"Мени өлтүрүп кеткенче күрөшө берем". Чейрек кылым чечилбеген үй чыры

Кубатбек Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Каракол шаардык соту 25 жылдан бери бүтпөгөн үй чырын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан карап баштады. Сурия Матниязованын шаардагы үйүн он сотке жери менен кошо мэрия алып, анын ордуна үч бөлмө үй берген. Бирок анын үйүн талашкан "ээси" чыгып, сот менен прокурордун тилин таап, Сурия көчөдө калды.

Сурия
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул аялдын Кыргызстанда акыйкат издеп барбаган жери калбады

25 жыл сотто тытышуу, үч чемодан толтура сот кагаздары, президент, өкмөт башчы, башкы прокурор кайра-кайра караган иш. Акыры акыйкат издеген адам айласы куруганда Россия президенти Путинден жардам сурап жалдыраганга чейин барды. Бул эмне болгон бүтпөгөн чатак? Президент менен башкы прокурор алы жетпеген кандай машакат иш?

"Мэрия, омбудсмен, ИИМ, Башкы прокуратура баары билет бул ишти. Баарына мен 26 жылдан бери кайрылып келатам. Үйүмдү үч жолу сатып жиберишти. Дагы эле прокурордун карындашы алып атат",- деп арыз-арманын төктү телефондун аркы учундагы үн.

"Булардыкы бизнес. Бишкекте бар, Александровкада бар. Караколду ээлеп алды. Менин 12 жашар кызымды зордуктап кетишти. Акаевден бери ар бир президентке арызданып келатам".

Каракол шаарынын жашоочусу Сурия Бишкекке келип, президенттин администрациясына ушуну менен үчүнчү жолу жардам сурап кайрылып жатканын айтты.

"Контролдо, контролдо" дегенден башка жооп жок. Соттор паракор болуп жатат. Сотторго секретарлар, адвокаттар берип атат."

Каракол шаарында жашап турган үйүнөн сабалып куулуп чыгып, көчөдө калган аялдын аянычтуу тагдыры тууралуу маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова көтөрдү.

Парламенттеги президенттен өкүлүнөн бул ишти көзөмөлгө алууну өтүндү. Бирок депутат бул иштин жогорку бийлик инстанцияларына нечен жолу жетип, “каралды, көзөмөлдө турат” деген жооп келип, бирок кылайган жылыш болбогонун билет болду бекен?

Суриянын Караколдогу он сотке жери бар үйүн 90-жылдардын ортосунда мэрия алып, анын ордуна көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир берген. Бирок кийин бул үй приватизация болгон деп аны талашкан адамдар чыгып, ошондон бери соттон башы чыкпай келатат.

“Менин 1999-жылдан бери азыркы учурга чейин бардык инстанцияларга кайрылуумдан эч натыйжа чыкпады. Менин кайрылуумдун себеби, укук коргоо органдарынын жана сот органдары тарабынан түзүлгөн жасалма тоскоолдуктар жөнүндө. Алар мыйзамдуу түрдө мага таандык болгон бир үйдүн айланасында өз ара уюшуп алышып, үч жолу мыйзамсыз сатышты",- дейт Сурия.

Ар бир жолу жогорку бийлик органдары анын иши көзөмөлдө турат деген жооптуу берип келишти, бирок иш чечилмек тургай теңирден тескери кетти.

Акыры үстүбүздөгү жылы 5-мартта аны өзүнүн батиринен сабап туруп чыгарып салышканын айтууда. Ал ошондон бери Каракол мэриясынын имаратында түнөп күн көрүүдө.

Сурия

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сурияны үйүнөн чыгарып жатканда сот приставдары ага күч колдонгонун айтууда

“Козголгон бир нече кылмыш ишин, алдамчылык жана документтерди бурмалоо боюнча бир нече ишти карап коюшкан жок”, - деп алакан жаят айласы куруган аял.

Аламүдүн соту талаштуу үйдү 2019-жылы “камакка койгонун” да көңүлгө алышкан эмес. Бул үйдүн жасалма документтер менен үч жолу сатылганын көрүп эле түңүлөсүң. 2021-жылы, андан мурда 2004-жылы, 2006-жылы сатылган.

Сурия бул чырлуу иштин артында Башкы прокуратуранын коррупция менен күрөшкөн бакандай кызматкери турганын айтууда.

"Хуршудовго кылмыш иш козгоду Салянова. Кылмыш ишти Жамшитов да тапты. А Зулушев жапты".

Сурия
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сурия 25 жылдан бери соттошо берип, сот кагаздары үч чемоданга батпай калганын айтууда

Жапаров жана Путин

Эгер бийлик органдарына мыйзамдуу жол менен такыр арызы өтпөгөн адам эмне кылат? Кандай болсо да жол таап, арыз-муңун жеткирет же укук коргоо органдарына ишеними такыр соолуп, кол шилтеп салмак да мыйзамдан тышкаркы аракеттерге барышы мүмкүн.

Сот менен прокуратура органдары чейрек кылымдан бери ары сүйрөп, бери сүйрөп эзип келатса да Суриянын аларга ишеничи кете элек. Дагы эле болсо акыйкат прокурор, акыйкат сот бар, акыйкат карайт, оң жагынан чечет деген үмүттө турат. Ошондуктан күрөшүн токтотпой келатат.

"Мени өлтүрүп кеткичекти күрөшүмдү токтотпойм, акыр-аягына чейин турам",-деди Сурия кайрат менен.

Айтмакчы, Сурия Кыргызстандагы бийлик инстанцияларына кагаз түрүндө жазган кайрылууларынан майнап болбогондо, президенттин кызматтык кортежинин алдынан тосуп чыкканын да айтты. Анда да "карайбыз, териштирип чара көрөбүз" деген жооп болгон экен. Бирок президенттин көзөмөлүндөгү иш сот менен прокуратурага барганда эле басылып калып жатканынын себеби эмнеде?

Кыргызстандагы бийлик башчыларынын көңүлүн буруш үчүн Сурия акыры Россия президенти Владимир Путинге чейин телефон чалып жардам сурап кайрылган.

Суриянын телефонундагы Путиндин телефон номуру

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суриянын телефонундагы Путиндин телефон номуру

Башкы прокуратуранын бакандай кызматкери

Сурия Башкы прокуратурага акыркы жолу Нооруз майрамынын алдында кирип чыкты. Эртең менен барган түштө араң чыкты. Ал башкы көзөмөл органында анын арыз-муңун дагы бир жолу угуп, кандай жардам керектигин сурап, жазып алышканын айтты.

Бирок анын бул жолку арызы дагы прокуратуранын инстанцияларын аралап "каралды", "көзөмөлгө алынды" деген отчетко кошулган бойдон жок болуп кетпейби? Анткени аны буга чейин башкы прокурор эле өзү эки жолу кабыл алып, акыйкат карала турганын айтып узаткан, бирок иш кымындай да кыймылдаган эмес.

Арызданган аялдын сөзүнө караганда, Хуршитов 90-жылдардын аягында Каракол шаарында прокурор болуп иштеп турган. Суриянын өзүнүн үй чатагы башталганда, Хуршитов толук маалыматты билген, бирок ал үй мыйзамсыз приватизация болгонун жаап жаашырып, бул үйдү талашкан адамдын пайдасына иштеген деп жатат.

Би-Би-Си өз кезегинде Суриянын арызында айтылган фактылар боюнча кандай чара көрүлүп жатканын сурап Башкы прокуратурага кайрылдык.

Биздин катыбызды карап жооп бергиче эки жумушчу апта убакыт керек.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын кызматкери менен оозеки сүйлөшкөнүбүздө Суриянын арызында көрсөтүлгөн Башкы прокуратуранын кызматкери Арслан Хуршитов ага коюлуп жаткан айыптоолорго таң калып жатканын гана айтыптыр.

Кандай болгон күндө да Башкы прокуратуранын бакыйган чоң кызматтагы адамынын чейрек кылымдан бери бүтпөй келаткан, болгондо да приватизациясы, үч жолу сатылышы да мыйзамсыз болгон, жалаң жасалма документтер чырмаган чырлуу ишке катышы бар шектелип жатышы жакшы эмес. Ошондуктан бул резонанс иштин ак-карасын ажыратып, кылдат териштирип, мыйзамдуулукту ордуна коюу жана акыйкаттыкты орнотуу Башкы прокуратуранын беделине түздөн-түз байланышкан маселе.

25 жылдан бери бүтпөгөн үйдүн чырына Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөш тармагын караган бакандай кызматкердин катышы бар деп шектелүүдө

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 25 жылдан бери бүтпөгөн үйдүн чырына Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөш тармагын караган бакандай кызматкердин катышы бар деп шектелүүдө

Коррупция, ротация, бүтпөгөн реформа

Сурия 25 жыл соттон башы чыкпай кыйналып келатканда, кыргыз сотторундагы реформа бүтпөй жатканына андан да көп болду.

Өлкөдө үч жолу революциялык жол менен бийлик алмашканда элдик нааразылыктын эң башкы себептеринин бири ушул сот акыйкатынын жоктугу, коррупцияга чырмалганы айтылган.

Садыр Жапаров бийликке келген үч жылдан бери сотторду коррупциядан тазалоо боюнча катуу аракеттер болуп жатканы жөнүндө маал-маалы менен билдирүүлөр болуп келатат.

Атап айтканда, сот тармагында санариптештирүү, судьяларды ротация кылуу боюнча иштердин отчету берилүүдө.

Президент Садыр Жапаров кынтыксыз жүрүү талаптарын бузуп, жаманатты болгон бир катар судьяларды улам-улам кызматтан алууда.

Өткөн жылы ушундай негизде жети судья кызматынан алынды.

Ал эми 2022-жылы Соттор кеңешине түшкөн кайрылуу, даттануулардын негизинде 17 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, мыйзам бузгандыгы үчүн эки судья кызматтан алынган. Эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурага макулдук берилген.

Соттор корпусунда тазалоо иштери ушуну менен басаңдабайт шекилдүү, анткени Жогорку Сот төрагасы Замирбек Базарбеков Соттор кеңешине кеминде 28-30 судьяны кызматтан алуу сунушу каралып атканын айтууда.

"Соттор көз каранды болбосун деп биринчи этапта президенттин колдоосу менен эмгек акыларын көбөйтүлдү. Пара алганга кызыкпасын деп. Ошол эле учурда соттор арасында майда тыйын-тыпырга азгырылып пара алып жаткандар бар. Аны моюнга алышыбыз керек",-деди Замирбек Базарбеков Биринчи радиодо түз байланыш убагында.

"Маянасын канчалык көбөйтсөн дагы ачкөз адам баары бир болбойт экен да. Демек, биз алардан тез арада арылышыбыз керек".

Укук коргоо органдарынын ишине нааразылык туудурган себептердин дагы бири зөөкүр кылмышкерлердин пробация менен кутулуп кетип жатканында болууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев жашы жете электерди зордуктоо боюнча соттолгон 88 адам пробация боюнча кутулуп кеткенин билдирген.

"Азыр шок болосуңар. Жогорку Соттун пробация департаментинин маалыматы боюнча 2022-жылдан бери 88 адам пробация менен бошотулган. Эки жылда "зордуктоо" беренеси боюнча жүздөн ашык адам бошотулган. Алар өспүрүмдөрдү зордуктагандар. Бошоп кеткен зөөкүрлөр жабыр тарткандарга кайра барып, кайра зордуктаган учурлар болгон. Биз зордуктоонун жазасын күчөтүшүбүз керек, пробация мындай учурларга иштебеш керек. Парламент экинчи жана үчүнчү окуудан ушул күчөтүүлөрдү кабыл алат деп үмүттөнөм",-деген Акаев.

"Бул өлкөдө акыйкат болобу?"

Биз телефондон соңку жолу сүйлөшкөндө Сурия арманы ичинен батпай, боздоп ыйлады.

"Бул өлкөдө деги акыйкат болобу? Ушундай курагымда көчөдө калдым, бул эмне деген мүшкүл иш",- деди бир топко чейин басылбай ыйлап.

Ал 25 жыл бою акыйкат таппай, укук коргоо органдарынын эшигин жыртып жүргөндө, баш прокурор коомдогу адилеттүүлүк жөнүндө кайра-кайра сүйлөп жатат.

"Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, мыйзамдуулук менен жасаган ар бир ишибиз мамлекеттин, коомдогу туруктуулуктун жана укуктук тартипти бекемдөөнүн кепилдиги болот деп ишенем. Анткени, кандай гана коом болбосун, анын негизги принциби — бул, адилеттүүлүк",- деди Курманкул Зулушев прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоо сөзүндө.