Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Украина дагы бир шаарын алдырганы турабы?


Донецк облусундагы кыйраган шаарчанын тургуну, 14-апрель, 2024-жыл
Донецк облусундагы кыйраган шаарчанын тургуну, 14-апрель, 2024-жыл

Украинанын бийлиги да, аскердик командачылыгы да фронттогу абал соңку күндөрү татаалдашып баратканын айтууда. Орусиянын армиясы украин аскерлеринин позицияларына жана жарандык жайларга чабуулун улантууда.

Эксперттер белгилегендей, энергетикалык инфраструктуранын бутага алынып жатканы, ок-дарынын жана жоокерлердин жетишсиздиги, абадан коргонуу системасынын алсырашы, экинчи ири шаар болгон Харьковдун тынымсыз бомбаланышы Украинаны кыйын кырдаалга кептеди.

Орусия Часов Ярды мелжеп турабы?

Орусиянын армиясы Донецк облусундагы Часов Яр шаарына жакындап баратканы кабарланууда. 14-апрелде Украин куралдуу күчтөрүнүн командачысы Александр Сырский орус аскерлери шаарды 9-майга чейин алууну көздөп турганын билдирген.

Часов Яр. 5-март, 2024-жыл
Часов Яр. 5-март, 2024-жыл

Генералдын айтымында, сан жагынан артыкчылыкка ээ болгон орус армиясынын айрым топтору шаардагы Новый кичи районуна кирүүгө жетишти, бирок украиналык дрондор менен артиллерия аларды жок кылды.

«Душмандын пландарын ишке ашырууга биздин бригадалардын күн сайын чабуулдарга эрдик менен туруштук берип, ар бир карыш жерди козголбой коргоп жатышы жол бербей келатат», - деп айтты Сырский.

Орусия Часов Ярды 9-майга чейин алуу пландары тууралуу маалыматты комментарийлеген жок.

Бахмут жана Авдеевканын жанында турган бул калаа - Украинанын коргонуусу үчүн маанилүү пункт. Эксперттер белгилегендей, аны тарттырып жиберүү украин куралдуу күчтөрү үчүн чоң утулуш болуп калмакчы.

АКШдагы Согушту изилдөө институту жазгандай, орус күчтөрү шаарды алуу үчүн Авдеевкадагыдай тактиканы колдонууда. Андан тышкары Часов Ярга күнүгө ондогон бомба ташталууда.

Евгений Ткачев
Евгений Ткачев

Ыктыярчы Евгений Ткачев өзү туулуп өскөн шаарга суу жеткирип турат. Ал “Настоящее время» телеканалына ыктыярчылар ташып жаткан тамак-аш запастары дагы бир нече айга жетерин айтып берген. Бирок таза суунун тартыштыгы абдан сезилүүдө. Ткачев жер менен жексен болуу коркунучуна кептелген шаардын элесин сактап калуу үчүн барган сайын видео тартып келет.

Орусия тарап Часов Ярга март айында чабуулдарын күчөткөн. Ошондон бери 200дөй киши чыгып кетип, ушу тапта 700дөй тургун калганы расмий кабарланган. Урушка чейин калаада 13 миңдей калк жашаган.

Орус армиясынын жакындаганын шаардыктар билишкени менен, андан ары жашоо кандай болорун бардыгы эле айткысы келбейт.

Ткачев кээ бирлери орус оккупациясын күтүп жатканын, башкалары мобилизациядан жашырынып жүргөнүн, дагы бир канчасы жанындагыларга кам көрүп келатканын айтат.

"Бизге да Израилге берилгендей жардам болсо..."

13-апрелде Сырский Украинанын чыгышында фронттогу абал акыркы күндөрдө кескин курчуганын телеграм каналына жазган. Генерал орус аскерлери марттагы президенттик шайлоодон кийин өзгөчө активдешкенин белгилеген.

Селидово шаары аба соккусунан кийин. Донцек облусу. 14-апрель, 2024-жыл
Селидово шаары аба соккусунан кийин. Донцек облусу. 14-апрель, 2024-жыл

Согушту изилдөө институту АКШдан келчү жардам кечеңдеп жаткандыктан Украинанын абадан коргонуу системасы алсырап калган деп эсептейт.

