Вьетнамда эң бай аялга өлүм жазасы берилди

Вьетнамдагы эң бай аялдардын бири ири суммадагы алдамчылык үчүн өлүм жазасына өкүм болду. Ал банктан $12,5 млрд акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткени үчүн күнөөлүү деп табылды.

Вьетнам эң бай аял

Сүрөттүн булагы, EPA

Хошимин шаарындагы сот 67 жаштагы вьетнамдык ишкер Чыонг Ми Ланды өлкөнүн ири банктарынын бирин 11 жыл бою тоноп келгени үчүн өлүм жазасына өкүм кылды.

Ири компаниянын башчысы Чыонг ми Лан Вьетнамда каржылык кылмышы үчүн өлүм жазасына кесилген саналуу аялдардын бири.

Алдамчылык масштабы да болуп көрбөгөндөй болгон. Чыонг Ми Лан банктан 304 триллион донг (болжол менен 12,5 миллиард доллар) насыя алганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Бирок, анын иш-аракетинен келген жалпы зыян 27 миллиард долларга бааланды жана соттун өкүмү аны дал ушул сумманы кайтарып берүүгө милдеттендирет. Бирок прокуратура бул мүмкүн эмес деп эсептейт.

Сот Чыонгду ага кысым көрсөтүү жана уурдалган акчанын жок дегенде бир бөлүгүн кайтарып алуу үчүн өлүм жазасына тартты деген пикир бар.

Чынг Ми Лан күнөөнү мойнуна алган жок жана жоопкерчиликти кол алдындагыларга жүктөдү. Рейтер агенттигине анын туугандарынын бири билдиргендей, ал сот өкүмүнө даттанганы жатат.

Вьетнамдын маалымат каражаттары процессти кеңири чагылдырышты. Алардын айтымында, көрсөтмө берүүгө 2700 адам чакырылып, сот жыйынына 10 мамлекеттик прокурор жана 200гө жакын адвокат катышты.

Айыптоочу материалдар 104 куту болду, жалпы салмагы 6 тоннага барабар. Чыонг Ми Лан менен кошо дагы 85 адам соттолуп, өкүм күтүп жатат.

Куту толтура нак акча

Айыптоолорго караганда, Чыонг Ми Лан — гонконгдук ишкердин жубайы, азыр анын иши боюнча да тергөө амалдары жүрүп жатат — жасалма насыя арыздары менен SBC банкынан ири суммадагы акчаларды чыгарып кеткен. Ал бул банктын 90% акциясына ээ болгонун да айта кетели.

Полициянын ырасташынча, алдамчылыктан жапа чеккендер бардыгы облигация ээлери болгон. Чыонг камакка алынгандан бери алар акчасынан дагы, тийиштүү пайыздарданы же төлөмдөрдөн да кол жууду. Бул шылуундуктан 42 миңге жакын адам зыян тартты.

Сот процесинин жүрүшүндө прокурорлор ага таандык миңден ашуун кыймылсыз мүлктү камакка алышканын айтышты.

Бийликтер ошондой эле Лан менен SBC банкынан кызматкерлери вьетнамдык чиновниктерге банктагы мыйзам бузууларын жана финансылык көйгөйлөрүн жашыруу үчүн 5,2 миллион доллар пара беришкенин, бул Вьетнам тарыхындагы эң ири пара болуп калганын айтышты.

Вьетнамдын Мамлекеттик банктын текшерүү тобунун мурдагы жетекчиси Тхи Нхан сот процессинде кутуга салынган акчаны ага мурдагы башкы директору Во Тан Ванг бергенин айтып көрсөтмө берди. До кутучадагы акчадан баш тарткан, бирок Во дагы аны кайра алып кеткен эмес.

5-мартта башталып, мөөнөтүнөн мурда аяктаган сот процесси Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын башкы катчысы Нгуен Фу Чонг көп жылдар бою жок кылууну убада кылган коррупцияга каршы өнөктүктүн бир бөлүгү болуп калды, бирок азырынча көзгө көрүнгөн ийгилик аз.

2022-жылы бир катар камакка алуулардын натыйжасында Вьетнамдын ири компанияларынын акциялары 40 миллиард долларга арзандап, тез өнүгүп жаткан экономика үчүн татаал кырдаалда инвесторлордун ишенимине доо кетирди.

Чыонг Ми Лан деген ким

Чыонг Ми Лан Хошимин шаарында жашаган кытай-вьетнам үй-бүлөсүнөн чыккан. Чоң этникалык кытай жамааты жашаган бул шаар Сайгон деп аталып, түштүк Вьетнамдын борбору болгон мезгилден бери Вьетнам экономикасынын локомотивине айланган.

Чыонг базарга чыгып, апасы менен косметика саткан, бирок 1986-жылы компартия экономикалык реформаларды баштагандан кийин жер жана кыймылсыз мүлк сатып ала баштаган. 1990-жылдары ал бир нече мейманкана менен ресторандардын кожоюну болуп калган.

Вьетнам негизинен тез өнүгүп жаткан өндүрүш сектору менен белгилүү болсо да, бай вьетнамдыктардын көбү курулуш жана кыймылсыз мүлк спекуляциясы аркылуу акча табышкан.

