Crocus City Hall: Борбор Азиядагы жихадизм жана Орусиянын террорго каршы күрөшү

Уран Ботобеков, саясий ислам боюнча эксперт, АКШ

Крокус Сити Холл

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Крокус Сити Холл" концерттик залына террордук кол салуудан 139 адам курман болду.

22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы Crocus City Hall имаратында Тажикстандын төрт жараны тарабынан жасалган кыйратуучу теракт Борбор Азиядагы жихаддык терроризмди жана сунни исламчыл экстремизм коркунучун ачык көрсөттү. АКШда жашаган саясий исламды изилдеген окумуштуунун The Diplomat журналына жарыяланган макаласы менен тааныштырабыз.

Концерттик залга кол салуу АКШнын Орусиядагы элчилиги тарабынан март айынын башында террор коркунучу жөнүндө эскертүүсүн, ошондой эле АКШнын Борбордук командачылыгынын командачысы, генерал Майкл Курилланын 2023-жылдын 16-мартындагы Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитетиндеги угууда "Ислам мамлекети. Корасан аймагы" (ИМКА) күчтөрүнүн тез өнүгүүсү жана анын Европа менен Азияда “тышкы операцияларды” жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн өсүшү тууралуу көрсөтмөсүн, тилекке каршы, тастыктады.

Тилекке каршы, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) 19-марттагы жыйынында – ФСБнын Калуга облусунда болжолдуу ИМКА мүчөсү делген эки казакстандык жаран өлтүрүлгөндөн 10 күн өткөндөн кийин – Орусиянын президенти Владимир Путин Вашингтондун көптөгөн террордук эскертүүлөрүн четке кагып, аларды “түздөн-түз коркутуу" жана 15-17-марттагы президенттик шайлоодо “тарыхый” 88 пайыз добуш менен жеңишке жетишинин эйфориясынын шартында орус коомун “үркүтүү жана туруксуздаштыруу аракети” катары баалады.

“Ислам мамлекетинин” билдирүүсүнө ишенбөө: Кремлдин скептицизми

22-март күнү кечинде Москванын батыш четиндеги Орусиянын Красногорск шаарындагы Crocus City Hall музыкалык аянтында координацияланган кол салуу болду. Төрт куралчан адам чогулган элге ок атып, жардыргыч заттарды колдонушкан, натыйжада каза болгондордун саны жүрөктүн үшүн алгыдай болду: кеминде 137 адам каза таап, 144 киши жараат алган. Бул кол салуу 2004-жылы Бесландагы мектепти курчоого алгандан жана 1999-жылдагы көп кабаттуу үйлөрдү жардыруудан берки Москвадагы эң кандуу террордук окуя болуп калды.

Кол салуу башталгандан бир сааттан ашык убакыт өткөндөн кийин окуя болгон жерге полициянын ыкчам атайын отряды (СОБР) жана мобилдик бөлүгүнүн (ОМОН) отряддары жеткенде, кол салгандар башаламандыктан жана өрттөнүп жаткан имараттын коюу түтүнүнөн пайдаланып качып кетишти.

Окуядан көп өтпөй Орусиянын Улуттук гвардиясы кол салгандарды издөөгө киришкенде, “Ислам мамлекети” террордук тобу өздөрүнүн расмий маалымат каражаты болгон Amaq News агенттиги аркылуу кол салууга жоопкерчиликти өзүнө алган билдирүү жасады. Amaq: «Ислам мамлекетинин согушкерлери Москванын четиндеги Красногорск шаарында христиандардын чоң жыйынын бутага алышып, натыйжада алар жүздөгөн адамдарды өлтүрүп, жарадар кылып, өз базаларына аман-эсен чегинүүгө чейин ошол жерге чоң зыян келтиришти» деп билдирди.

Кремль Amaq News телеканалынын дооматын олуттуу кабыл албай, Украинанын террордук чабуулга тиешеси бар экенине далилсиз ишарат кылды. ФСБ башынан эле атайылап Украинаны күнөөлөгөнгө аракет кылууда - дагы бир жолу, далилсиз жана чындыгында тескери далилдерге карабастан күнөөлөдү.

Москвадагы террордук кол салуу боюнча төрт адамга күнөө коюлду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвадагы террордук кол салуу боюнча төрт адамга күнөө коюлду

Кол салуудан кийинки күнү ФСБ Москвадан 385 км (239 миль) алыстыкта жайгашкан Брянск облусунда 11 шектүүнү, анын ичинде кол салууга "түз тиешеси бар" төрт кишини кармаганын жарыялап, алар Украинага өтүүгө аракет кылган деп ырастады.

23-марттагы билдирүүсүндө Путин "Ислам мамлекети" тобунун тиешеси бар экенин айткан жок, тескерисинче, Украинаны сөз кылды. Киев Орусиянын террордук чабуулга катыштыгы бар деген айыптоолорун четке какты.

Орусиянын согушту колдогон Telegram каналы тарабынан шектүүлөрдүн кармалышы жана алгачкы сурактары чагылдырылган видео тарагандан кийин кол салган деп шектелген төрт адам тең Тажикстандын жарандары экени белгилүү болду. Алардын ысымдары — Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализоду, Мухаммадсобир Файзов жана Фаридуни Шамсидин.

Кармалгандардын кыйноого алынганын, анын ичинде камактагылардын биринин кулагы кесилгенин чагылдырган видео тасмада шектүүлөрдүн өздөрү тарабынан алардын ИМКА менен байланышы бар экенин көрсөткөн эч кандай белги жок. Бирок кармалгандардын бири чабуул жасоо боюнча көрсөтмө алганын жана Telegram аркылуу “жардамчы дааватчыдан” курал алганын айткан. Бул террордук чабуулда диний фактор роль ойногонунан кабар берет. Кол салгандар 25-мартта сотко келгенде, алардын бардыгы сабалып кыйноого алынганы көрүнүп турду.

Борбордук Азиядагы жихадизм Орусияга каршы

Диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөш боюнча эксперттер “Ислам мамлекети” тобунун лидерлери эл аралык коомчулуктун чабуулдан кийинки реакцияларына тыкыр көз салып, “Кресттүү Орусияга каршы ыйык жихаддын даңкын” пайдаланып, өз таасирин кеңейтүүгө жана жалдоо кампанияларын күчөтүүгө аракетин көрүшкөн деген пикирде. "Ислам мамлекети" тобунун "жеңишин "уурдоо" аракеттерин байкаган Amaq News агенттиги өзүнүн алгачкы билдирүүсүнөн кийин дагы үч расмий билдирүү таратты. Алардын арасында "Ислам мамлекети" тобунун желегинин фонунда кол салган төрт тажиктин сүрөттөрү, "Амактан эксклюзивдүү көрүнүштөр" деп аталган эки мүнөттүк видеотасма жана кол салуу тууралуу кеңири баяндама бар.

Жихадчыларга мүнөздүү болгон расмий билдирүүсүндө Amaq News агенттиги «Халифаттын төрт ингимаси согушкери христиандарга автомат жана бычак менен кол салып, залга өрт бомбаларын ыргытып, натыйжада кеминде 300 каапыр өлүп, жаракат алганын ырастады». (Ингимаси согушкери — АКШнын Терроризмге каршы күрөшүү борбору тарабынан “жанкечти согушкер” же “тирүү кайтып келүү ниети жок душмандын линиясына кирген адамдар” катары аныкталат).

Билдирүүнү жыйынтыктап жатып, “Ислам мамлекети” Орусияга: “Кресттүү Орусия жана анын өнөктөштөрү моджахеддин өч алуусун билишсин” деген билдирүү жиберген.

Amaq News агенттигинин акыркы расмий билдирүүсү жазуу стили, брендинг жана жихаддык тил жагынан ырааттуулукту сактап, Ислам мамлекетинин башка чабуулдар боюнча буга чейинки жарыяларына дал келет.

Белгилей кетсек, “Аль-Каида” жана “Ислам мамлекети” менен байланышы бар Борбор Азиядагы салафи-жихадчылар Орусияны исламдын негизги душмандарынын бири катары эсептеп, аны Борбор Азиядан келген мусулман мигранттарга каршы репрессиялык саясат жүргүзүп жатат деп айыптап келишет. ИМКА (ISKP), Катибат ат-Таухид валь Жихад (KTJ), Ислам Жихад Биримдиги (IJU) жана Катибат Имам аль-Бухари (KIB) акыркы үгүт материалдарында өз тарапкерлерин Путиндин “кафир” режимине каршы ыйык жихадга чакырышты. “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” жана “Хаят Тахрир аш-Шам” (HTS) менен байланышы бар Борбор Азиядагы салафи-жихаддык террордук топтордун Орусияга каршы идеологиясы — жаңы эмес.

Түркстан Ислам партиясынын (TIP) негизги идеологиялык доктринасы Кытайга каршы пропагандага жана Кытай Коммунисттик партиясына (ККП) каршы ыйык жихадга басым жасаса, Борбор Азиядагы салафиттик террордук топтор «кафирлердин өлкөсү» Орусияга жана «тагуттарга» (бутпарастарга) каршы күрөшөт.

жихадчылар

Борбор Азия — жихадка идеологиялык плацдарм

Борбор Азиядагы жихадчы топтор Орусиянын ичиндеги өз тарапкерлерин жана уктап жаткан клеткаларын пайдаланып, карапайым калкка каршы көптөгөн террордук чабуулдарды жасаганы белгилүү. Эң чуулгандуу окуялардын арасында 2017-жылы Санкт-Петербургдун метросунда KTJ'нын кыргызстандык тарапкерлери тарабынан жасалган жанкечти жардыруу болгон.

2024-жылдын февралында Стамбулдагы католик чиркөөсүнө тажикстандык ISKP согушкери тарабынан жасалган алдын ала ойлонуштурулган кол салуудан кийин The Diplomat "Бир туугандык жихад: Борбор Азиядагы ISKPнын Түркияга кол салууларына баа берүү” аттуу менин анализимди жарыялады – анда Орусияга каршы күрөштүн артында турган негизги факторлор: Борбордук Азиядагы террористтик топтордун идеологиясы жана алардын Ооганстанга жана Жакынкы Чыгышка айласыз хижраты (миграциясы), исламдын душмандарына каршы ыйык жихадга катышуусу кеңири изилденген.

Баяндамада өзбек, тажик жана кыргыз эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү мурда Орусияда иштөө учурунда оор шарттарга туш болуп, көбүнчө орус шовинизми жана улутчулдугу менен байланышы бар диний кысымдарга туруштук бере албай калганы өзгөчө баса белгиленген. Экономикалык стагнация жана согушка ыктаган орус улутчулдугунун пайда болушу менен бирге, Украина согушуна маргиналдуу борборазиялык мигранттарды кошууну Кремлдин талап кылуусу борбор азиялык исламчыларды Орусиядан Жакынкы Чыгышка көчүүгө аргасыз кылууда. Борбор Азиядагы жихадизмди узак мөөнөттүү изилдөө “Ислам мамлекети”, “Талибан”, “Аль-Каида” жана HTS менен байланышы бар көптөгөн өзбек, тажик жана кыргызстандык жихадчылар мурда Орусияда эмгек миграциясы менен алектенип, көбү радикалдашып кеткенин көрсөттү.

Борбор Азиядагы салафиттик терроризм

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин соңку билдирүүсү ИМКАнын (ISKP) тажик жана өзбек канаттарынын оперативдүү жана каржылык мүмкүнчүлүктөрү ырааттуу түрдө кеңейип, Борбор Азиядагы постсоветтик мамлекеттерге жана Орусияга гана эмес, Америка Кошмо Штаттарына, Европа өлкөлөрүнө да коркунуч туудурганын көрсөтөт. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Аналитикалык колдоо жана санкцияларды көзөмөлдөө тобунун 33-отчетуна ылайык, 2023-жылы Тажикстандын ISKP мүчөсү Хукуматов Шамил Додихудоевич (каймана аты Абу Мискин) Батыштын 20дан ашуун өлкөсүнөн Tron блокчейни аркылуу террористтик иш-аракеттерди каржылоого 2 миллион доллар чогултууга жетишкен.

"Крокус Сити Холлдун" чабуулун каржылоо ушул ISKP каржы каналдарынын биринен келип чыккан деп айтууга болот. Бирок кармалган жөө аскерлер – террордук чабуулду уюштурган делген төрт тажикстандык – каржы булактарынан кабардар болушу мүмкүн эмес, анткени катардагы мүчөлөрү “Ислам мамлекетинин” Шура Кеңешинин чечимдери менен тааныша алышпайт. Шурада адатта, каржылык жана аскердик операцияларга байланыштуу чечүүчү чечимдер кабыл алынат.

Бул окуядан кийин Кремль Киевди байланыштырган далилдер жок болгонуна карабай, Украинаны аралаштырууга болгон аракетин жасады. Орустун ашынган улутчулдары ар кандай кутум теорияларына жамынып, Украина менен Батыш Орусиянын ичиндеги этникалык жаңжалды тутандыруу үчүн тажик мигранттарынын Крокус Сити Холлуна кол салуусун уюштурган деп ырасташууда. Бул чындыктан алыс кутум теориялары күч алып, кээ бир өкмөтчүл телеканалдар жана Кремлге тиешелүү саясий эксперттер атүгүл Крокус Сити Холлдогу тажикстандык чабуулчулар кандуу кол салууну Украинанын атайын кызматтарынын жетекчилиги астында жана АКШ менен Улуу Британиянын шыкагында аткарды деп болжошууда.

Белгилей кетсек, Орусия-Украина согушунун башталышында “Ислам мамлекети” бейтарап позицияны карманып, жаңжалды “чет элдик” жана исламдык жихадга тиешеси жок деп жарыялаган. Ал өз тарапкерлерин согушка катышпоого үндөп, бул согуш ыйык согуш эмес, тескерисинче, эки «кафир» мамлекеттин ортосундагы кагылышуу экенин билдирди.

"Ислам мамлекети" тобунан Аль-Наба өз жолдоочуларын "крестүүлөрдүн крестүүлөргө каршы" согушуна аралашпоого үндөп, аны крест жортуулдары үчүн "Кудайдын жазасы" катары сыпаттады. Аль-Наба согуш “Исламдын душмандарын” жок кылат деген үмүтүн билдирди.

"Крокус Сити Холлдогу" чабуулду уюштурган делген төрт тажик жараны чындап эле ISKPнын идеологиялык жолдоочулары болсо, анда алар “кафир” мамлекеттердин буйругу менен чабуул жасамак эмес.

Корутунду

Жыйынтыктап айтканда, "Крокус Сити Холлдогу" чабуулга “Ислам мамлекетинин” катышуусун карабай, күнөөнү Батышка оодаруунун ордуна, Орусиянын антитеррордук күчтөрү жана анын Борбор Азиядагы өнөктөштөрү үчүн чыныгы идеологиялык кырдаалды жана тажик чабуулчулары делген адамдардын мотивдерин жана диний ишенимдерин кылдат талдоо пайдалуу болорун баса белгилей кетүү зарыл. Бул болсо келечекте дүйнөлүк масштабда борбор азиялык салафит-жихадизмдин күчөп бараткан коркунучуна натыйжалуу каршы туруу үчүн өтө маанилүү.