Кыргыз окумуштуулары жер титирөөнү болтурбай коюунун жолун тапты

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

УИАнын окумуштуулар Кушбакали жана Данияр Тажибаевдер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УИАнын окумуштуулары Кушбакали жана Данияр Тажибаевдер

Кыргыз окумуштуулары катуу жер титирөө болорун болжоп айтуунун жана анын алдын алып болтурбай коюунун илимий жолун тапканын билдиришүүдө. Москвадагы Евразиялык патенттик уюмдан "Тектоникалык жер титирөөнү болтурбай коюу ыкмасын" күбөлөгөн патент жакында Кыргыз ИАнын окумуштуулары, техника илиминин доктору, профессор Кушбакали Тажибаев менен Данияр Тажибаевге тапшырылды. Би-Би-Си профессор Кушбакали Тажибаевге жолугуп, жаңы ойлоп табуунун маанисин жана практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн сурады.

Кушбакали Тажибаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кушбакали Тажибаев

К.Тажибаев: Жакында колубузга алган Евразия уюмунун патенти бул тектоникалык жер титирөөлөрдүн алдын алуу боюнча алынган патент. Жаратылышта жер титирөөнү болтурбай коюу мүмкүн экенин биз илимий жактан негиздедик. Бул аябай чоң иш болду. Биз эки илимий ачылыштын материалын пайдаландык.

Биринчисин биз И.Айтматов менен бирге ачканбыз. Анда ачылган жаңы кубулуш тоо тектериндеги калдыктуу чыңалуунун динамикалык бошонуу кубулушу деп аталат. Экинчи ачылыш физика тармагына кирет. Катуу заттардын физикасы тармагында биз жаңы закон ачтык. Бул поляризацияланган, туурасынан тараган толкундардын чыңалууга жараша өзгөрүү закону деп айтылып, менин атымды беришти. Бул илимий ачылыш деп Москвадан таанып, диплом тапшырышты.

Ошол илимий ачылыштарды пайдаланып, дагы бир ийгиликке жетиштик, Москвадан алынган патент ошол илимий ачылыштардын негизинде пайда болду. Бул жалпы планетабыз үчүн, тоолуу сейсмикалык активдүү аймактарда жашаган элдер үчүн актуалдуу проблема. Ушул проблема илимий негизде чечилип жатат десек болот. Мактанбай айтсак, бул Алла Таала берген мүмкүнчүлүк, шарт болуп калды. Бул чындыгында дүйнөдө биринчи жолу болуп жатат. Биз дүйнөдө болгон жаңылыктарды байкап турабыз да.

Биз жер титирөөнүн кээ бир учурда алдын алуунун жолун таптык. Анын күчүн, убактысын жана кайсы жерде болорун.

Орусча айтканда, прогноз дело неблагодарное деп коет эмеспи. Андан көрө алдын алуу керек деген маселеге келдик. Менин Ленинграддагы устатым дагы жер титирөөнүн күчүн азайтса болот деп айтып кеткен. Биз ушул багытта изденип отуруп, жер титирөөнү болтурбай коюу маселесин илимий жактан негиздедик.

Би-Би-Си: Ушул жагына чечмелеп айта кетсеңиз, жер титирөөнү кантип болтурбай коюуга болот?

К. Тажибаев: Анын негизги мааниси мындай. Жер титирөө боло турган коркунучтуу жерди аныкташ керек. Ал тоолуу региондордо болот. Магма породалар, чөкмө породалар болгон жерде жогорку температурада таштар эрип, тоо этектеринде калдыктуу чыңалуу калып калат экен. Биз ошону изилдеп отуруп, жер титирөөнүн негизги себептери, механизми ушундай экенин илимий жактан таап чыктык.

Ошого байланыштуу биз өзүбүздүн илимий ойлоп табууну берсек, Москвада беш жылдын ичинде мамлекеттик талкуулар жүрдү. Ошондон кийин ушул патентти алдык. Чындыгында бул академия үчүн гана эмес, республика үчүн дагы чоң жетишкендик.

Патенттин дагы бир касиети, бүт КМШ өлкөлөрүндө таанылат.

Жер титирөө болушу ыктымал кооптуу жер табылгандан кийин ал жерге тереңирээк скважина куруш керек. Андан кийин баскычтуу түрдө аз-аз энергия менен жардыруу жасап, жерди силкинтиш керек. Ошондо чыңалуу таркап кетерин биз далилдедик.