Өлкөдөгү бардык жерлер расмий түрдө мамлекетке таандык. Ага жетүү көбүнчө чиновниктер менен болгон жеке мамиледен көз каранды. Экономиканын өсүшү менен бирге коррупция дагы өстү.

Хо Ши Мин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соттук териштирүулөр Saigon Commercial Bank жайгашкан Хошимин шаарында өттү

2011-жылы Чыонг Ми Лан Хошимин шаарында белгилүү адам болуп калды жана ага каражат жетишпеген үч кичинекей банкты ири структурага - Saigon Commercial Bank кылып бириктирүүгө уруксат берилди.

Вьетнамдын мыйзамдары жеке адамга банктын 5% дан ашык акциясына ээ болууга тыюу салат. Бирок прокурорлордун айтымында, жүздөгөн компаниялар жана ишенимдүү адамдар аркылуу Чыонг Ми Лан 90% дан ашык акцияны көзөмөлдөп келди.

Чыонг өз кишилерин менеджер кылып дайындап, колундагы бийликти кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталды. Банктагы ишенимдүү адамдары ал көзөмөлдөгөн компаниялардын тармагына жүздөгөн насыяларды беришкен. Бардыгы болуп, айыптоо боюнча, Ландын кредиттери банктын бардык кредиттеринин 93% түзгөн.

Прокуратуранын айтымында, 2019-жылдын февраль айынан баштап үч жылдын ичинде ал айдоочусуна банктан 108 триллион донгду (4 миллиард доллардан ашык) накталай алып, жер төлөдө сактоону буйруган. Эң чоң банкноттор менен алганда дагы мынчалык нак акчанын салмагы эки тоннага жакын болмок.

Коррупцияга каршы күрөш

Вьетнам генсек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Вьетнамда чоң иш тажрыйбасы бар АКШнын Мамлекеттик департаментинин отставкадагы кызматкери Дэвид Браун:" мындай көргөзмө процесс коммунисттик доордо болгон эмес", -дейт.

Нгуен Фу Чонг коррупциянын күчөшүнө болгон элдик нааразылык коммунисттик партиянын бийликтеги монополиясына экзистенциалдык коркунуч деп эсептейт. Ошондуктан ал 2016-жылы коррупцияга каршы чоң өнөктүк баштады.

"Күйүп жаткан меш" деп аталган бул өнөктүктүн натыйжасында эки президент жана эки премьер-министрдин орун басары кызматтан кетүүгө аргасыз болду жана жүздөгөн жооптуу кызматкерлер тартиптик жазага тартылды же түрмөгө камалды. Азыр бул тизмеге Вьетнамдагы бай аялдардын бири кошулду.

Сингапурдагы Юсоф Исхак институтунун Вьетнамды изилдөө программасынын жетекчиси Ле Хонг Хиеп: "Мен түшүнбөй жатам" дейт. - Бул эч кимге жашыруун эмес болчу. Базарда Чыонг Ми Лан жана анын Van Thinh Phat тобу SCB банкын эң каймактуу жерлерден кымбат мүлктү массалык түрдө алуу үчүн колдонушканы белгилүү болчу".

Дэвид Браун аны ондогон жылдар бою өлкөнүн бизнесинде жана саясатында үстөмдүк кылып келген таасирдүү инсандар калкалап келген дейт. Сот процесси кандай өткөнүн карап, мындан эркин бизнес маданияты өнүккөн өлкөнүн түштүгүн партиянын көзөмөлгө алуу аракетин көрөт.

"Нгуен Фу Чонг жана анын партиялаштары Сайгонду кайра башкарууга аракет кылып жатышат, же жок дегенде анын колдон чыгып кетүүсүн токтотууга аракет кылууда" дейт ал. — 2016-жылга чейин Ханойдогу партия кытай-вьетнам мафиясына шаарды башкарууга уруксат берген. Алар жергиликтүү коммунисттик лидерлерге жаккан бардык сөздөрдү сүйлөп келишти, бирок ошол эле учурда шаарды саап, андагы акчанын олуттуу бөлүгүн ээлеп алышты".

Нгуен Фу Чонг - коммунисттик партиянын акыркы жылдардагы эң таасирдүү башкатчыларынын бири. Ал партиянын консервативдик канатынын кадыр-баркын 1980-жылдардагы реформалардан бери боло элек деңгээлге жеткирди.

Анын жетекчилиги астында партия 2045-жылга чейин технологияга жана билимге негизделген экономикасы бар бай өлкө статусуна жетүү максатын койду. Бирок ал 79 жашта, ден соолугу начар жана 2026-жылы партиянын кийинки курултайында отставкага кетиши керек.

Вьетнамдагы тез экономикалык өсүш сөзсүз түрдө коррупциянын өсүшүн да билдирет. Коррупция менен күрөш өтө активдүү болсо, ал экономикалык ишкердиктин көп түрлөрүнө да көйгөй алып келет.

"Бул жерде парадокс жатат", дейт Ле Хонг Хип. «Вьетнамдын өсүү модели көптөн бери коррупцияга көз каранды. Коррупция механизмди майлап иштеткен май болгон. Эгер май жок болсо, ал иштебей калышы мүмкүн". (КС)