Киев көптөн бери өнөктөштөрдөн Орусиянын аба соккуларына туруштук берүү үчүн атайын жабдыктарды берүүнү сурап келатат. Андай муктаждык Орусия марттын ортосунда энергетикалык инфраструктураны тынымсыз бутага ала баштагандан бери ого бетер күчөдү.

15-апрелде украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба курал-жарак менен камсыздоо үчүн чечкиндүү аракет көрүүгө кайрадан үндөдү:

“Бизге Patriot жана абадан коргоочу башка заманбап системалар, курал-жарак жана ок-дары чукул арада зарыл”, - деп айтты министр Кара деңиз регионунун коопсуздугу боюнча өткөн конференцияда.

Өлкөнүн бүт аймагын толук коргоо үчүн Киевге Patriot системасынан 26 даана керек. Бирок Батыш андай жабдыктар менен камсыз кылуу ишинде чечкиндүүлүгүн көрсөтө албай келатат.

Алдыңкы күнү украин президенти Владимир Зеленский Израилдей болуп аба соккусуна туруштук берүү үчүн Украина дагы союздаштардын көмөгүнө муктаж экенин айткан:

"Украина өнөктөштөрдү орусиялык ракеталар менен дрондорго көз жумду мамиле кылбоого чакырганы чечкиндүү аракеттер зарыл дегенди билдирет. Аба мейкиндигин коргоо үчүн сөз менен жубатуу эле жетиштүү болбойт. Ракеталар менен пилотсуз учактарды чыгарууну чектөө үчүн идеялар аздык кылат. Орусия санкцияларды буйтап өткөн маалда Украина өмүрдөн маанилүү жардам топтомун – АКШ Конгрессиндеги добуш берүүнү күтүп жатат. Террорчулардын өзүнө ишеними барган сайын артууда. Биз убакыттан уттурбашыбыз керек".

Вашингтон Украинага 60 млрд, Израиль менен Тайванга 30 млрд доллар бөлүүнү пландап жатат. Мыйзам долбоорун 13-февралда Сенат жактырган, бирок Конгресстин төмөнкү палатасындагы көпчүлүктү түзгөн республикачылар адегенде миграция маселесин чечүүнү талап кылууда.

Жекшембиде республикачылдардын конгрессмени Майк Тернер NBC News каналына берген интервьюда Өкүлдөр палатасы Израилге жана Украинага жардам топтомун бекитет деп күтүлүп жатканын билдирди:

“Орусия жаңы позицияларды ээлеп, Украина коргонуу дараметин жоготуп жаткан оор учур келгенин бардыгы түшүнүп турат. Кошмо Штаттар бир кадам аттап, Украинага зарыл болгон курал-жарак берүүгө тийиш. Менимче, Өкүлдөр палатасы бул маселени колдойт”.

Палатанын спикери Майк Жонсон Fox News телеканалынын эфиринде бул аптада конгрессмендер жардам топтомун карашарын айтты.

15-апрелде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен АКШ Конгрессин Украинага жардам топтомун кабыл алууга үндөдү. Анын айтымында, бул маселени кечеңдетүү Украинага гана эмес, жалпы НАТОго да залакасын тийгизет.

Пентагон Америка жардам бербесе, Киевге колундагы болгон ресурсу менен кайсы шаарларды кармап калуу керектигин тандоого туура келерин эскертип келатат.

Харьков шаары дрон чабуулунан кийин. 4-апрель, 2024-жыл
Харьков шаары дрон чабуулунан кийин. 4-апрель, 2024-жыл

14-апрелде Израилге 300дөй ракета менен дрон аткан Иран Орусияны “Шахед” пилотсуз учактары менен камсыздап жүрөт. Адистердин пикиринде, муну менен алар Украинанын абадан коргонуу системасын алсыратууда жана майдан чегинен алыс жайгашкан инфраструктураны жок кылууга жардам берүүдө.

Ал эми Financial Times гезити Орусия жаздын аягында – жайдын башында масштабдуу чабуулга өтүшү мүмкүн деп жазды. Украиналык жана Батыштагы айрым расмий адамдар алар буга чейин айрым бөлүктөрүн басып алган облустардын көбүрөөк жерлерин көзөмөлгө алууну, балким, экинчи ири калаа - Харьковду алууну максат кылганын болжолдошот.