Эгерде биз чоң аймакты коопсуз абалга келтириш үчүн өндүрүштө пайдаланылган жарылгыч затты колдонсок, жүздөгөн, миңдеген тонна кетет экен. Ошондуктан биз ойлонуп отуруп ядролук зарядды сунуштадык. Ядролук заряд азыр адамзатка коркунуч алып келип жатпайбы. Бул он өлкөдө бар. Адамды кыйратуучу ядролук заряддар чогулуп турат. Эми ошолорду тынчтык жол менен пайдаланууга болот деп жатабыз. Адамды жок кылууга чыгарылган куралды биз тескерисинче адам өмүрүн сактай турган абалга алып келип атпайбызбы. Ошондуктан мааниси абдан чоң.

Кушбакали Тажибаев

К. Тажибаев: Жер титирөөлөр жердеги чоң жаракаларга туура келет. Активдүү жараңкаларда жер титирөө болот. Баягы Суусамырда болгон жер титирөө эл аз болгон үчүн билинбеди. Чындыгында аябай катуу болгон.

Барганда айтып беришти. Аттын үстүндө баратсак, ат секирип кеткен. Иттер эки сутка мурда кетип калышкан. Биз анын да себебин билебиз. Себеби жер алдынан электромагниттүү толкундар чыгат. Кыскасы прогноз жасай турган критерийлер бар.

Би-Би-Си: Кыргыз сейсмологдору жер титирөө качан болору жөнүндө божомолду жасай алабы?

К. Тажибаев: Жасай алат. Аны так айтыштын шарты жөнүндө мен Сейсмология институтуна барып доклад жасап, адистер менен кичине талкуу жүргүзүп келдим. Ошол жерде да айтты, алар да макул болушту. Жакшы талкуу болду. Илимий жактан так айтыш үчүн бүт дүйнө жүзүндө сейсмостанциялардын жабдууларын жаңыдан түзүп чыгышыбыз керек. Ал жакта азыр көбүнчө сейсмометрлер эле бар. Ал жетишпейт. Проблеманын себебин табыш керек да. Сейсмометрдин жанында деформометр болушу керек. Магнит талаасы да өзгөрөт экен, ошондуктан магнитометр да болушу керек. Анын жанында табигый электр потенциалынын өзгөрүшүн да өлчөгөн аппарат керек.

Кыскасы, төрт ар башка прибор бир нерсени көрсөтсө, аномалия экени так болот да. Ошондой шартта жер титирөөнүн алдын алууну так айтса болот. Ошону биз илимий жактан негиздеп жолдорун көрсөттүк.

Сейсмологдорго айттым мен: эгерде биз күчүбүздү бириктирсек, биз Кыргызстан бүт дүйнө жүзүндө сейсмология багытында “законодатель” болобуз. Бизди баары угуш керек болот, ошол эле Америка, Жапония сыяктуу өлкөлөр. Шаарларды куруп алган он миллиондогон калкы бар, бүт кооптуу жерлерде турат.

Би-Би-Си: Жер титирөөнү алдын ала болжоп айтуу боюнча сиз айткан өнүккөн өлкөлөрдүн да өзүнчө тажрыйбасы, илими болсо керек?

К. Тажибаев: Албетте, Жапонияда өнүккөн. Себеби күндө өлчөп турушат. Жапониядан чыккан бир Накано деген окумуштуунун жер титирөөнү болжоп билүү боюнча модели бар. Ал биз чыгарган моделдин бир бөлүгү болуп калат экен. Биз сейсмология, геомеханика институттары алдыга кетип атабыз.

Ал эми жер титирөөнү болтурбай коюу татаалыраак маселе. Аны Кытай, Жапония сыяктуу бай өлкөлөр оңой эл чечип кое алат. Кудай сактасын, жердин энергиясы дагы эле толуп ташып турат. Эми анча-мынча термелип, кыйратуулар болбой турганына кубаныш керек.

Терең скважиналарда ядролук заряддарды коопсуз жардыруу аркылуу катастрофалык жер титирөөнүн алдын алып, тоо тектериндеги потенциалдык энергияны коопсуз абалга алып келүү жолу менен болочок катастрофаны болтурбай коюу ишке ашырылат.

Ар бир жардыруудан кийин байкоочу скважиналарда чыңалуу өлчөнүп, азайышына байкоо жүргүзүлөт, андан кийин кайталанма баскычтуу жардыруулар максималдуу чыңалуудан арылууга, аларды коопсуз деңгээлге жеткирүүгө, ядролук жардыруунун күчүн акырын баскычтуу жогорулатуу менен акыр аягында тектоникалык жер титирөөнү сейсмикалык кооптуу аймакта болтурбай коюу деңгээлине жетишилгенге чейин жүргүзүлөт.

Түркиянын түштүгүндө 2023-жылы болгон жер титирөөнүн кесепети чоң болду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын түштүгүндө 2023-жылы болгон жер титирөөнүн кесепети чоң болду