"Фундаменталдуу укуктарга каршы". Бейөкмөт уюмдардын күйүтү жана үмүтү

Дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун эркиндигин баалоочу CIVICUS Monitor платформасы жарыялаган глобалдык отчётто Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген жети өлкөнүн катарына кирди.

Сүрөттүн булагы, CIVICUS MONITOR

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун эркиндигин баалоочу CIVICUS Monitor платформасы жарыялаган глобалдык отчётто Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген жети өлкөнүн катарына кирди.

Кыргызстанда чет элден каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдар эми жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча "чет элдик өкүл" деген атка конуп, каяктан акча алганын, канча алганын ийне-жибине чейин мамлекеттик органдарга отчет кылып турууга тийиш. Эми мамлекеттик органдар жаңы мыйзамга таянып, бөрк ал десе баш алып баштабайбы, жакшы жүрүп жаткан иштерге зыяны тийбейби деген санаа жарандык уюмдарда күчөп турган убак.

Президент кол коюп бекиткен “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга толуктоолор кирген мыйзамда мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынын каржылык жана чарбалык ишмердигин текшере тургандыгы каралган.

Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчёт берүүгө милдеттендирилет. Мыйзам бузган уюмдар жабылышы же штрафка жыгылышы мүмкүн.

Президент мыйзамга кол койгондон кийин "мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт",-деп билдиргенине карабастан, көптөгөн бейөкмөт уюмдары бийлик мыйзамга жамынып, репрессиялык чараларды күчөтөт деп кооптонууда.

Эми мурда-кийин сырттан каржылык колдоо алган же кандайдыр бир жагынан кызматташып келген бейөкмөт уюмдар жаңы мыйзамдын укуругуна илинеби же илинбейби, алда кандай күн болот деп эки жакка кулак салып, ар кандай ой жоруп турган убагы. Ал эми кээ бири мындай өзгөрүүлөргө мурдатан эле даярданып, каттоосу менен документтерин өзгөртүп алышты.

"Буларда тизме бар"

Бишкекте 2003-жылы АКШнын мамлекеттик департаментинин колдоосу астында ачылып, басмакана кызматын көрсөтүп иштеп келаткан фонд жаңы жылдын алдында жабылууга аргасыз болду. Анын ордуна жоопкерчилиги жектелген коом болуп кайра каттоодон өтүп, бизнес субъектиси катары иштей баштады.

Фонддун жетекчиси Би-Би-Сиге бейөкмөт уюмдарды кыса турган мыйзам үчүнчү окуудан өткөндө эле фонддун ишин жыйыштырып баштаганын билдирди.

"Бизди баары бир жабат болчу. Буларда тизме бар турбайбы",-деди директор.

Биз директордун атын анын өтүнүчү боюнча ачыктабайбыз.

Анын айтымында, сырттагы уюмдар менен каржылык же кандайдыр бир байланышы бар фонддордун баарын эсепке алып, текшерүүлөр башталганына көп болду.

"Бизди салыкчылар келип текшерип жатканына бир ай эмес, бир жылга жакындап калды. Эчтеке табышкан жок. Бул эмне болгон текшерүү. Убагында каттоодон өтүп, отчетубузду берип, салыгыбызды төлөп келатабыз. Эмнеден жаздык? Булар коррупция издеп жатышат".

Президенттин жарлыгы менен чакан жана орто бизнес субъектилерине текшерүүгө мораторий жарыяланган. Демек, ЖЧК болуп кайра түзүлгөн басмаканага да эч кандай текшерүүлөр болбошу керек.

Бирок ишкананын башчысы бул саясатка да ишенбей турганын айтты.

"Эми УКМК, Генпрокуратурадан келип текшербесе болду. Жиберишет, көрөбүз го".

"Конституцияга каршы"

Төлөйкан Исмаилова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төлөйкан Исмаилова эми Конституциялык сотко арызданган жатат

Бишкектеги «Бир Дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмеси элге кеңири таанымал бейөкмөт уюм. Ал 1998-жылдан бери иштеп келатат, мурдагы "Жарандар коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин ишин улантуучу.

БДК аялдар жана жаштар, эмгек мигранттары, аялдар жана балдар арасында жыныстык зордук-зомбулуктун курмандыктары, мыйзам менен чыр-чатактагы балдар, улуттук азчылыктар жана алардын сот адилеттиги, кыйноолордун жана катаал мамилелердин курмандыктары, ошондой эле, экстремизмге айыпталгандарга укуктук жардам көрсөтүп келатат.

БДКнын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга жаңы толуктоолор репрессиялык максатты көздөйт деп сындап чыгып, аны кабыл албоого чакырып келди.

Президент кол койгон мыйзамды эми Конституциялык сотко бергени жатканын билдирди.

"Бул мыйзам Конституцияга кайчы келет, андагы кепилденген фундаменталдык укуктарды тебелейт",-деди Төлөйкан Исмаилова Би-Би-Сиге.

Жарандык активисттин айтымында, мамлекеттик органдардын көзөмөлү менен текшерүүлөрү бейөкмөт уюмдардын ишине олуттуу тоскоолдук алып келет. Ал эми аралык финансы институттарынын мандаты өзгөрөт, алар ишин жыйыштырганга туура келет.

"Мамлекеттик эмес уюмдар корккон жок, керек болсо келип офиске жатып алышсын. Канча акча каякка кетип жатат, керек болсо үйрөтөбүз менеджментке. Биз жылда эгемендүү аудитти өткөрөбүз. УКМК, салык кызматы келсе, кайра үйрөтөбүз".

"Биз даярбыз"

"Пикир" регионалдык эксперттер борбору Москвадагы Горчаков фондунан жаңы эле гранттык колдоо алды

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Пикир" регионалдык эксперттер борбору Москвадагы Горчаков фондунан жаңы эле гранттык колдоо алды

Бир эле убакта бейөкмөт уюмдардын баары эле жаңы мыйзамдан чочулап жатат деп айтууга да болбойт. Кээ бир уюмдар эч кыжаалат болбойт эле, мурдагыдай эле ишти уланта беришерин, ачык-айкын иштеп жаткандыктан эч кандай текшерүүлөрдөн коркпой турганын айтууда.

Биз Россия менен алака-катыш багытында иштеген бейөкмөт уюмдардын айрымдарына суроо салып көрдүк.

Саясий жана тармактык эксперттер менен иштеп келген "Ой-ордо" борборунун башчысы Игорь Шестаков жаңы мыйзам боюнча ага эч ким тийишпейт деген ойдо турат.

"Анткени менин донорлорум сыртта эмес, өлкөнүн ичинде да",-деди Игорь.

Ал эми ушундай эле түрдөгү ишмердикти жүргүзүп келаткан "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун өкүлдөрү чет элдик агенттердин тизмесине болорун бөркүндөй көрүшөт. Анткени алар жакында эле Россиядагы Горбачев фонддон иш чара өткөрүүгө кезектеги каражатты алды.

"Бул бизге да тийиштүү экенин билебиз, ошондуктан даярданып, документтерди даярдап жатабыз. Биздин бухгалтер отчетторду кароодо",-деди фонддун жетекчиси Оксана Филюк Би-Би-Сиге.

"Биз биринчи жолу грант алып жаткан жокпуз. Көп иш чараларды өткөрдүк. Ачык-айкын иштеп келатабыз. Билим берүү багытында тегерек столдорду, семинарларды өткөрөбүз. Аткарган иштерибиздин баарынын отчету бар, баары ачык-айкын".

Ошол эле убакта Оксана коомчулукту кыжаалат кылып аткан мыйзам менен толук тааныша элек, ошондуктан жаңы эрежелердин анын ишине кандай таасири болорун азыр так айта албайт.

"Эң башкысы оюндун эрежесин так билүү керек, бул абдан маанилүү",-дейт Оксана.

"Биздин ички ишибизге кийлигишпегиле".

Блинкен менен Жапаров

Февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Бликендин президент Садыр Жапаровго кат жиберип, Кыргызстанда "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбооруна тынчсызданып жатканын жазган.

"Сиздердин активдүү жарандык коом көптөн бери аймактагы эң күчтүү жана Кыргызстандагы демократиянын негизги бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу мен сизге Кыргыз парламентинде каралып жаткан аталган мыйзам долбоору боюнча өз тынчсыздануумду билдирүү үчүн кат жазып жатам. Эгер ал кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарга оор жарандык жана кылмыш жазалары каралат. Өлкөдөгү демократиянын күчтүү жана негизги аспектиси болгон активдүү жарандык коом коркунучка кептелет", - деп айтылат катта.

Блинкен аталган мыйзам долбоору АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен бейөкмөт уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу тармактар боюнча маанилүү программаларга коркунуч жаратып жатканын баса белгилеген.

Кыргыз прездиденти АКШнын мамкатчысына жоо иретинде узун кат жазып, эгемен мамлекет сырттан каржылык колдоо алып жаткан ЖМКлар менен бейөкмөт уюмдарынын ишин көзөмөлгө алып жатканын белгилеп, АКШны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган эле.

Садыр Жапаров АКШнын мамкатчысынын Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу объективдүү маалыматы жок экенин белгилеп, чет элден каржылык колдоо алган айрым бейөкмөт уюмдар жана алардын өкүлдөрү эл ичинде жалган маалымат таратып, ошонун айынан соттошуулар болуп жатканын билдирген.

Ошол себептүү кыргыз мамлекети бейөкмөт уюмдарга акча каяктан, кандай жана кайсы максаттарга жумшаларын көзөмөлдөгөнү жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын маанисине токтолгон.

"Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар.

Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат",-деген эле президент.

Президент Кыргызстан карап жаткан мыйзамдын духу АКШда 1939-жылы кабыл алынган "Чет элдик агенттерди каттоо" мыйзамынын концепциясына үндөш экенин белгилеп, "эмне үчүн силерге болот, бизге болбойт" деп суроо койгон.

Садыр Жапаров АКШнын тышкы саясатынын башчысын Кыргызстанга келип кырдаалды өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырып, катын "Менин бир эле өтүнүчүм - биздин өлкөнүн ички ишине кийлигишпегиле" деп аяктаган болчу. (КС)