Украин армиясынын абалы

Эксперттер энергетикалык инфраструктуранын аткыланышы, курал-жарактын, ок-дарынын жетишсиздиги, абадан коргонуу системасынын чабалдыгы, экинчи ири шаар болгон Харьковдун тынымсыз бомбаланышы менен катар украин куралдуу күчтөрүн толуктай турган жоокерлердин тартыштыгы да Киевди кыйын абалга кептегенин белгилешет.

11-апрелде өлкөнүн парламенти – Верховна Рада мобилизация тууралуу жаңы мыйзам кабыл алган. Документ президент кол койгондон бир ай өткөндө күчүнө кирмекчи. Мыйзамдан үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин демобилизация болуу нормасын Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы Александр Сырскийдин өтүнүчү менен алып коюшканы белгилүү болду.

3-апрелде Зеленский аскерге 500 миң кишини мобилизациялоо зарылчылыгы азырынча жок экенин айтып, «адилеттик маселеси» турганын, анткени азыр согуш талаасында жүргөндөр нааразылык билдирбесе эле алар эс албашы же ордуна башкалар барбашы керек деп кабыл алуу туура эмес деп белгилеген. Былтыр жыл этегиндеги пресс-конференцияда президенттин аскерге жарым миллион кишини чакыруу тууралуу сунуш болуп жатканы жөнүндөгү билдирүүсү кызуу талкуу жараткан.

Зеленкий менен ооз ачууга катышкан украиналык мусулман жоокерлер. 25-март, 2024-жыл
Зеленкий менен ооз ачууга катышкан украиналык мусулман жоокерлер. 25-март, 2024-жыл

"Укринформ" мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, армияда кызмат өтөөгө жарамдуу жарандар аскердик комиссариаттарда каттоого турууга тийиш. Андан тышкары армиядан качкандарга автоунаа айдоого тыюу салуу, консулдук кызмат көрсөтпөө өңдүү бир катар чектөөлөр каралууда.

Эң негизгиси, 18-60 жаштагы эркектердин бардыгы 60 күндүн ичинде аскердик комиссариаттарда жеке маалыматтарын жаңылоого тийиш. Андай болбосо, айып пул төлөөгө милдеттендирилип же айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн. Ал эми комиссариаттар армиядан качкандарды издеп табуу үчүн полицияга кайрылуу укугуна ээ болмокчу.

Мыйзам долбоору талкууланып жатканда эле бир топ талаш-тартыштарга жем таштаган. Оппозиция демобилизациянын так мөөнөтү көрсөтүлбөгөнүн белгилеп, жогорудагы катаал чараларды сындап келди.

Өткөн жылы Украинада 1200дөй киши аскердик кызматтан качкандыгы үчүн соттолуп, айрымдары 5 жылга чейин эркинен ажыратылды. Дагы 11 миңдей эркек өлкөдөн мыйзамсыз чыгууга аракеттенгенде чек арада кармалган.

Ошол эле маалда бардык эле эксперттер жаңы эрежелер аскерге барууну каалагандардын санын көбөйтөрүнө ишенбейт.

Алардын бири, украиналык юрист Сергей Гуланын айтымында, репрессивдүү мүнөздөгү мыйзамга армияда кызмат өтөөгө шыкак берчү чаралар каралган эмес.

Рейтер агенттиги сурамжылаган Киевдин тургундары бул маселеде экиге бөлүнгөн. Айрымдары эки жылдан бери фронтто согушуп жүргөндөр чарчаганын, аларды эс алдыруу зарылдыгын айтышат. Дагы бирөөлөр куралдуу күчтөрдүн пенсионерлери, прокурорлор, полиция кызматкерлери бюджеттен акча алышканын, ал эми ошол бюджетти толуктаган жөнөкөй адамдар согушка барышы керектигин, эл адилеттүүлүктү талап кыларын белгилешет.

Бийлик армиядан качкандарга катаң чара көрүүнү фронттогу абал шарттаганын айтууда.

2-апрелде украин президенти аскерге мобилизациялоого 27 эмес, 25 жаштан алуу тууралуу мыйзамга кол койгон

Кээ бир маалымат каражаттары түрдүү булактарга таянып, Орусия кошумча 300гө жакын кишини армияга чакырууну, аларды Харьков багытына жөнөтүүнү көздөгөнүн жазууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG