Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

"Мыйзамсыз курулган объектилерди калкалап келген". Вице-мэр Сазыкулов камалды


Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкуловду 11-майга чейин камакка алды. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал коррупцияга шек саналып кармалганын ырастады.

Маалыматта ал Биринчи Май районунун акими болуп турганда мыйзамсыз курулган объектилерди калкалап жүргөнү жазылган. Сазыкулов шаардагы жетекчилик кызматка азыркы мэр Айбек Жунушалиевдин тушунда келген. Мэрия соңку окуя тууралуу комментарий бере элек. Буга чейин дагы коррупцияга шек саналып кармалган шаар башчылары, вице-мэрлер болгон.

УКМКнын билдирүүсү

Максатбек Сазыкулов камалганы жекшембиде, 14-апрелде белгилүү болгон. Мындай маалыматты бир катар журналисттер күч түзүмдөрүндөгү булактарга шилтеме кылып жазышкан.

УКМК Сазыкуловдун камалганын 15-апрелде ырастады. Атайын кызматтын билдиришинче, вице-мэр коррупциялык схема уюштурууга шек саналып жатат жана Биринчи Май районунун акими кезинде мыйзамсыз салынган коммерциялык объектилерди калкалап келгени аныкталган.

"Ал мыйзамсыз түрдө өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ишкердик субъектиге бөлүп берүү тууралуу көрсөтмө берген. Бул тилкенин азыркы базар баасы 200 миң долларды түзөт. Ал тилкеде жалпы аянты 300 чарчы метр болгон коммерциялык объект уруксат документтери жок курулганы аныкталган. Ушундан улам бул объект бузулууга тийиш болгон. Бирок, С.М.Ш. өзүнүн ыйгарым укугун колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдук жараткан. Натыйжада, мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес".

Максат Сазыкулов.
Максат Сазыкулов.


УКМК Сазыкуловго тендерге байланыштуу дагы айып коюлуп, ал өзүнчө тергелип жатканын, вице-мэр менен кошо Т.Б.М аттуу ишкер дагы кармалганын билдирди.

"Буга чейин ошол курулган объектинин ордунда сейил бак болгон. Ал аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер өткөрүү тууралуу С.М.Ш демилге көтөргөн жана аны өткөрүүдө да коррупциялык факт аныкталган. Анда бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык курулуш иштери алты-жети миллион сомго ашыкча бааланган. Бул фактыга байланыштуу өзүнчө иш жүргүзүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды. УКМК чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын вице-мэри С.М.Ш. жана ишкер Т.Б.М. атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайын, коррупциялык схемага тиешеси барларды жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат",- деп жазылган маалыматта.

Вице-мэрдин жакындары жана жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Сазыкуловдун иш тажрыйбасы

Максатбек Сазыкулов 47 жашта, ал вице-мэр кызматына азыркы шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин тушунда келген. 2021-жылы июнда экономика жана финансы маселелери боюнча вице-мэр болуп дайындалган. Жарым жылга жетпеген убакыттан кийин, 2022-жылы мартта Биринчи Май районунун акими болгон жана 1,5 жылдан кийин эле кайра вице-мэр кызматына келген.

Сазыкулов мэрияга иштегенге чейин, тактап айтканда 2003-2015-жылдар аралыгына Финансы министрлигинде, Мамлекеттик кызмат агенттигинде, өкмөттүн жана президенттин аппаратында иштеген.

Ал 2015-2021-жылдары Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунда административдик кызматтын жетекчиси болгон. 2012-2014-жылдары Жапонияда Эл аралык университетинде магистратураны мамлекеттик башкаруу адистигинде магистратураны окуган. Ага чейин Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте билим алган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев орун басарына козголгон кылмыш иши боюнча 16-апрелде өткөн жыйында комментарий берип, Сазыкулов аким болуп турган кезиндеги аракеттери боюнча шек саналып жатканын айтты:

“Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалаган адам ар кандай чечимдерге даяр болушу керек. Сазыкуловго атайы органдардын суроолору ал аким болуп турган мезгилге туш келүүдө. Алар баарын аныктап, карап, туура чечим чыгарат деп ишенип турабыз", - деди Жунушалиев.

Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбеков Сазыкуловду иш билги кадр катары сыпаттады. Ошол эле маалда мэриянын алдында коммерциялык турак жайларга байланыштуу атайын комиссияда коррупция бар экенин айтып берди.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Мен аны тааныган адам катары айтайын, өтө компетенттүү, билимдүү, маданияттуу тажрыйбалуу адам катары билем. Бул шаардагы өзгөрүүлөрдү киргизип жаткан демилгелердин генератору, ошолорду ишке ашырып жаткан адам катары билем. Анын камалганы мен үчүн таң каларлык болду. Коммерциялык турак жайларга байланыштуу мэрияда атайын комиссия бар. Мен убагында ошол комиссиянын дагы мүчөсү болгом. Убагында менин жеке принципиалдуу позициямдын негизинде ошол комиссиянын курамы кайра жаңырган. Ал Бишкек шаарында эң коррупцияга баткан комиссиялардын бири. Ал жерде Сазыкулов жооптуу эмес, ал жерде комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү бар. Чын-чынына келгенде Бишкектеги миллиарддаган коррупциянын так уюгу ошол жерде. Ошол жакта чоңдор, күч органдарынын өкүлдөрүнүн жана башкалардын кызыкчылыктарын баары ошол жерге байланган. Бишкектеги болгон дүкөндөр, күркөлөр, базарлар, машина токтотуучу жайлар өңдүү коммерциялык жайлардын баары ошол комиссияда каралат",-деди Аскарбеков.

Мурдагы вице-мэрлер эмнеге кармалды?

Буга чейин вице-мэрди социалдык тармактарда журналист Назгүл Мамытова сындап келген. Ал Сазыкулов аким кезинде шаардын борборундагы көчөлөрдөн күркөлөрдү түрттүргөнүн, бирок алардын айрымдары кандайдыр бир себептерден улам алынбай калганын айтып берди. Сазыкуловду кепке-сөзгө келбеген, орой жетекчи катары сүрөттөдү.

Назгүл Мамытова.
Назгүл Мамытова.

"Биринчи Май районунун аймагында менин бир тууган эжемдин кичинекей күркөсү бар эле. Ал мыйзамдуу эле жерде турган. Тротуарга чыгып кеткен эмес, көп кабаттуу үйдүн аймагында жайгашкан. Ал күркөнүн документи ошол үйдүн жашоочулары, үй башчынын макулдугу менен бекитилет, мэрияга деле карабайт. Анан ал ошол жердеги жолду оңдойбуз деп Нурдан Орунтаевге таянып күркөлөрдү түрттүрүп баштады. Ошол жерде тургандар "бир ай убакыт бер, жок дегенде бир жума убакыт бер" деп дагы жалдырашты. Ал жерде жолго чыгып кеткен, документи жок дагы күркөлөр бар болчу. Ошол жерде чогулгандарга кыйкырып-өкүрүп, орой адам экенин көрсөттү. Биз ошондо бул кимге таянып мынчалык болуп жатат деп таң калганбыз. Биз шаардык кеңештин депутаттарына чейин кайрылдык. Бирок ага дагы болгон жок. Анан эле биз "бул күркө 50 миң бериптир, тигил дагы 50 миң бериптир деп уга баштадык. Биз такыр акча сунуштаган жокпуз. Мен ага жолго чыгып кеткен күркөлөрдү алдырбайсызбы десем "силердин ишиңер болбосун, акча алганымды далилдегиле" деп аябай кыйын болгон. Күч менен алам дегенде күркөнү өзүбүз алганбыз. Ошол маалда жолго чыгып кеткен, мектептин аймагында турган күркөлөр дагы деле иштеп жатат".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков соңку жылдары Бишкек шаарынын вице-мэрлери кармалып жатканы көндүм адатка айланып калганын белгиледи.

"Бишкек шаары экономиканын борбору болуп жатпайбы. Ушул жерде акчанын баары айланат, бизнестин баары ушул жерде. Мыйзамсыз жер сатуу, кыймылсыз мүлк сатуу, курулуш тармагындагы мыйзамсыздык азыр эле болгон жок. Мунун баары менчиктештирүү башталганда эле кошо башталган. Акимдер, вице-мэрлер деле кызматка жөн келбейт да. Коррупция эки-үч жылдан бери азайып келатат, бирок муну таптакыр жок кылуу үчүн күрөш системалуу түрдө болушу керек. Болбосо бир-экөөнү эмес, онун камасаң деле маселе чечилбейт. Азыр санариптештирип, электрондоштуруп, видео камералрды коюп жакшы иштер дагы болуп жатпайбы. Пара берип, соодалашууга жол бербөө үчүн мындан ары дагы адамдар менен адамдардын жолугушуусун азайтышыбыз керек.


УКМК буга чейин Бишкектин мурдагы жана ошол туштагы вице-мэрлерин кармаган. 2020-жылдан бери эле Сазыкуловдун башка беш адам камалган.

2022-жылы декабрда Алимбек Абдылдаев кармалган. Ага "Бишкексвет"жана “Бишкекжылуулукэнерго" ишканаларынын жетектеп турганда ири өлчөмдө акча кымырылган деген айып коюлган. Ага чейин, вице-мэр болуп иштеп жаткан, иштеп кеткен Азат Узаков, Азамат Сагындык уулу, Азиз Алымкулов жана Мирлан Амантуров коррупцияга, мыйзамсыз курулуштарга, ири суммадагы акчалардын кымырылышына байланыштуу айыпталып камалган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG