Тяньаньмэнь аянтындагы кандуу окуяларга 35 жыл - сүрөт баян

Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1989-жылы 15-апрелде миллиондон ашык студент жана жумушчулар Пекиндеги Тяньаньмень аянтына топтолуп, коммунисттик Кытайга каршы эң ири саясий каршылык акциясы башталган. Бул нааразылык бир жарым айга созулуп, акыры 3-июнда кан төгүлүп, ырайымсыздык менен басылган.

35 жыл мурда Тяньаньмэнь аянтындагы студенттердин нааразылык акциясы күч менен басылган.

1989-жылдын апрелинде демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган жүз миңдеген киши Тяньаньмэнь аянтын ээлеп алган. Ошону менен коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң масштабдуу каршылык жүрүшү башталып, 15-апрелден 4-июнга чейин уланат.

3-июнда кечке жуук аянтты көздөй танкалар жылып келди. Куралсыз демонстранттарга каршы аскерлер ок чыгарган. Аянтта кан төгүлдү. Бирок кийин бийлик бир гана киши каза тапты деп билдирген эле. Чынында бир нече миң киши каза тапканы тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт.

Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каршылык акциялары башталганда аянтта чатыр лагери пайда болгон
Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тяньаньмен аянтында топтолгон элдин саны улам өсүп жатты, башка шаарларда да аларды колдогон митингдер башталган
Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тяньаньмэнь аянтына чогулган студенттер, жумушчулар жана кызматкерлер эркиндик жана демократия жөнундө ураандарды кыйкырып, диктатураны жок кылууну талап кылышкан.
Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КПКнын башкы катчысы Чжао Цзыян аянтка келип, чогулгандарды акыркы жолу мунасага чакырган учуру
Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 20-майда Пекиндин бир нече районунда коменданттык саат кирген. Шаардын борборуна аскер келе баштаган.
Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскерлерге шаардыктарга ок атпоо жөнүндө буйрук берилген. Көчөлөрдө баррикадалар курулган.
Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кийинки апталарда аянтта демонстрациялар улана берген, бирок бийлик өкүлдөрүнөн эч ким болгон эмес.
Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскерлер Пекиндин борборун курчоого алышкан. Шаардыктар көчөлөргө толуп, аларды өткөрбөй коюуга аракет кылышкан.
Кытай Тяньаньмен окуясы

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 5-июнга карай армия Пекинди толугу менен көзөмөлгө алган, бирок Тяньанмень аянтындагы студенттер таркаган эмес. Аянтты көздөй бараткан танканын колоннасынын алдынан тосуп чыккан бул адамдын тагдыры белгисиз. (КС)