"Бөрк ал десе, баш алмай". Өз аброюн өзү кетирген милиция

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Акыркы бир аптадан бери Кочкор-Ата базарындагы окуя көңүл чордонунда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акыркы бир аптадан бери Кочкор-Ата базарындагы окуя көңүл чордонунда

Жалал-Абад облустук ИИБ жетекчиси Жеңиш Абитов "Милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирди" деп кызматтан алынганына бир күн боло электе эле кайрадан Бишкектин Свердлов райондук милициясына башчы болуп дайындалды.

Кочкор-Атада атайын бөлүктүн кызматкерлери бейбаштыкка шектүү адамды кармоо учурунда анын уулу атасына болушуп, беткапчан адамдарды тээп жибергенден кийин ур-токмокко кабылганы тартылган видео коомчулукка тарап, сын-пикир күчөгөндөн кийин, Жалал-Абад Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Абитов менен кошо анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматтан алынышкан. Башка дагы он үч жетекчиге тартип жазасы берилген.

Аймактык милициядагы бул чуулуу окуя боюнча Башкы прокуратура азырынча үн ката элек.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага атайын кайрылуу жолдошкон. Мыйзамга ылайык, мындай кайрылууга эки аптанын ичинде жооп берилет.

Бул окуядан көп өтпөй Ысык-Ата районуна караштуу Ново-Покровка айылында Аламүдүн районунун милиция кызматкери жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды сүзүп кеткени тууралуу маалымат тарады. Маалыматта, милиция сүзүп алган кишиге жардам бербестен кетип калганы жазылган. Ал бир аз убакыттан кийин кайтып келип, сүзүп кеткен кишини жерге көтөрүп чаап, кайра ага кол салганы айтылууда.

Бул окуяны ИИМ азырынча тастыктай элек.

Удаалаш эки окуя тең милиция кызматкерлеринин коомдогу жүрүм-турумуна болгон сын-пикирди күчөттү.

Кочкор-Атадагы окуя

Окуя 27-март күнү Кочкор-Ата базарында болгон. “Пантера” күзөт кызматында иштеген жаран өзүнө алты киши зомбулук көрсөткөндүгү жөнүндө 4-март күнү Жалал-Абад ОИИБге арыз менен кайрылган. Арыз боюнча 1984-жылкы шектүү жаранды базарда кармоо учурунда 17жаштагы уулу атасына болушуп, атайын бөлүктүн кызматкерин тээп жиберген.

Андан соң атайын бөлүктүн кызматкерлери аны ур-токмокко алышкан. Бул учурдун баары видеого түшүп калган. Видеодо баланы беткапчан киши башына кайра-кайра тепкилеп жатканын дагы көрүүгө болот. Андан кийин милиция ата-баланын колун кайрып, алып кеткен.

Көп өтпөй бала бошотулган, учурда жеке ооруканада дарыланып жатат. Биринчи мамлекеттик ооруканага башынын оң жак бөлүгүндө жана көзүндө шишик бар абалда келген. Невропотолог баш-сөөгү рентгенден тартылгандан кийин эч кандай трамванын белгилери байкалбаганын айтышып, ооруканага жатуунун кажети жок деп, чыгарып жиберишкен.

Атасына болушкан он жети жаштагы бала

Сүрөттүн булагы, NURZADA ABDIMURATOVA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атасына болушкан он жети жаштагы бала

“Чыгарабыз, алып чыгып кеткиле деп бизди аябай шаштырышты. Ооруканадан чыккандан кийин деле инимдин башы ооруп, кускусу келип жатты. Абалы жакшы эмес болчу, эми күнүгө тамчылатма дары куйдуруп бир көк ала тактары кетип, бир аз жакшы болуп келе жатат. Боор, бөйрөк жактарына аябай тепки жептир. Эгерде бул окуя видеого түшүп, элге тарап кетпегенде бизге азыркыдай колдоо жардам болмок эмес”, - дейт баланын эжеси Нурзада Абдимуратова.

Бейбаштыкка шектелген жаранга оор кылмышкерди кармагандай барганы көпчүлүктү нааразы кылды. Кармалган жаран 40 жаштагы Сражидин Нишанкулов.

Ал ошол базарда ачкыч жасап, унаа оңдоп иштейт, жети баласы бар. Карындашынын айтымында, ал ай сайын насыяга алган үйүнүн акчасын ошол жерде отуруп таап, төлөйт. Балдарынын эң улуусу 17 жашта.

Сражидин Нишанкулов эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Базар чыры эмнеден башталды?

Бул чырдын түбү базардын эки ээси делген бир тууган Нишанкуловдордун талашына барып такалат.

Нурзада Абдимуратованын айтымында, 40 сотка базар башында анын атасы Абдимурат Нишанкуловго таандык болгон. Кийин анын бир тууган агасы Дилмурат Нишанкулов Орусиядан келип, базардын 20 соткасына ээлик кылган.

“Базардын жарымын алса деле, дагы калганына кызыгып, талашып келе жатат. Түрдүү провокациялык иштерди жасап, баарызбызды каматып, базарга толук ээлик кылгысы келет. Бул ишти деле ошол киши уюштурду деп жатабыз”, - Нурзада Абдимуратова.

Эки бир тууганга бул базардын жери атасынан калган.

Нурзаданын айтымында, “Пантеранын” кызматкери арызданган чырдын башы дагы базар талаштан башталган. 4-март күнү жеке күзөтчүлөр контейнер ээлерин базарга киргизбей тоскондо, соодагерлер каршылык көрсөткөн.

"Пантера" жеке күзөт кызматкерлери Кочкор-Ата базарында. 4-март, 2024-жыл

Сүрөттүн булагы, NURZADA ABDIMURATOVA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Пантера" жеке күзөт кызматкерлери Кочкор-Ата базарында. 4-март, 2024-жыл

Би-Би-Си “Пантеранын” жетекчиси Алтынбек Айтбаев менен байланышканда, ал базарга барышканын тастыктады.

“Ооба, биз болчубуз. Бизге кол салуу болгон. Балдар жараат алган. Башка комментарий бербей эле коёюнчу. Жумушка келсеңиз, сүйлөшөбүз”, - деди Айтбаев.

4-март күнкү тартылып алынган кыска видеодо жеке күзөт кызматынын жашыл түстө кийинген үч кызматкери темир эшикти тосуп турганын көрүүгө болот. Алар менен Нурзада Абдимуратова сүйлөшүп, базар талашты сот карап жатканын айтууда.

Кийинки видеодо күзөтчүлөр менен базардагылар ортосунда талаш-тартыш болуп, бири-бирине кол салып жатат.

Бул окуядан кийин “Пантеранын” кызматкери Жалал-Абад ОИИБге барып, денесине залака келгени тууралуу арыз менен кайрылган.

"Пантера" телефон аркылуу толук маалымат берүүдөн баш тартты

Сүрөттүн булагы, NURZADA ABDIMURATOVA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Пантера" телефон аркылуу толук маалымат берүүдөн баш тартты

Базардын жарымына ээлик кылган Дилмурат Нишанкуловго байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Эгерде ал бул боюнча Би-Би-Сиге комментарий берем десе, микрофон сунууга даяр экенибизди билдире кетели.

Анын “Азаттыкка” берген маегинде базар толук ага караштуу экенин айтып, 4-март күнү жеке күзөтчүлөрдү соодагерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жибергенин билдирген.

“2013-жылы базардагы 40 сотка “Эдем+К” ЖЧКнын жери деп саналат. Жогорку соттон утуп келгенмин. Бизге катталган. Биз канча жолу Ноокен райондук милициясына кайрылганбыз. Алар реакция кылбады”, - деп айткан Дилмурат Нишанкулов.

Шектүүнү кармоо кандай жүрөт?

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармоо дагы сын-пикирди жараткан

Сүрөттүн булагы, UKMK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылдын, 2-июнунда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармоо дагы сын-пикирди жараткан

Акыркы учурда УКМК менен ИИМдин шектүүлөрдү кармоосу аша чаап бара жатат деген пикирлер арбын. Активист, журналист, блогер ж.б. кармоодо беткапчан адамдар таң атпай үйлөрүнө барып же оор кылмышкердей көрсөтүп колун байлап алып келгендери - талкууга жем таштайт.

Ушул сыяктуу көрүнүштөр күн-түн деп иштеген башка милиция кызматкерлеринин эмгегин жокко чыгарып коюда дейт милициянын генералы, генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев.

“Арыз түшүп же телефондон маалымат келгенден кийин шектүүнү кармоого барганда, алгач анын ким экени, кандай адам экени так билинбейт. Бирок, ага атайын бөлүктүн кызматкерлери барабы же жөн кызматкер барбы алдын-ала жетекчилер инструкция өтүшү керек. Ал эми жөн гана бейбаштыкка шектелип жатса, аны милиция барып деле кармап келсе болот. Бирок, ошол эле учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн жанында мылтык же бычак сыяктуу куралдар барбы, жокпу билбейт. Эгерде кармоо учурунда каршылык көрсөтсө, анда атайын бөлүктүн кызматкерлерин жиберсе болот. Бирок, кармоонун эрежелерин дагы билүү керек”, - деди генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев.

"Жөн гана бейбаштыкка шектелип жатса, аны милиция барып деле кармап келсе болот..."

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жөн гана бейбаштыкка шектелип жатса, аны милиция барып деле кармап келсе болот..."

Мыйзамга ылайык, ички иштер органдары - коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралдуу укук органы экени жазылып турат.

Ошол эле учурда кызмат өтөп жаткан маалда кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк талап кылынат.

Адвокат Замир Жоошев эки окуяга тең токтолуп, мыйзам боюнча шектүүгө карата негиз жок күч колдонуу болбошу керек деп белгиледи. Мындай учурда дисциплинардык жоопкерчилик каралат.

“Шектелүүчүлөрдү кармоодо укук коргоо органдарынын кызматкерлери күч колдонууга зарылчылык болгондо колдонсо болот. Мисалы, каршылык көрсөтсө же башка мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаса. Бирок, ошондо деле дубинка, электрошокер жана башка каражаттарды колдонууда чектен чыкпашы керек. Ал эми Ново-Покровка айылында болгон окуя тууралуу айта кетсем, милиция кызматкери камакта экени тууралуу маалымат чыкты. Кылмыш иши козголуп жатканда тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде сот тарабынан убактылуу кызматынан бошотулушу мүмкүн. Тергөөгө тоскоолдук жаратпоо максатында”, - деди адвокат Замир Жоошев.

Эгерде милция кызматкерлери иш учурунда мыйзам бузууга шектелип кармалып, сот тарабынан күнөөсү далилденсе, анда ал кызматынан бошотулат. Андан кийин ички иштер органында иштөөгө болбойт. Бирок, соттон акталып чыкса анда, кайрадан ээлеген кызмат ордуна кайтып келүүгө укуктуу.

Эл ичинде көйгөйлөрдү чечүүдө милиция кызматкерлеринин калыстыгы, сабаттуулу чоң мааниге ээ экени талашсыз.