Ирандан келген жемиш зыянкечтери адамга кооптуубу?

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ирандан Кыргызстанга келген жемиштерден аныкталган зыянкечтер

Сүрөттүн булагы, AGRO.GOV.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандан Кыргызстанга келген жемиштерден аныкталган зыянкечтер. Сүрөт бинокулярдан тартылып алынган.

Ирандан келген 21 тоннадан ашык анар менен 18 тонна кивиден зыяндуу организмдер табылганы тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматы коомчулукту кабатыр ойго салды. Биринчи эле адамдын организмине канчалык зыяндуу деген суроолор жаралууда.

Жемиштер 15-17-январь күндөрү Оштогу фитосанитардык постунан текшерүүгө алынып, зыяндуу заттар бар экени аныкталгандан кийин эле сатыкка чыгарууга тыюу салынып, шире иштетүүчү заводдорго жиберилген.

Анардан аныкталган комсток курту

Сүрөттүн булагы, AGRO.GOV.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анардан аныкталган комсток курту

“Жемиштер Кыргызстандагы шире чыгаруучу кайра иштетүүчү заводдорго жиберилди. Соода-сатыкка, базарларга чыгарылбайт”, - деди Би-Би-Сиге айыл чарба министрлигинин адиси Марат Асыпбеков.

Мындан улам Би-Би-Си табылган заттардын адам жана өсүмдүктөргө тийгизе турчу терс таасири тууралуу атайын адистен сурап, маалымат топтоду.

Кивиден аныкталган тыт калканчасы

Сүрөттүн булагы, AGRO.GOV.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кивиден аныкталган тыт калканчасы

Анар менен кивиден чыкты делген комсток курту жана тыт калканчасы - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ичинен мөмө-жемиштерди бузуп чирите турган зыянкеч болуп эсептелет.

Эки зыянкеч тең Кыргызстандын айыл чарба өсүмдүктөрүндө азыр деле бар. Адамдын организмине терс таасирин тийгизбейт, ошол себептен кооптонууга негиз жок дейт айыл чарба адиси.

Органикалык айыл чарба адиси Жанара Бакирова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Органикалык айыл чарба адиси Жанара Бакирова

“Комсток курту - негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянга учуратат. Өзгөчөлүгү болуп, калканча менен капталып турат. Биздин өлкөгө кирген үрөөндөр, өсүмдүктөр сөзсүз ушул зыянкечке текшерилип, комсток куртунан таза болгон учурда гана биздин өлкөгө уруксат берилип, киргизилет. Ал эми, калканчалар бизге башка жактан келген көчөттөр аркылуу келип, таркап кеткен да. Калканчаны бардык эле фермерлер көрүп, билип жүрөт. Мөмө өскөн дарактардын бутагына, жаңы чыккан бутакка, же жаңы өстүрүлгөн көчөттөргө жабышып алып, ошол бутагынан ширесин соруп, азыктанат”, - дейт Жанара Бакирова.

Анардан табылды делген комсток курту жер-жемиш, өсүмдүктөргө тарап кетсе, азабын фермерлер тартышат. Аны менен күрөшүү дагы бир топ түйшүктү талап кылат, себеби сыртын калканча калкап, коргоп тургандыктан химиялык, биологиялык же агротехникалык өзгөчө ыкмаларды колдонуу керек болот.

Комсток курту - өсүмдүктө кантты пайда кылат. Кант - илдет пайда кылуунун негизги себепкери болот. Андан соң айыл чарбадагы илдеттер пайда боло баштайт.

Комсток курту

Сүрөттүн булагы, tver.bezformata.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Комсток курту

Кивиден табылды делген тыт калканчасы комсток куртуна окшошураак. Зыянкечтин бул түрү Кыргызстанда көп таркаган. Калканча өсүмдүктүн ичинен жеп курутат, натыйжада мөмөсү начар болот.

Бул зыянкеч жаздын аягында көбөйөт. Ал калканча менен капталып калгандыктан, химиялык каражаттар жардам бербейт. Себеби, ошол калканча коргоп турат.

Ошондуктан дыйкандар муну менен көбүнчө агротехниканын ыкмалары аркылуу күрөшөт. Көбүн эсе агрономдор самын менен өсүмдүк майын колдонуп, куртту жоготууга аракет кылышат.

Тыт калканчасы

Сүрөттүн булагы, OREN-REFCENTR.RU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тыт калканчасы

Эки зыянкеч тең өсүмдүктөрдүн ичине кирип кетпейт.

“Экөө тең өсүмдүктүн мөмөсүнүн сыртына же бутагына жабышып, ширени сорот. Өсүмдүктүн азыктануусу начарлап, фотосинтез азайып, ширелердин жүрүүсү басаңдайт. Ошону менен өсүмдүк өспөйт”, - дейт айыл чарба адиси Жанара Бакирова.

Иран менен Кыргызстандын соода алакасы

Президент Садыр Жапаров Иранга расмий сапары менен барган учуру. 7-февраль, 2023-жыл

Сүрөттүн булагы, PREZIDENT.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаровдун Иранга расмий сапары менен барган учуру. 7-февраль, 2023-жыл

2023-жылы Кыргызстан Иранга 19 миң тоннадан ашык түрдүү айыл чарба продукцияларын жөнөткөн. Көбүн эсе буурчак, грек жаңгагы, кургатылган мөмө-жемиштер, сарымсак жана пахта экспорттолгон.

Ал эми Ирандан жер-жемиштер, дан эгиндери, токой чарба, курулуш материалдары, көчөттөр, кагаз коробкалар импорттолот.

Иран 2018-жылы ЕАЭБдин эркин соода зонасына кирген. Буга ылайык, Кыргызстан жана бажы бириминдеги башка өлкөлөр менен соода алакасы жеңилдеген.

Саясат таануучу, регионалдык коопсуздук боюнча эксперт Марс Сариев

Сүрөттүн булагы, MEDIA.AZ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясат таануучу, регионалдык коопсуздук боюнча эксперт Марс Сариев

“Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Иранга лоялдуу мамиле кылган Кыргызстан болуп эсептелет. Ошондуктан алар өзүн ыңгайлуу сезип, экономикалык байланыштарды күчөтүүгө аракет кылышат. Азыр Бендер-Аббас портунун жанында Кыргызстан үчүн бөлүнгөн жер үлүш бар. Буга ылайык, биздин өлкө дагы деңиз портуна чыгууга инвестор издеп, тийиштүү чара көрүп жатат деп ойлойм. Азыр Кызыл деңизде абал оор болуп турат. Ошол себептен деңиз байланыштары боюнча Иран келечектүү багыт болуп эсептелет”, - дейт Марс Сариев.

Иран Кыргызстанга күйүүчү май экспорттоого кызыкдар. Бирок, бул жаатта Орусия башкы орунда тургандыктан, азырынча Ирандын рынокко кирүүсү кыйынга турчудай.

Бул Ирандан келген жемиштерден карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган, азырынча ачыкка чыккан алгачкы маалымат.

Окуядан кийин Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Ирандагы өсүмдүктөрдүн карантин жаатындагы ыйгарым укуктуу органына фитосанитардык талаптардын бузулушу жөнүндө билдирүү даярдап, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жибергени маалымдалды.