АКШда мектепте ок чыгарган өспүрүмдүн ата-энеси 10 жылга кесилди

Женифер менен Джеймс Крамбли сот өкүмүн угузарда гана көрүштү, алар бөлөк-бөлөк соттошту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Женифер менен Джеймс Крамбли бири-бирин сот өкүмүн угузарда гана көрүштү, аларды бөлөк-бөлөк соттошту

АКШнын Мичиган штатынын соту мектепте ок чыгарып, төрт окуучунун өмүрүн кыйган өспүрүм Итан Крамблинин ата-энесин 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратты. Андан мурда сот аларды атайы ниет көздөбөй туруп адам өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Джеймс менен Женнифер Крамбли АКШда психикалык саламаттыгы начар уулун кылмыштуу аракеттен убагында токтотпогону үчүн соттолгон биринчи ата-эне болуп калды.

Экөө тең уулунун аракеттерине өкүнүштү. Бирок, Карен Макдональд, сот процесстеринин башкы айыптоочусу, киши өлтүргөн өспүрүмдүн ата-энеси эч кандай тобо кылбаганына "капа" экенин айтты.

"Алардын кечирим сураганы табигый нерсе жана биз алардын кечирим сураганына каршы эмеспиз... бирок бул кылмыштын курмандыктары үчүн маанилүү нерсе эмес... эң негизгиси алар тобо кылышы керек эле, бул күнөөсүн моюнга алуу жана кандайдыр бир ниетин көрсөтүү же тобо кылуу. Бирок андай болгон жок", - деди ал өкүм жарыялангандан кийин журналисттерге.

Судья Шерил Мэтьюз узак мөөнөткө эркинен ажыратуу ата-эненин уулун кылмыштан токтото албагандыгына же аны каалабагандыгына байланыштуу болду деп билдирди.

"Алар [ата-энелер] экстрасенс болбошу керек. Бирок бул өкүм баланын жаман тарбиясы менен байланыштуу эмес. Алар күүлөнгөн поездди токтото турган иш- аракеттерди көргөн эмес, - деди ал сотко. — Андай мүмкүнчүлүк аларда бир нече жолу болгон, жаман окуянын белгилери кайра-кайра болгон, алар көңүл бурган эмес".

Итан Крамбли мөөнөтүнөн мурда бошонууга укугу жок деген шарт менен өмүр бою эркинен ажыратылды, Дженнифер жана Джеймс Крамбли 10 жылдан 15 жылга чейин түрмөдө отурат.

10 жылдан кийин Крамблилер шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө арыз бере алат. Эгер алар четке кагылса, анда 15 жылдан кийин кутулуп чыгышат.

Соттук териштирүүлөрдө прокурорлор Крамблилер уулунун психикалык саламаттыгы бузулуп жатканын көрсөткөн белгилерге убагында көңүл бурбай келишкени, атүгүл ага жарым автоматтык тапанча сатып беришкени айтылды. Итан Крамбли 2021-жылы 15 жашында ошол тапанчаны мектептен колдонуп ок чыгарып, төрт окуучуну өлтүрүп, дагы жетөөнү жарадар кылды.

Бул кылмышы үчүн ал мөөнөтүнөн мурда бошотуу укугу жок өмүр бою эркинен ажыратылды.

Итан Крамбли мөөнөтүнөн мурда бошоп чыкпай тургандай болуп өмүр бою эркинен ажыратылды, ал эми Женифер менен Джеймс Крамбли түрмөдө он жылдан он беш жылга чейин отурат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Итан Крамбли мөөнөтүнөн мурда бошоп чыкпай тургандай болуп өмүр бою эркинен ажыратылды, ал эми Женифер менен Джеймс Крамбли түрмөдө он жылдан он беш жылга чейин отурат.

Өкүм чыгарардан мурун, каза тапкан окуучулардын ата-энелери сотто Итан Крамблинин көзөмөлсүз жүрүш-турушу жана анын ата-энесинин аракетсиздиги кандай кесепеттерге алып келгенин эмоционалдуу айтып беришти.

Этондон колуна нажал тапкан чырактай кыздардын бири 17 жаштагы Мэдисон Болдуиндин апасы Николь Босолей Женнифер менен Джеймске түздөн-түз кайрылып: "силер уулуңузга тапанча сатып берип, аны жабык кармабай ээн-эркин кое бергениңерде, мен болсо кызыма мектепте эссе жазууга жардам берип жүрдүм",- деди Николь көзүнө жаш алып. "Сиз балдарды тарбиялоо маанилүү иш эмес деп чечтиңиз, ошондуктан мен кызымдан айрылдым".

Этан аткан октон каза болгон 17 жаштагы экинчи кыз Джастин Шиллингдин апасы Джилл Соав дагы сотто чыгып сүйлөдү. Ал башынан өткөргөн "террор жана травманы сөз менен айтып жеткире алгыс азап" деп белгиледи.

Сот учурунда ал Джеймс менен Дженниферге тике карап, аларды кааласа "трагедияны" токтотуп калышмак, бирок алар "эч аракет кылбады"деп айыптады.

"Эгер силер кичине эле бир аракет кылганыңарда, баары башкача болмок",- деди ал.

Прокурорлор Итандын атасы менен энесин уулунун психикалык саламаттыгы күчөп баратканын көрсөткөн эскертүү белгилерин этибарга албагандыгы жана шалаакылыгы үчүн айыпташты. Анткени алар баласына ок атуучу курал сатып берип гана тим болуп, бирок аны коопсуз сактоону ойлошкон да эмес.

Прокурордун катаал өкүм чыгаруу тууралуу сунушу төрт окуучунун өлүмү ар бири өзүнчө кылмыш катары каралгандыгында.

Өкүм чыгарардан мурун, прокуратуранын өкүлү Джеймс түрмөдөн келген телефон чалуунун стенограммасын окуп берди. Анда башкы прокурорду сөгүп, коркутуп-үркүткөн сөздөр толтура.

Буга анын адвокаттары алар коргоп аткан адамдын эмоциясы сыртка чыгып, ошондуктан "ачууланган" жана "сыйлабаган" сөздөр болгонун айтышты.

Судья Шерил Метьюз каза тапкан балдардын ата-энелеринин сөзүн угууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Судья Шерил Мэтьюз каза тапкан балдардын ата-энелеринин сөзүн угууда

Кийинчерээк Итандын атасы болгон окуяга өкүнгөнүн жана ой-тилеги башкача болгонун баса белгиледи.

"Мен анын эмне болуп жатканын же эмне болорун аябай эле билгим келген, мен чынында такыр башкача кылмакмын" деди ал.

Дженнифер Крамбли да өкүнүчүн билдирди:" бүгүн мен сизден кечирим сурабайм, анткени кечирим мүмкүн эмес экенин билем, бирок сизге залака келтиргеним үчүн чын жүрөктөн өкүнөм",- деди ал сотто.

Итандын ата-энеси баласы камалгандан кийин качып кетип жашынып жүргөн Детройттон кармалды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Итандын ата-энеси баласы камалгандан кийин качып кетип жашынып жүргөн Детройттон кармалды.

Прокурорлор келтирген фактыларга карабастан, Джеймс Крамблинин адвокаты Мариэлл Леман Итандын атасы уулунун пландары жөнүндө билгенине эч кандай далил жок деди.

Адвокаттар ошондой эле бул иш боюнча эч кандай юридикалык прецедент жок экенин жана баласынын кылмышы үчүн ата-энени өзүнчө жоопкерчиликке тартуу туура эмес экенин айтышты.

Бирок прокурор да, сот да алар менен макул болгон жок.

Атышуу болордун алдында Итандын ата-энеси мектепке чакырылган экен. Мугалимдер алардын уулунун коопттуу жүрүмүн талкуулагысы келген. Бирок алар жумушту шылтоолоп барбай коюп, уулун кайра мектепке жөнөтүшкөн.

Мугалимдер болсо анын тапанча салынган рюкзагын текшеришкен эмес.

Өткөн жылы жарыяланган көз карандысыз иликтөө мектепте көптөгөн мыйзам бузууларды, анын ичинде Итанды класска кайтарууга уруксат берүү да туура эмес болгонун аныктады.

Райондун билим берүү органдары учурдагы эрежелерди карап чыгууга жана аларды жакшыртууга убада беришти. (КС)