыптаган билдирүү таратты.

Ирандын Ислам революциясынын Сакчылар корпусу соңку сокку Ирандын Дамаскидеги консулдугуна жасалган чабуулга жооп экенин билдирди. Анда “ондогон дрон жана ракеталар” Израилдин аймагындагы позицияларга коё берилгени айтылат.

Ушундай эле маалыматты Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү таратты. Өкүлчүлүк муну менен Ирандын Израилге кол салуусу аяктады деп маалымдады:

"Иш ушуну менен бүттү десе болот. Бирок Израилдин бийлиги дагы бир ката кетирсе, Ирандын жообу андан да катаал болот", - деп жазылган билдирүүдө.

1-апрелде Ирандын Сириядагы консулдугуна кол салууда 16 кишинин өмүрү кыйылган, анын ичинен Иран революциясынын сакчылар корпусунун таасирдүү эки генералы жана беш мүчөсү болгон.

Тегеран бул үчүн Тель-Авивди айыптаган. Израил комментарий берген эмес.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи консулдукка жасалган чабуул үчүн Израилден өч алышарын 10-апрелде эскерткен. Буга чейин ушундай маанидеги эскертүүлөрдү Ирандын президенти Ибрахим Раиси да жасаган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху буга чейин өлкөнүн бийликтери Ирандын чабуулуна даяр экенин билдирген.

"Биз кандай сценарий болбосун даярбыз. Израил күчтүү, армия дагы, коом дагы күчтүү. Биз АКШнын, Улуу Британиянын колдоосун баалайбыз. Франция жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн колдоосун дагы", - деди ал.

Израилге дрон, ракета учурулгандан кийин Тегеранда бир нече киши Ирандын, Палестинанын желектерин көтөрүп аянтка чыгышты. Алар Израилге чабуулду колдоп турду.

Тегеран, Иран. 14-апрель, 2024-жыл
Тегеран, Иран. 14-апрель, 2024-жыл

Буга чейин жөөт бийлиги Бен Гурион аэропорту түнкүсүн үч саатка жабыла турганын билдирген. Иордания менен Египет аба мейкиндигин жапты, Багдаддын аэропорту да ишин убактылуу токтоткону маалым болду.

АКШнын президенти Жо Байден Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу ишембиде эс алуусун чукул токтотуп, Вашингтонго кайтты.

Американын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Эдриенн Уотсон президенттик администрация Израилдин расмий өкүлдөрү, башка өнөктөштөрү менен байланышып турганын билдирди:

"Президент Жо Байден Израилдин коопсуздугуна биздин колдообуз туруктуу экенин ачык туюнтту ", - деди ал.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Байден мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, коргоо министри Ллойд Остин жана башка расмий адамдар менен жолугушуу өткөрдү.

Байден өзү 14-апрелде таңга маал бул окуялар тууралуу комментарий берип, АКШ Израилге дээрлик бардык учкучсуз учактарды жана ракеталарды жок кылууга жардам бергенин билдирди.

Анын айтымында, өткөн аптада аймакка согуштук учактар жана ракетадан коргонуу системалары орнотулган кемелер жиберилген.

"Биздин аскерлердин кылдат чеберчилиги менен Израилге багытталган дээрлик бардык учкучсуз учактарды жана ракеталарды атып түшүрүүгө көмөктөштүк. Бул кол салууларды өтө катуу айыптайм", - деди ал.

Ирандын Израилге ыктымал соккулары тууралуу буга чейин айтылып келаткан.

Чыңалуунун күч алышы эл аралык коомчулуктун тынчсыздантып, Газа тилкесиндеги ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму менен Израилдин ортосундагы уруш Жакынкы Чыгышка толук жайылып кетет деген кооптонуу жаратып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG