Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Казакстанда дагы 2,5 миң киши эвакуация болду, Токаев ири иш-чара уюштурууга тыюу салды


Петропавловск. 2024-жылдын 15-апрели.
Петропавловск. 2024-жылдын 15-апрели.

Казакстанда суу каптаган аймактардан кечээтен бери дагы 2,5 миңдей киши эвакуация болгонун 16-апрелде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Жалпысынан бүгүнкү күндө селдин айынан коопсуз жакка көчүрүлгөндөр дээрлик 114 миңге жетти, алардын 13 миңге жакыны үйүнө кайтты.

Суу бара-бара тартыла баштаганын, бирок алдыдагы 10 күн оор болорун президент Касым-Жомарт Токаев 16-апрелде Түндүк-Казакстан облусуна барып, селден жабыркаган жергиликтүү тургундар менен жолугушканда айтты. Ал Казакстан азыр оор кырдаалды башынан кечирип жатканын белгилеп, бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында бардык борбордук мамлекеттик жана жергиликтүү аткаруу органдарына ири иш-чараларды уюштуруудан баш тартуу тапшырмасы берилгенин билдирди.

Акордо Токаев эвакуация болгондор менен жолукканын жазды. Бирок «Азаттыктын» казак кызматына жолугушуунун катышуучуларын алдын ала тандап алышканы тууралуу маалымат түштү.

Түндүк-Казакстан облусунун административдик борбору Петропавловск шаарында 16-апрелде селден жабыркаган ондогон кишилер социалдык камсыздоо мекемесинин алдына чогулуп, мамлекет убада кылган материалдык жардамга кезекте турушту. Алар кезек жай жылып жатканын айтышты.

Селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими бул облустун алты районунда жарыяланган, 10 миңдей адам эвакуация болгон.

16-апрелге караган түнү Түркестан облусунун Кентау шаарында нөшөр жаандан кийин айрым үйлөрдү суу каптаганы маалым болду.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча оор абал Атырау облусунун 65 миң калкы бар Күлсары аймагында түзүлгөн.

Атырау облусунда өзгөчө кырдаал 7-апрелде жарыяланган. Ошол эле күнү куткаруучулар Күлсары шаарынан эки кишинин сөөгүн табышкан.

4-апрелде Батыш-Казакстан облусуна президент Токаев барып, кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атаган жана кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткени, жаан-чачын көп болгону себеп экенин айткан.

Адистер Казакстан азыркыдай суу каптаган абалга 80 жылдан бери тушуга элек болгонун айтып жатышат.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматка караганда, бир нече адам дайынсыз болууда.

Эвакуация болгондордун жарымына жакыны балдар. 5,5 миңдей үйдү суу каптады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG