Svoboda | Graniru | BBC Russia | Golosameriki | Facebook

Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Израил-Иран: Эл аралык коомчулук сабырдуулукка чакырат


Тегерандын борбордук көчөсүндө бараткан аял. 15-апрель, 2024-жыл
Тегерандын борбордук көчөсүндө бараткан аял. 15-апрель, 2024-жыл

Жекшембинин кечинде Израилдин аскердик жетекчилиги Иранга качан жана кантип жооп берүү маселесин талкуулады. Батыштагы жана жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, бир нече саатка созулган жыйындын соңунда бирдиктүү чечим кабыл алынган жок.

Иран 14-апрелге караган түнү Израилге 300дөн ашуун ракета, дрон менен сокку урган. Алардын баары АКШнын, Британиянын жана Франциянын жардамы менен абадан атып түшүрүлгөн. Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган "кол салуу үчүн өч алуу" деп түшүндүрдү.

Коопсуздук кеңешиндеги кайым айтышуу

Ирандын Израилге кол салуусуна байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны өттү. Анда Израилдин жана Ирандын өкүлдөрү кайым айтыша кетти.

Израилдин элчиси Гилад Эрден чөлкөмдөгү согуш тутанып, андан ары дүйнөлүк согушка айланып кете электе Иранды токтотуу зарылдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле Коопсуздук кеңешин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине кошууга чакырды.

“Бул кол салуу кызыл чектен өттү. Израил жооп чара көрүүгө мыйзам жагынан укуктуу. Биз кайнап жаткан суудагы бака эмеспиз. Биз арстан калкпыз. Мындай жапырт жана түз чабуулдан кийин бир эле Израил эмес, бүтүндөй дүйнө тынч отура албайт. Биз келечегибизди коргойбуз”, - деди Эрден.

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Саид Иравали Тегеран коргонуу укугун колдонуп жатканын, анын башка тандоосу калбаганын билдирди. Ал ошондой эле өлкөсүнүн согушуу же кырдаалды чыңалтуу ниети жоктугун, бирок кандай гана коркунуч же агрессия болбосун жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

“Израилдин өкмөт башчысынын саясаты бийликте калуу үчүн чөлкөмдөгү кырдаалды курчутуп, аны ырбатууга багытталган”, - деди Тегерандын элчиси.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды "мүмкүн болушунча сабырдуулук" көрсөтүүгө чакырды.

Израил кантип жооп кайтарары аныктала элек

Америкалык маалымат каражаттары билдиргендей, Израил бийлигинин Ирандын чабуулуна жооп кайтаруу ниети бар, болгону анын мөөнөтү жана масштабы аныктала элек.

Жекшембинин кечинде өткөн жыйында израилдик айрым министрлер дароо жооп кайтарууну талап кылышкан, ал эми өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху телефондон АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшкөндөн кийин токтоосуз чечим кабыл алуу ниетинен баш тарткан.

Вашингтондогу жогорку даражалуу өкүлдөрдүн айтымында, Байден Нетаньяхуну баарын дыкат ойлонууга чакырган. Ак үй ошондой эле АКШ Иранга жооп катары жүргүзүлө турган операцияга катышпастыгын Израилге эскертти.

"Ачыгын айтканда, АКШ башка өнөктөштөр Израилге 300дөн ашуун ракета менен дрондон коргонууга жардам берди. Израил бүтүндөй дүйнөгө коргонуунун, аскердик артыкчылыктын мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Ошондой эле Израил достору бар экенин, жалгыз эместигин жана обочодо калбаганын айгинеледи. Эми израилдиктер жооп береби, берсе кандай түрдө берет? Биз муну түшүнөбүз жана сыйлайбыз. Бирок президент (Жо Байден) Иран менен согушту көздөбөй турганыбызды так билдирди. Биз Израилге коргонуу жагынан жардам берүүнү улантабыз", - деди Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин координатору Жон Кирби.

Администрация өкүлдөрү билдиргендей, Байдендин кабинети ушундай эле ниетин Иранга дипломатиялык каналдар аркылуу жеткирди.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын Израилге кол салуусун талкуулап жатат. 14-апрель, 2024-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын Израилге кол салуусун талкуулап жатат. 14-апрель, 2024-жыл.

Дүйнө лидерлери сабырдуулукка чакырууда

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон 15-апрелде "Би-би-си" дүйнөлүк кызматына курган маегинде Израилди жакшылап ойлонууга чакырды.

"Менимче, алар кол салууга дуушар болгондуктан жооп берүүгө тийишпиз дегени негиздүү. Болгону биз аларды дос катары жүрөгү менен эле эмес, башы менен да ойлонууга чакырабыз", - деди Кэмерон.

Тегеран менен жакын алакасы бар деп эсептелген Москва Иранды Израилге кол салганы үчүн ачык айыптоодон карманды. 15-апрелде Кремль "кырдаалдын мындан аркы курчушу эч кимдин кызыкчылыгына" туура келбестигин билдирип, "саясий жана дипломатиялык ыкмалар аркылуу" чечим табууга чакырды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна кооптонуусун билдирип, эки тарапты тынчтыкка чакырды.

"Кыргызстан тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат", - деп айтылат тышкы иштер мекемеси тараткан маалыматта.

АКШнын Коргоо министрлигинин Жакынкы Чыгыш боюнча мурдагы кеңешчиси Жасмин Эль Гамаль Иран Израилге кол салуу менен аброюн сактап калууну көздөгөнүн айтат:

"Кол салуунун масштабы жана мүнөзү кырдаалды чыңалтуу аракети эмес, Ирандын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эскертүүдөй көрүндү. Баарыбызга маалым болгондой, көшөгө артында чыр-чатакты жөнгө салуу аракети жасалган жана кол салуунун алдында Иран менен АКШ ортосунда араб ортомчулары аркылуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Мунун баары АКШ дагы, Иран дагы чөлкөмдө кеңири масштабдагы кол салууну каалабайт дегенди билдирет. Анткен менен Иран Сириядагы консулдугуна жасалган чабуул үчүн өч алууга жетишти. Болбосо ал бир гана Израил сыяктуу душмандарынын эмес, өзүнүн эле "Хезболла", ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) сыяктуу кол балдарынын алдында кадырын жоготуп алмак".

Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урду. Бул ондогон жылдардан бери жаатташып келаткан Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды. Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүрдү. Ирандын бийлиги бул чабуул үчүн жөөт бийлигин айыптап келет. Тель-Авив расмий жоопкерчилик албаган ал чабуулда жети ирандык аскер, анын ичинен эки генералдын өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG